Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адилеттүүлүккө Жахаба карагандай карайсыңбы?

Адилеттүүлүккө Жахаба карагандай карайсыңбы?

«Жахабанын ысмын жарыя кылам... Ал — ишенимдүү Кудай, эч качан адилетсиздик кылбайт» (МЫЙЗ. 32:3, 4).

ЫРЛАР: 5, 46

1, 2. а) Набот кандай адилетсиздикке кабылган? б) Бул макалада кайсы эки сапатты карап чыгабыз?

МЫНДАЙ жагдайды элестетип көрсөң. Бир кишиге оор кылмыш кылды деген айып тагылып, өлүм жазасына тартылганы жатат. Үйүндөгүлөрү менен достору көргөн көзүнө ишенбей, үрөйү учуп турат, себеби аны жүзү кара күбөлөрдүн жалган жалаасынын негизинде соттоп жатышат. Эч кимге жамандыгы жок ал кишинин жана уулдарынын бөөдө жерден өлүмгө кыйылганына адилеттүүлүктү сүйгөндөрдүн ичи туз куйгандай ачышканы айтпаса да түшүнүктүү. Бул ойдон чыгарылган окуя эмес. Жахабанын Набот деген ишенимдүү кызматчысы так ушул окуяны башынан өткөргөн. Ал Ысрайыл падышасы Ахаптын күндөрүндө жашаган (1 Пад. 21:11—13; 2 Пад. 9:26).

2 Бул макалада Набот жөнүндөгү билдирүүнү карап чыгабыз. Ошондой эле 1-кылымдагы жыйналышта кызмат кылган бир ишенимдүү аксакалдын кандай олуттуу ката кетиргенине токтолобуз. Ыйык Китептеги ал билдирүүлөрдү талкуулоонун аркасында Жахабага окшоп адилеттүү болуу үчүн момундук канчалык зарыл экенин түшүнөбүз. Андан сырткары, жыйналышта адилетсиздикке кабылганда кечиримдүү болуу менен кандайча адилеттүүлүккө карата Жахабаныкындай көз карашта экенибизди көрсөтө аларыбызды билебиз.

АДИЛЕТТҮҮЛҮКТҮН БУРМАЛАНЫШЫ

3, 4. Набот кандай киши болгон жана эмне үчүн жүзүмзарын Ахап падышага сатпай койгон?

3 Ысрайылдыктардын көбү Ахап падышага жана анын кара ниет аялы Изабелге кошулуп жаман жолго түшүп кеткен убакта, Набот Жахабага ишенимдүү кызмат кыла берген. Баалга сыйынган ал адамдар Жахабаны урматтап-сыйлашкан эмес, анын нормаларын да баркка албай калышкан. Ал эми Набот Жахаба менен болгон мамилесин өмүрүнөн артык көргөн.

4 Оку: 1 Падышалар 21:1—3. Ахап падыша Наботко жүзүмзарын сатып аларын же анын ордуна жакшыраак жүзүмзар берерин айтканда, ал болбой койгон. Эмне үчүн? Набот ага: «Ата-бабаларымдан мураска алган жерди кантип бермек элем, Жахаба буга тыюу салбады беле?!» — деп сылык-сыпаа түшүндүргөн. Анын баш тартканынын себеби — Жахабанын ысрайыл элине берген мыйзамында уруунун үлүшүн биротоло сатууга тыюу салынган болчу (Леб. 25:23; Сан. 36:7). Демек, Набот Жахабага баш ийген.

5. Наботтун өлтүрүлүшүнө Изабелдин кандай катыштыгы болгон?

5 Өкүнүчтүүсү, Наботтун баш тартканына ызаланган Ахап падыша менен аялы төбө чачты тик тургузган иштерге барышкан. Жүзүмзарды күйөөсүнө алып бериш үчүн Изабел Наботту кантип каралоонун жолун ойлонуштурган. Натыйжада Набот да, уулдары да өлүм жазасына тартылган. Мындай жеткен адилетсиздикке Жахаба кандай караган?

КУДАЙДЫН АДИЛЕТТҮҮ ӨКҮМҮ

6, 7. Жахаба адилеттикти сүйөрүн кантип көрсөткөн жана бул Наботтун туугандары менен досторун эмне үчүн соороткон?

6 Жахаба Ахапка каршы өкүмүн жарыялаш үчүн дароо Илияс пайгамбарды жиберген. Илияс пайгамбар аны киши өлтүргөнү, уурулук кылганы үчүн айыптаган. Жахаба кандай өкүм чыгарган? Набот менен анын уулдары кабылган өлүм Ахап менен анын аялынын жана уулдарынын башына түшмөк (1 Пад. 21:17—25).

7 Наботтун туугандары менен достору Ахаптын айынан кайгыга батышса да, Жахабанын адилетсиздикти көрүп турганын жана тезинен чара көргөнүн билип, кандайдыр бир деңгээлде сооронушканы күмөнсүз. Бирок көп өтпөй окуянын таптакыр башка нукта өрчүп кеткенинен улам алардын момундугу жана Жахабага канчалык таянары сыналса керек.

8. Жахабанын өкүмүн укканда Ахап эмне кылган жана анын натыйжасы кандай болгон?

8 Жахабанын өкүмүн укканда Ахап падышанын эмне кылганы тууралуу Ыйык Китепте: «Ахап кийимин айрып, таар жамынды. Ал орозо кармап, кайгылуу жүрдү, жатканда да үстүндөгү таары менен жатып жүрдү»,— деп баяндалат. Ал өкүнүп, Кудайдын алдында моюн сунган. Анын натыйжасы кандай болгон? Жахаба Илияс пайгамбарга Ахап жөнүндө: «Ал менин алдымда моюн сунгандыктан, мен каргашаны анын үйүнө ал тирүү кезде жибербейм, анын уулунун убагында жиберем»,— деген (1 Пад. 21:27—29; 2 Пад. 10:10, 11, 17). Ошентип, «жүрөктөрдү... изилдеген» Жахаба ага ырайым кылган (Накыл 17:3).

МОМУНДУК БИЗДИ КАНДАЙЧА САКТАЙТ?

9. Наботтун үйүндөгүлөрү менен досторуна момундук эмне кылууга жардам бермек?

9 Кудайдын Ахапка байланыштуу чыгарган чечими анын жүрөк титиреткен кылмышын билгендерге кандай таасир эткен? Ушундан улам Наботтун үйүндөгүлөрү менен досторунун ишеними сыналса керек. Эгер ошондой болсо, аларга Жахабанын адилетсиздик кылышы мүмкүн эмес экенине ишенип, ага андан ары да берилгендикте кызмат кыла берүүгө момундук сапаты жардам бермек. (Оку: Мыйзам 32:3, 4.) Келечекте Жахаба адил адамдарды тирилткенде, Набот менен уулдары, туугандары анын адилеттүүлүгү канчалык жеткилең экенин көрө алышат (Аюп 14:14, 15; Жкн. 5:28, 29). Момун адам чыныгы Кудайдын ар бир нерсенин «жакшы же жаман экенин териштирип,.. ар бир ишке, ар бир жашыруун нерсеге өкүм чыгарарын» унутпайт (Нас. 12:14). Ооба, өкүм чыгарып жатканда Жахаба биз билбеген нерселердин баарын эске алат. Ушул айтылгандардан көрүнүп тургандай, момундук адилетсиздикке кабылгандарды рухий жактан кыйроого учуроодон сактайт.

10, 11. а) Кандай жагдайларда адилеттүүлүккө болгон көз карашыбыз сыналышы мүмкүн? б) Момундук бизди кандайча сактайт?

10 Аксакалдар сага анча түшүнүксүз болгон же жакпаган чечим чыгарса, эмне кыласың? Алсак, өзүң же жакын кишиң кайсы бир сыймыктуу жоопкерчилигинен айрылып калса, кандай иш-аракет кыласың? Өмүрлүк жарың, уулуң же кызың, же жакын досуң жыйналыштан чыгарылса, бирок сен муну туура көрбөсөңчү? Же күнөө кылган кишиге ырайым кылынганын жаңылыштык деп эсептеп жатсаңчы? Мындай жагдайларда Жахабага жана жыйналыштагы иш-чараларга болгон ишенимибиз сыналышы мүмкүн. Ушундай сыноого кабылганда момундук сени кандайча сактайт? Мунун эки жолун карап көрөлү.

Аксакалдар сага жакпаган чечимди окуганда, эмне кыласың? (10, 11-абзацтарды кара)

11 Биринчиден, момундук бизге иштин чоо-жайын толук биле бербешибиз мүмкүн экенин унутпаганга жардам берет. Биз жагдайды канчалык жакшы билбейли, адамдын жүрөгүндө эмне бар экенин Жахаба гана көрө алат (1 Шем. 16:7). Ушул төгүндөлгүс чындыкты эстен чыгарбасак, момун болобуз, баарын майда-чүйдөсүнө чейин билбей турганыбызды эске алабыз жана оюбузду өзгөртөбүз. Экинчиден, эгер чындап эле адилетсиздикке кабылсак, момундук бизге Жахаба жагдайды оңдой турган убакты чыдамдуулук менен күтүүгө, ага баш ийүүгө түрткү берет. Бир даанышман киши: «Чыныгы Кудайдан корккондордун жакшылык көрөрүн билем... Ал эми ыймансыз киши... жакшылык көрбөйт,.. күндөрүн узарта албайт»,— деп жазган (Нас. 8:12, 13). Ырас, момун болсок, өзүбүздүн да, жагдайга тиешеси бар башка адамдардын да рухий жыргалчылыгын көздөгөн болобуз. (Оку: 1 Петир 5:5.)

ЭЛЧИНИН ЭКИ ЖҮЗДҮҮЛҮК КЫЛЫШЫ

12. Азыр эмнени карап чыгабыз жана эмне үчүн?

12 1-кылымда Кудайдын Сириядагы Антиохияда жашаган кызматчылары момундугу эле эмес, кечирүүгө даярдуулугу да сыналган жагдайга туш болушкан. Анда эмесе, ошол билдирүүнү карап чыгалы. Ал бизге кечиримдүүлүккө карата болгон көз карашыбызды текшерүүгө жана кечиримдүүлүктүн Жахабанын адилеттүүлүккө болгон көз карашына кандай байланышы бар экенин тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.

13, 14. Элчи Петирге кандай сыймыктуу жоопкерчиликтер берилген жана ал кандайча кайраттуулук көрсөткөн?

13 Элчи Петир жыйналыштагы таанымал аксакал болгон. Ал Иса Машаяк менен чогуу кызматташкан жана ага олуттуу жоопкерчиликтер ишенип тапшырылган (Мт. 16:19). Айталы, б.з. 36-жылы ага Корнелий менен анын үйүндөгүлөрүнө жакшы кабарды айтууга мүмкүнчүлүк берилген. Бул өзгөчө окуя болгон, себеби Корнелий башка улуттан болгон жана сүннөткө отургузулган эмес эле. Корнелий менен үйүндөгүлөрүнө ыйык рух түшкөндө, Петир: «Биз сыяктуу эле ыйык рух алган бул адамдардын сууга чөмүлтүлүшүнө ким тыюу сала алат?» — деген (Элч. 10:47).

14 Б.з. 49-жылы Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар чогулуп, Исанын жолдоочусу болгон башка улуттагылар сүннөткө отургузулушу керекпи же жокпу, талкуулашкан. Ал жолугушууда Петир кайраттуулук менен сүйлөп, сүннөткө отургузулбаган башка улуттагыларга да бир нече жыл мурун ыйык рух белеги берилгенин бир туугандардын эсине салган. Анын өз көзү менен көргөн ошол окуяны айтып бергени жетектөөчү кеңешке туура чечим чыгарууга жардам берген (Элч. 15:6—11, 13, 14, 28, 29). Машаяктын жүйүт жолдоочулары да, башка улуттан чыккан жолдоочулары да баарын тайманбастык менен айтып бергени үчүн Петирге ыраазы болушканы күмөнсүз. Рухий жактан жетилген ушундай кишиге ишеним артуу абдан эле оңой болсо керек (Евр. 13:7).

15. Сириядагы Антиохияда жүргөндө Петир кандай ката кетирген? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

15 Б.з. 49-жылы болгон ошол жолугушуудан көп өтпөй, Петир Сириядагы Антиохияга барган. Ал жактан башка улуттагы ишенимдештери менен ээн-эркин пикирлешип жүргөн. Петир билими, тажрыйбасы менен бөлүшкөндүктөн, алардын көп нерсеге үйрөнгөнү шексиз. Бирок күтүлбөгөн жерден Петир ал ишенимдештеринен оолактап, чогуу тамактанбай калганда, алардын канчалык таң калып, канчалык ыза болушканын элестетсең. Жыйналыштагы башка жүйүттөр, атүгүл Барнаба да анын терс таасирине алдырып койгон. Рухий жактан жетилген аксакалдын жыйналыштын бөлүнүп-жарылышына алып бара тургандай иш кылышына эмне себеп болгон? Аксакалдын сөзү же иши катуу тийсе, Петир жөнүндөгү билдирүү тууралуу ой жүгүртүү бизге кандайча жардам берет?

16. Петир кандайча ашкереленген жана кандай суроолор туулат?

16 Оку: Галатиялыктар 2:11—14. Петир адамдардан коркуу сезимине жеңдирип койгон (Накыл 29:25). Жахабанын башка улуттагыларга кандай караарын жакшы билсе да, ал Иерусалимдеги жыйналыштан келген сүннөткө отургузулган жүйүттөрдөн коркуп кеткен. Б.з. 49-жылы болгон жолугушууга катышкан элчи Пабыл Антиохиядан Петирге жолугуп, эки жүздүүлүк кылганы үчүн ашкерелеген (Элч. 15:12; Гал. 2:13). Петир башка улуттагы ишенимдештеринен оолактап, адилетсиз иш кылганда, алар эмне кылышкан? Мүдүрүлүп калышканбы? Кетирген катасынан улам Петир сыймыктуу жоопкерчиликтеринен айрылганбы?

КЕЧИРИМДҮҮ БОЛ

17. Жахабанын кечиримдүүлүгүнүн аркасында Петир кандай пайда алган?

17 Сыягы, Петир элчи Пабылдын кеңешин туура кабыл алган көрүнөт. Ыйык Китепте анын сыймыктуу жоопкерчиликтеринен айрылганы жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Кийинчерээк ал ыйык рухтун жетеги менен эки кат жазган. Ал каттар Ыйык Китепте камтылат. Көңүлгө аларлык нерсе, экинчи катында ал Пабылды «сүйүктүү бир тууганыбыз» деп айткан (2 Пет. 3:15). Петирдин эки жүздүүлүк кылганы башка улуттан болгон бир туугандарга катуу тийсе да, жыйналыштын башчысы болгон Иса Машаяк аны андан ары да колдоно берген (Эф. 1:22). Андыктан жыйналыштагылардын Исаны жана анын Атасын туурап, кечиримдүүлүк көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү болгон. Ал бир туугандардын эч кимиси жеткилеңсиз адамдын айынан мүдүрүлүп калган эмес болуш керек деп ишенсек болот.

18. Кандай учурларда Жахабанын адилеттүүлүгүн чагылдырышыбыз керек болот?

18 1-кылымдагыдай эле, бүгүн да жыйналышта бир да жеткилең аксакал жок, себеби «баарыбыз тең көп жаңылабыз» (Жкп. 3:2). Муну жакшы билсең да, аксакалдын кайсы бир иши же сөзү сага катуу тийгенде, кыйын болушу мүмкүн. Андайда Жахабанын адилеттүүлүгүн чагылдырасыңбы? Мисалы, аксакал сага карата кандайдыр бир бейкалыс пикир айтса, эмне кыласың? Ал ойлонбой сүйлөп, көңүлүңдү оорутуп алсачы? Дароо эле анын аксакал болуп жүргөнүн сындап киргендин ордуна, жыйналыштын башчысы болгон Иса Машаякты чыдамдуулук менен күтөсүңбү? Анын көп жылдан бери ишенимдүү кызмат кылып келатканы жөнүндө ой жүгүртүп, жагдайга кененирээк караганга аракет кыласыңбы? Сага каршы күнөө кылган бир тууган андан ары да аксакал болуп кызмат кыла берсе, атүгүл кошумча сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болсо, аны менен чогуу кубанасыңбы? Кечиримдүү болуу менен Жахабанын адилеттүүлүгүн чагылдыра аласың. (Оку: Матай 6:14, 15.)

19. Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

19 Адилеттүүлүктү сүйгөндөр Жахаба Шайтандын жана анын бузулган дүйнөсүнүн айынан болуп жаткан адилетсиздиктин баарын жер бетинен жок кыла турган күндү чыдамсыздык менен күтүп келишет (Ыш. 65:17). Ал убак келгенге чейин, жагдайды толук билбей турганыбызды момундук менен эске алып, бизге каршы күнөө кылгандарды айкөлдүк менен кечирип, Жахабанын адилеттүүлүгүн чагылдыра берели!