Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

40-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

30-ЫР: Куткаруучум, Атам, Досум

Жахаба «жүрөгү жаралангандарды айыктырат»

Жахаба «жүрөгү жаралангандарды айыктырат»

«Ал жүрөгү жаралангандарды айыктырат, алардын жараатын таңат» (ЗАБ. 147:3).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Жахаба жан дүйнөсү жаралангандарды алаканына салып, бөпөлөйт. Бул макаладан Жахабанын ошондой кызматчыларынын жараатын кантип таңарын жана биз аларды кантип жубатсак болорун билебиз.

1. Жахаба кызматчыларына кандай сезимдерди туят?

 ЖАХАБА биздин башыбыздан эмнелерди кечирип жатканыбызды көрүп турат. Ал кубанычыбызды да, кайгыбызды да билет (Заб. 37:18). Кабыргабыз кайышып, кыйналып жатканыбызга карабай ага жан-дилибиз менен кызмат кылып жатканыбызды көргөндө анын жүрөгү элжирейт. Ошентип эле тим болбой, бизди сооротуп, жардам бергиси келет.

2. Жахаба жүрөгү жаралангандарга кандай мамиле кылат жана ал бизди кучагына алышы үчүн эмне кылышыбыз керек?

2 Забур 147:3тө Жахабанын жүрөгү жаралангандардын «жараатын таңары» айтылган. Мындан көрүнүп тургандай, Жахаба көкөйүнө так калган кызматчыларына абдан назик мамиле кылат. Ал бизди сооротуп, кучагына алыш үчүн эмне кылсак болот? Бир мисалга токтололу. Кесипкөй доктур жараат алган киши айыгып кетиши үчүн жакшы жардам бере алат. Бирок ал толук айыгышы үчүн доктурдун айтканынын баарын кылышы керек. Анын сыңарындай, Жахаба эмоциялык жактан жабыркагандарга жардам бериш үчүн Сөзүнө кеңештерди жаздырып койгон. Бул макалада ошол кеңештерге жана аларды кантип колдонсок болоруна токтолобуз.

ЖАХАБА БИЗДИ ЖОГОРУ БААЛАЙ ТУРГАНЫНА ЫНАНДЫРАТ

3. Айрымдар эмне үчүн өзүн эч нерсеге татыксыз сезишет?

3 Биз сүйүү өкүм сүрбөгөн, катаал дүйнөдө жашайбыз. Ошондуктан, өкүнүчтүүсү, көптөр кордук көрүп же жылуу сөз укпай чоңоёт. Хелен a деген бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Ата-энем бизге мээримин төккөн эмес. Атам ачуусу чукул киши болчу. Ал бизди күн сайын пайда-батасы жок немелерсиңер деп тилдечү». Балким, силер да, Хелендей болуп, басынтылып, жеме угуп, өзүңөрдү эч кимге кереги жоктой сезип чоңойгондурсуңар. Ошондон улам кимдир бирөөнүн силерди чындап жакшы көрөрүнө ишениш кыйындыр.

4. Забур 34:18ге ылайык, Жахаба бизди эмнеге ынандырат?

4 Башкалар силерге жаман мамиле кылса да, Жахабанын силерди жакшы көрөрүнөн, баалай турганынан шектенбесеңер болот. Ал «жүрөгү жаралангандарга жакын». (Окугула: Забур 34:18.) Эгер кыйналып жүргөн болсоңор, Жахабанын силердин жакшы сапаттарыңарды көрүп, өзүнө жакындатканын унутпагыла (Жкн. 6:44). Ал силерди абдан баалагандыктан жардам бергенге дайыма даяр.

5. Иса башкалар теңине албаган кишилерге кандай мамиле кылган жана биз андан эмнени биле алабыз?

5 Исанын үлгүсүн карап чыксак, Жахабанын кызматчыларына кандай сезимдерди туярын биле алабыз. Иса жерде жүргөндө башкалар теңине албаган кишилерге боору ооруп, аларга жардам берген (Мт. 9:9—12). Мисалы, азаптуу оорусунан кыйналып жүргөн бир аял айыгайын деп Исанын кийимине колун тийгизгенде, ал аны сооротуп, ага ишенгени үчүн мактаган (Мр. 5:25—34). Ооба, Иса Атасынын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган (Жкн. 14:9). Андыктан Жахабанын силерди баалай турганына, жакшы сапаттарыңарды, анын ичинде ишенимиңерди, сүйүүңөрдү көз жаздымында калтырбай турганынан такыр шектенбесеңер болот.

6. Өзүн эч нерсеге татыксыз сезген киши терс сезимдери менен кантип күрөшө алат?

6 Эгер: «Мен эч нерсеге татыксыз кишимин», деген ойлор көлөкөдөй ээрчип алса же маал-маалы менен келип кыйнай берсе, эмне кылсаңар болот? Жахабанын алдында баалуу экениңерге ынандырган аяттарды окуп, ошолор тууралуу ой жүгүрткүлө b (Заб. 94:19). Же болбосо, койгон максатыңарга жете албай калсаңар же башкалардай болуп, көптү кыла албаганыңар үчүн көңүлүңөр чөгүп жатса, өзүңөрдү тебелеп кирбегиле. Жахаба колуңардан келбеген нерсени эч качан күтпөйт (Заб. 103:13, 14). Ал эми зордукталып же кордук көргөн болсоңор, ошол үчүн өзүңөрдү күнөөлөбөгүлө. Силердин кымындай да күнөөңөр жок! Жахаба жабыркагандарды эмес, ошол ишти кылгандарды жоопко тартарын унутпагыла (1 Пет. 3:12). Көп кордук көрүп чоңойгон Сандра: «Мен: „Жахабадан өзүмө сен карагандай караганга жардам берчи“,— деп дайыма тиленем»,— дейт.

7. Башыбыздан өткөндөр кызматта кандайча пайдасы тийиши мүмкүн?

7 Анткен менен Жахаба силерди башкаларга жардам бериш үчүн колдоно алат. Ал силерге кабар айтуу ишинде өзү менен кызматташканга мүмкүнчүлүк берип жатат. Бул кандай гана чоң сыймык! (1 Кор. 3:9). Башыңардан өткөндүктөн силердикиндей жагдайга кабылгандарды жакшыраак түшүнүп, жакшыраак соорото аларыңар шексиз. Аларга жардам бериш үчүн көптү кыла аласыңар. Жогоруда айтылган Хеленди башкалар сооротуп, ага жөлөк-таяк болушкан. Азыр болсо ал башкаларга жардам берет. «Өзүмдү эч кимге пайдам тийбейт деп эсептеп келгем. Бирок Жахаба мени сүйүүсүнө бөлөп, башкаларга пайдам тийгидей кылып койду»,— дейт Хелен. Учурда ал үзгүлтүксүз пионер болуп, кубанып жүрөт.

ЖАХАБА КЕЧИРГЕНИНЕ ИШЕНИШИБИЗДИ КААЛАЙТ

8. Ышая 1:18 аркылуу Жахаба бизди эмнеге ынандырат?

8 Жахабанын айрым кызматчылары чөмүлгөнгө чейин же андан кийин кылып алган туура эмес иштерин эстеп, өзүн жей берет. Бирок Жахаба бизди абдан жакшы көргөндүктөн кун төлөгөнүн эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ал биздин ошол белегин кабыл алышыбызды каалайт. Аны менен болгон мамилебизди c оңдогон соң, ал күнөөлөрүбүздүн баарын өчүрүп саларына ынандырат. (Окугула: Ышая 1:18.) Сүйүүгө толгон асмандагы Атабызга бул үчүн кандай гана ыраазыбыз! Ошол эле учурда ал жакшы иштерибизди эч качан унутпайт (Заб. 103:9, 12; Евр. 6:10).

9. Эмне үчүн мурда кылган туура эмес иштерибизди ойлой бербешибиз керек?

9 Эгер мурда кылган туура эмес иштериңерди ойлоп, жаман болуп жатсаңар, учурда кылып жаткан жана келечекте кыла турган жакшы иштериңерге көңүл топтогонго бүт күчүңөрдү жумшагыла. Элчи Пабылдын мисалына токтололу. Анын мурда Машаяктын жолдоочуларын катуу куугунтуктаганы үчүн өкүнгөн учурлары болгон. Бирок ал Жахабанын аны кечиргенин билген (1 Тим. 1:12—15). Андан кийин да ал кылгандарын эстеп жаман боло бергенби? Жок, анткен эмес. Ал мурда жеткен нерселерин ойлой бербегендей эле, туура эмес иштерин да эстей бербегенге аракет кылган (Флп. 3:4—8, 13—15). Ооба, Пабыл кызматын жалындап аткарып, алдыга умтулган. Пабылдай болуп, силер да өткөндү өзгөртө албайсыңар. Бирок учурдагы жагдай-шартыңарга жараша Жахабаны даңктай аласыңар жана ал убада кылган кереметтүү келечекке көңүл топтой аласыңар.

10. Эгер мурда кылган туура эмес иштериңерден башкалар зыян тарткан болсо, эмне кылсаңар болот?

10 Балким, мурда кылган туура эмес иштериңердин айынан башкалардын жүрөгү жаралангандыр. Андайда эмне кылсаңар болот? Алардан чын жүрөктөн кечирим сурап, жагдайды жакшыртканга колуңардан келишинче аракет кылгыла (2 Кор. 7:11). Силердин айыңардан зыян тартып калгандарга Жахабадан жардам беришин сурагыла. Ал силерге да, аларга да жан дүйнө тынчтыгын берип, чыдаганга күч берет.

11. Жунус пайгамбардан эмнени үйрөнө алабыз? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Катаңардан сабак алгыла жана Жахаба силерге кандай иш тапшырбасын, аткарганга даяр болгула. Жунус пайгамбарды эстесеңер. Ал Кудай буйругандай Нинебиге барбай, тескери жака качып кеткен. Бирок Жахаба аны оңдоп-түзөгөндө, катасынан сабак алган (Жун. 1:1—4, 15—17; 2:7—10). Жахаба Жунуска кол шилтеп салган эмес. Ал ага Нинебиге барганга дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берген. Мунусунда Жунус дароо баш ийген. Эгер ал кетирген катасына эле көңүл топтоп алса, өзүн татыксыз сезип, Жахаба тапшырган ишти аткара албай калмак (Жун. 3:1—3).

Жунус пайгамбар чоң балыктын ичинен аман-эсен чыккандан кийин, Жахаба аны кайрадан Нинебиге сот өкүмүн жарыялоого жиберген (11-абзацты карагыла)


ЖАХАБА БИЗДИ ЫЙЫК РУХУ АРКЫЛУУ СООРОТОТ

12. Башыбызга мүшкүл түшкөндө, Жахаба жүрөгүбүздү кантип тынчтандырат? (Филипиликтер 4:6, 7).

12 Башыбызга кандай гана мүшкүл түшпөсүн, Жахаба ыйык руху аркылуу бизди соорото алат. Рон менен Керолдун айтып бергендери муну тастыктап турат. Алардын 39 жаштагы уулу өз өмүрүн кыйган. «Ага чейин эле үстөккө-босток кыйынчылыктар менен алпурушуп келатканбыз. Бирок бул окуя бизди таптакыр эле мүңкүрөтүп салды. Уйкусуз түндөрүбүздө Жахабадан жалындуу тиленчүбүз. Ошондо, Филипиликтер 4:6, 7де айтылгандай, жүрөгүбүзгө тынчтык орноду»,— дейт алар. (Аяттарды окугула.) Эгер жан дүйнөңөрдү сыздаткан кыйынчылык менен күрөшүп жатсаңар, канчалык көп, канчалык узак тиленгиңер келсе, ошончолук тиленип, жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө (Заб. 86:3; 88:1). Жахабадан кайра-кайра ыйык рух сурагыла. Ал силердин суранычыңарды эч качан четке какпайт (Лука 11:9—13).

13. Ыйык рух Жахабага ишенимдүүлүгүбүздөн жазбай кызмат кыла бергенге кандайча жардам берет? (Эфестиктер 3:16).

13 Чоң сыноодон өткөндөн кийин алдан-күчтөн тайган учурларыңар болду беле? Андайда ыйык рух силерге андан ары да Жахабага ишенимдүү кызмат кыла бергенге көмөк кылат. (Окугула: Эфестиктер 3:16.) Флора деген ишенимдешибиздин кандай кыйынчылыкка туш болгонуна көңүл буралы. Күйөөсү экөө миссионер болуп кызмат кылып жүргөндө, күйөөсү ойноштук кылып, экөө ажырашып кеткен. Ал мындай деп бөлүшөт: «Жолдошумдун чыккынчылык кылганы жөнүндөгү ойлор мени кемирип жеди. Ушул сыноону көтөрүп кетиш үчүн Жахабадан ыйык рух сурап тилендим. Жахаба жараатымды айыктырып, башында зор тоодой көрүнүп жаткан кыйынчылыкты ашып өткөнгө жардам берди». Флора Жахабанын ага көбүрөөк таянганга жардам бергенин, кандай гана кыйынчылык болбосун, аны колдоорун сезген. Андан ары ал: «Забур 119:32деги сөздөр сезимдеримди таамай сүрөттөйт. Ал жерде: „Мен сенин осуяттарыңдын жолунда чуркайм, анткени жүрөгүмдү ачасың“,— деп жазылган»,— деген.

14. Кудай ыйык рухуна толтурушу үчүн, эмне кылышыбыз керек?

14 Жахабадан ыйык рух сураган соң, канткенде ошого ылайык иш кыла аласыңар? Ыйык рухка толтура турган иштерди кылгыла. Андай иштерге жыйналыштарга баруу, жакшы кабар айтуу кирет. Кудайдын Сөзүн күн сайын окуп, акылыңарды Жахабанын ойлоруна толтургула (Флп. 4:8, 9). Ыйык Китепти окуп жатканда Кудайдын байыркы убактагы кызматчылары башынан кандай кыйынчылыктарды өткөргөнүнө көңүл бургула. Жахабанын аларга кантип жардам бергени жөнүндө да ойлонгула. Жогоруда сөз кылынган Сандра башынан далай кыйынчылыктарды өткөргөн. Ал мындай дейт: «Жусуп жөнүндөгү окуя жүрөгүмдү аябай козгойт. Ал кыйынчылыктардын жана адилетсиздиктин айынан Жахаба менен болгон мамилесинин сууп калышына жол берген эмес» (Башт. 39:21—23).

ЖАХАБА БИЗДИ ИШЕНИМДЕШТЕРИБИЗ АРКЫЛУУ СООРОТОТ

15. Жахаба ишенимдештерибиз аркылуу бизди кантип сооротот? (Сүрөттү да карагыла.)

15 Кыйын кезеңде ишенимдештерибиз бизге «жөлөк боло» алат (Кол. 4:11). Жахаба алар аркылуу бизди мээримине бөлөйт. Боордошторубуз кунт коюп угуп же жаныбызда болуп бизди соорото алат. Алар жүрөгүбүздү жылыткан аяттарды айтып бериши же биз менен бирге тилениши мүмкүн d (Рим. 15:4). Кээде алар Жахабанын көз карашын эсибизге салып, айрым нерселерге туура караганга жардам бериши ыктымал. Ишенимдештерибиз иш жүзүндө да көмөк көрсөтүшөт. Мисалы, өзүбүздүн алыбыз келбей калганда тамак алып келип бериши же башка нерселерди кылып бериши этимал.

Өзүңөр ишенген жана рухий жактан жетилген досторуңар силерди сооротуп, жөлөк-таяк боло алат (15-абзацты карагыла)


16. Башкалардын жөлөп-таяшын кааласак, эмне кылышыбыз керек?

16 Башкалардын бизге жөлөк болушун кааласак, алардан жардам сурагандан тартынбашыбыз керек. Кудай кошкон бир туугандарыбыз бизди жакшы көрөт жана жардам бергиси келет (Накыл 17:17). Болгону эле, алар эмнеден улам кыйналып жатканыбызды же эмнеге муктаж болуп жатканыбызды билбеши мүмкүн (Накыл 14:10). Эгер жан дүйнөңөр сыздап жатса, сезимдериңерди өзүңөр ишенген, рухий жактан жетилген досторуңарга айткыла. Силерге кандай жардам керек экенин билдиргиле. Балким, оюңарды эркин айта алган бир же эки аксакалга кайрылаттырсыңар. Айрым карындаштарыбыз жетилген эжелери менен сүйлөшкөндө жеңилдеп каларын байкашкан.

17. Айрымдарга эмне тоскоолдук кылат жана аны кантип жеңсе болот?

17 Башкалардан обочолонбой, ишенимдештериңер менен убакыт өткөргөнгө аракет кылгыла. Жараатыңар айыга элек болгондуктан башкалар менен аралашыш кыйын болушу мүмкүн. Кээде алар силерди туура эмес түшүнүп алышы же туура эмес сөздөрдү айтып, жүрөгүңөрдү оорутуп алышы да ыктымал (Жкп. 3:2). Ошондон улам алардан алыстап кетпегиле. Жахабанын алар аркылуу силерге дем-шык беришине бөгөт койбогула. Депрессиядан кыйналып жүргөн Кевин деген бир аксакал: «Көңүлүм чөккөндө башкалар менен көрүшкүм да, сүйлөшкүм да келбей калат»,— деп бөлүшкөн. Ошентсе да ал ишенимдештери менен убакыт өткөргөнгө күч жумшайт. Мунун аркасында кадимкидей жеңилдеп калат. Эйми болсо мындай дейт: «Башыман өткөн жаман окуялардан улам эч кимге ишенбей калгам. Бирок Жахабаны туурап, ишенимдештеримди жакшы көргөндү жана аларга ишеним артканды үйрөндүм. Ушинткенде Жахаба кубанат, өзүм да бактылуу болом».

ЖАХАБАНЫН КЕЛЕЧЕККЕ БОЛГОН УБАДАЛАРЫ СООРОТОТ

18. Келечекте эмнелерди күтүп жатабыз жана азыр эмне кылышыбыз керек?

18 Жахаба жакында жүрөгүбүздөгү жарааттардын баарын толугу менен айыктырат (Аян 21:3, 4). Ошондо башыбыздан өткөн жаман нерселер «ойго да келбейт» (Ыш. 65:17). Бул макаладан көргөнүбүздөй, Жахаба азыртан эле жарааттарыбызды таңат. Ал бизди сооротушу үчүн жана жардам бериши үчүн көп нерселерди берген. Ошолордон толук пайда алгыла. Анын «силерге кам көрөрүнөн» кымындай да шектенбегиле (1 Пет. 5:7).

7-ЫР: Жахаба — биздин күчүбүз

a Ысымдар өзгөртүлдү.

b « Жахаба сени баалайт» деген кутучаны карагыла.

c Жахаба менен болгон «мамилени оңдош» үчүн күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурап, өкүнгөнүбүздү иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек. Ошондой эле жаман иштерибизди ташташыбыз абзел. Эгер олуттуу күнөө кетирип алсак, жыйналыштын аксакалдарына кайрылганыбыз зарыл (Жкп. 5:14, 15).

d «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралындагы» «Тынчсыздануу, коркуу» жана «Бекемдөө, сооротуу» деген темаларды карагыла.