Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ӨМҮР БАЯН

Машаяктын жоокери бойдон калууга чечкиндүүмүн

Машаяктын жоокери бойдон калууга чечкиндүүмүн

Айланама октор жаап жатканда, ак кол аарчыны акырын өйдө көтөрдүм. Аткылап жаткан жоокерлер мага кыйкырып, жашынып жаткан жеримден чыгып келишимди айтышты. Аман калар-калбасымды билбесем да, этияттап аларды көздөй бастым. Анда мындай жагдайга кантип кабылып калганымды айтып берейин.

МЕН 1926-жылы Грециядагы Каритса деген чакан айылда жарык дүйнөгө келгем. Сегиз баланын жетинчисимин. Ата-энем абдан эмгекчил кишилерден болушкан.

Мен төрөлгөндөн бир жыл мурун ата-энем Жон Папаризос деген ынталуу жана сүйлөгөндү жакшы көргөн Ыйык Китеп Изилдөөчү менен таанышыптыр. Жахабанын Күбөлөрү ал кезде ошентип аталышчу. Жондун Ыйык Китептин негизинде айткандарынын жүйөлүү экенине абдан таасирленгендиктен ата-энем айылыбыздагы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн жолугушууларына бара баштаптыр. Апам Жахаба Кудайга аябай ишенчү жана сабатсыз болсо да, ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, билгендерин башкалар менен бөлүшчү. Өкүнүчтүүсү, атам башкалардын ката-кемчиликтерине көңүл топтой берип, убакыттын өтүшү менен жыйналышка барбай калды.

Мен да, бир туугандарым да Ыйык Китепти баалачубуз. Анткен менен кийинчерээк жаштыкка мүнөздүү каалоолорго жетеленип кеттик. Бирок 1939-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш Европаны каптаганда, айылыбызда болгон бир окуя баарыбызды эсибизге келтирди. Бизге кошуна турган жана жакында эле Жахабанын Күбөсү болгон 20 жаштагы тууганым Николас Сарас грек аскерине чакырылды. Ал аскер кызматындагыларга тайманбастык менен: «Мен Машаяктын жоокери болгондуктан согушка катыша албайм»,— деп айткандыктан, аны соттоп, 10 жылга кесип жиберишти. Муну укканда деңдароо боло түштүк.

Бактыга жараша, 1941-жылдын башында шериктеш аскерлер Грецияга кирип келген убакта, Николас түрмөдөн бошотулду. Ал Каритсага кайтып келгенде, Илиас байкем ага Ыйык Китепке байланыштуу суроолорду тим эле жаадырды. Мен аларды кунт коюп угуп отурдум. Ошондон тартып Илиас байкем, мен, эң кичүү карындашыбыз Ефморфиа болуп Ыйык Китепти изилдеп, Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларына калтырбай бара баштадык. Кийинки жылы үчөөбүз тең өмүрүбүздү Жахабага арнап, чөмүлдүк. Ал эми кийинчерээк дагы төрт бир тууганыбыз Жахабанын берилген кызматчыларынан болушту.

1942-жылы Каритсадагы жыйналышта 15тен 25ке чейинки курактагы 9 жаш бир тууган бар болчу. Баарыбыз тең алдыда оор сыноолор күтүп турганын билчүбүз. Андыктан бекемделиш үчүн, кайсы жерге чогулбайлы, Ыйык Китепти изилдеп, рухий ырларды ырдап, тиленчүбүз. Анын аркасында ишенимибиз чыңдалды.

Деметриус достору менен Каритсада

ЖАРАНДЫК СОГУШ

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктап баратканда, грек коммунисттери өкмөткө каршы чыгып, айыгышкан жарандык согуш тутанды. Коммунисттер айыл-кыштактарды кыдырып, тургундарды өздөрүнө кошулууга мажбурлап жатышты. Алар биздин айылга да келип, үч жаш Күбөнү: Антонио Цокаристи, Илиас байкемди, мени туткундап кетишти. Биз Машаяктын жолдоочулары болгондуктан бейтараптуу экенибизди айтып, жалдырасак да, айылыбыздан 12 сааттай алыстыкта жайгашкан Олимп тоосуна жөө айдап жөнөштү.

Көп өтпөй коммунисттердин офицери бизге баскынчылык кылып жүргөн партизандар тобуна кошулууга буйрук берди. Биз Машаяктын чыныгы жолдоочулары жакынына каршы согушуу үчүн колуна курал албай турганын түшүндүрсөк, ал заары бетине чыгып, үчөөбүздү генералдын алдына сүйрөп барды. Ага да көз карашыбызды түшүндүрүп бердик. Ошондо ал: «Анда качырды алгыла да, согуштан жарадар болгондорду ооруканага ташыгыла»,— деп буйрук берди.

Бирок биз: «Өкмөттүн жоокерлери кармап алышсачы? Алар бизди согушка катышып жүргөндөр экен деп ойлоп калышпайбы?» — дедик. Генерал: «Анда согушуп жаткандарга нан жеткиргиле»,— деди. Биз: «Офицер качыр жетелеп баратканыбызды көрүп, курал-жарактарды согуш жүрүп жаткан жерге ташытып койсочу?» — деп айттык. Ал көпкө чейин ойлонуп отуруп, бир убакта жандана түштү да: «Силер кой бакканды билесиңер да! Анда тоодо калып, мал кайтаргыла»,— деди.

Ошентип, тегерегибизде жарандык согуштун оту жалбырттап күйүп жаткан маалда, үчөөбүз таза абийир менен кой кайтарып жүрдүк. Бир жылдан кийин Илиас байкемди, үйдүн улуусу болгондуктан, жесир калган апабызды караганы коё беришти. Антонио ооруп калып, аны да бошотушту. Мен болсо туткунда кала бердим.

Ал ортодо грек аскери коммунисттерге улам жакындай берди. Партизандар мени алып, тоону аралай Албанияны көздөй качып жөнөштү. Чек арага жакындап калганыбызда, грек өкмөтүнүн жоокерлери курчап калды. Козголоңчулар дүрбөлөңгө түшүп, качып жөнөштү. Ал эми мен кулап калган дарактын артына жашынып, сөзүмдүн башында айткандай, жоокерлерге кармалып калдым.

Жоокерлерге мени коммунисттер туткундап алганын айтсам, алар сөзүмдүн чын-төгүнүн текшериш үчүн мени Верияга, Ыйык Китепте айтылган байыркы Бероя шаарына, жакын жайгашкан лагерге алып барышты. Ал жактан жоокерлер үчүн окоп казууну буйрук кылышты. Бирок андан баш тарттым. Ошондо башкы офицер мени жазалоо үчүн жүрөктүн үшүн алган Макронисос (Макрониси) аралына сүргүнгө айдоону буйрук кылды.

ЖҮРӨК ТИТИРЕТКЕН АРАЛ

Эч нерсе өспөгөн, кагыраган, күнгө куйкаланган аска таштуу Макронисос аралы Афиныдан 50 километрдей алыстыкта, Аттика жээгинде жайгашкан. Анын узундугу 13 эле километр, ал эми туурасынын эң жазы жери 500 метр. Анткен менен 1947-жылдан 1958-жылга чейин ал жакка 100 000ден ашуун киши, анын ичинде коммунисттер, коммунист деп шек саналгандар, мурунку каршылык көрсөтүү кыймылынын мүчөлөрү жана көптөгөн ишенимдүү Жахабанын Күбөлөрү сүргүнгө айдалган.

Ал аралга 1949-жылы барганымда, камакта отургандар лагерлерге бөлүштүрүлгөн экен. Мени бир нече жүз киши менен чогуу жакшы корголбогон лагерге бөлүштү. 10 киши батчу чатырда 40тай киши жерде уктачубуз. Жыттанып турган суу ичип, көбүнчө жасмык, баклажан жечүбүз. Дайыма шамал болуп, чаң сапырылып тургандыктан, жашообуз азаптуу болчу. Бирок таштарды жөнү жок эле ары-бери тынымсыз ташыта бербегенине сүйүндүк. Анткени алар көптөгөн байкуш туткундардын ден соолугун талкалап, акылынан айнытыш үчүн ошондой жол менен кыйнаша турган.

Макронисос аралына сүргүнгө айдалган Жахабанын Күбөлөрү менен

Күндөрдүн биринде жээк бойлоп баратып башка лагерлерден болгон бир нече Жахабанын Күбөсүнө жолугуп калдым. Ошондо кубанганыбызды айтпа! Билинип калбаш үчүн аябай этият болуп, мүмкүнчүлүк болгон сайын жолугуп турчубуз. Кыраакылык менен лагердеги башка кишилерге да кабар айтчубуз. Алардын айрымдары кийинчерээк Жахабанын Күбөсү болушту. Ошондой иш-аракеттерди кылганыбыз, чын жүрөктөн тиленип турганыбыз рухий жактан бекем болгонго өбөлгө түздү.

КҮЙҮП ЖАТКАН МЕШКЕ ЫРГЫТЫЛЫШЫМ

10 ай бою «тарбиялашкандан» кийин мени аскер кийимин кийүүгө мажбурлашты. Аны кийүүдөн баш тартканымда, лагердин башчысына сүйрөп барышты. Ага: «Мен Машаяктын гана жоокери болгум келет» — деп айтып, көз карашым жазылган кагазды бердим. Коркутуп-үркүткөндөн кийин ал мени орун басарына, грек православиесинин архиепискобуна, өткөрүп берди. Ал өзүнүн диний кийимин кийип, бүт жасалгаларын тагынып алыптыр. Суроолоруна Ыйык Китептин негизинде тайманбай жооп бергенимде, ал каарданып: «Муну алып кеткиле. Бул жеткен фанат турбайбы!» — деп кыйкырды.

Эртеси эртең менен жоокерлер мага кайрадан аскер кийимин кийүүгө буйрук беришти. Дагы баш тартканымда, муштагылап, колундагы таягы менен катуу сабашты. Анан дарылануучу лагерге алып барып, сөөктөрүмдүн сынган-сынбаганын текшеришти да, чатырыма сүйрөп барышты. Бул эки ай бою күн сайын кайталанды.

Ишенимимден баш тартпай койгонумда, ызырынган жоокерлер жаңы ыкмага өтүштү. Колдорумду артка таңып, ырайымсыздык менен таманыма аркан менен ура башташты. Жаным сыздап жатканда Исанын: «Кордук көрсөңөр, куугунтукталсаңар,.. бактылуусуңар. Кубанып-шаттангыла, анткени асмандагы сыйлыгыңар чоң. Силерге чейинки пайгамбарларды да ушинтип куугунтукташкан»,— деген сөздөрүн эстедим (Мт. 5:11, 12). Түбөлүккө созулгандай сезилген ошол кордуктан улам бир убакта эс-учумду жоготуп коюптурмун.

Ойгонсом — таштай муздак камерада жатыптырмын. Нан да, суу да, жамынгыч да жок экен. Ошентсе да жан дүйнөм тынч болуп турду. Ыйык Китепте убада кылынгандай, Кудайдын тынчтыгы жүрөгүм менен акылымды сактаганын сездим (Флп. 4:7). Кийинки күнү бир боорукер жоокер нан, суу, шинель берди. Дагы бири өзүнүн тамагын берди. Жахабанын мага ушундайча жана башка көптөгөн жолдор менен кам көрүп жатканын сездим.

Акыры, бийликтегилер мени оңолгус козголоңчу деп эсептеп, Афиныдагы аскердик сотко алып барышты. Натыйжада 3 жылга кесилип, Макронисостон чыгышты көздөй 50 чакырымдай ыраакта жайгашкан Йиарос (Ярос) аралындагы түрмөгө жөнөтүлдүм.

«СИЛЕРГЕ ИШЕНСЕК БОЛОТ»

Йиаростогу түрмө кызыл кыштан тургузулган чоң коргон эле. Анда саясий себептер менен камалган 5 000ден ашык киши, ошондой эле бейтараптуулук сактаганы үчүн кесилген жети Жахабанын Күбөсү жатчу. Катуу тыюу салынса да, жетөөбүз Ыйык Китепти изилдөө үчүн эч кимге билинбей чогулуп турчубуз. Атүгүл «Күзөт мунарасынын» жашыруун киргизилген сандарын дайыма алып, изилдөө учурунда колдонуш үчүн колго көчүрүп алчубуз.

Бир жолу жашынып алып изилдеп жатсак, түрмөнүн күзөтчүсү келип калып, адабияттарыбызды тартып алды. Бизди түрмөнүн башчысынын орун басарынын офисине чакыртышты. Биз сөзсүз мөөнөтүбүз узартылат деп ойлогонбуз. Бирок, таң калыштуусу, ал киши: «Биз силердин ким экениңерди билебиз, көз карашыңарды сыйлайбыз. Силерге ишенсек болорун да билебиз. Барып, иштей бергиле»,— деди. Ал тургай, айрымдарыбызды жеңилирээк ишке дайындап койду. Ошондо жүрөгүбүз ыраазычылыкка толуп чыкты. Кынтыксыз бойдон калганыбыздын аркасында атүгүл түрмөдө да Жахабаны даңктай алдык.

Бекем болгонубуз башка да жакшы натыйжаларды берди. Алсак, түрмөдө жаткан математика илиминин профессору өзүбүздү үлгүлүү алып жүргөнүбүздү байкап, ишенген нерселерибиз жөнүндө сурай баштады. Биз 1951-жылдын башында бошотулганыбызда, ал да бошотулду. Кийинчерээк чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болду жана толук убакыт кызмат кылып жүрдү.

ДАГЫ ЭЛЕ ЖООКЕРМИН

Жубайы Жанет менен

Түрмөдөн чыккандан кийин Каритсага үй-бүлөмө кайтып бардым. Кийин көптөгөн мекендештерим менен бирге Австралиядагы Мельбурн шаарына жер которуп кеттик. Ал жактан Жанет деген сонун бир тууган менен тааныштым. Экөөбүз баш кошуп, бир уул, үч кызды чындык жолунда тарбиялап-өстүрдүк.

Азыр 90дон ашып калсам да, аксакал болуп жигердүү кызмат кылып жатам. Мурунку жарааттарыман улам кээде, айрыкча, кабар айтуу кызматына катышып келгенден кийин, дене боюм, буттарым ооруп калат. Бирок мен Машаяктын жоокери бойдон калууга мурдагыдан да чечкиндүүмүн (2 Тим. 2:3).