Окурмандардын суроолору
Кудайдын кызматчысынын башкалардан коргонуш үчүн тапанча же мылтык сыяктуу куралдарды үйүндө сактаганы же алып жүргөнү орундуубу?
Кудайдын кызматчысы коопсуздугуна кам көрүш үчүн кандайдыр бир чараларды көрүшү мүмкүн, бирок ал Ыйык Китептеги принциптердин чегинен чыкпайт. Башкалардан коргонуш үчүн тапанча, мылтык сыяктуу куралдарды колдонуу ал принциптерге каршы келет. Төмөнкүлөрдү карап көрөлү:
Жахабанын көз алдында өмүр, айрыкча, адамдын өмүрү ыйык. Дөөтү Жахабанын «өмүрдүн булагы» экенин айткан (Заб. 36:9). Андыктан Кудайдын кызматчысы өзүн же мүлкүн коргош үчүн кандайдыр бир чара көрүүнү чечсе, адамдын өмүрүн кыйып, канга забын болбош үчүн колунан келгендин баарын кылат (Мыйз. 22:8; Заб. 51:14).
Албетте, адам өзүн коргош үчүн кандай нерсе колдонбосун, ал деле кан төгүүгө алып барышы мүмкүн. Бирок ок чыгаруучу курал менен кимдир бирөөнү атайылап же кокустуктан өлтүрүп алуу оңой *. Анын үстүнө, кол салган киши өзү эле карбаластап турушу ыктымал. Ошол себептен берки тараптын колунда ок атуучу курал бар экенин көрсө, жагдай тез курчуп, кан төгүлүшү ыктымал.
Иса пайгамбар өлүмгө кыйылар түнү шакирттерине кылыч алууну айткан, бирок аны коргонуш үчүн алышы керектигин айткысы келген эмес (Лк. 22:36, 38). Кылыч алгыла деп айтканынын себеби, аларга атүгүл куралданган сүрмө топ менен беттешкенде да зордук-зомбулук кылбашы керектигин үйрөтөйүн деп жаткан (Лк. 22:52). Петир кылыч менен башкы дин кызматчынын кулунун кулагын шылый чапканда, Иса ага: «Кылычыңды кынына сал»,— деп буйрук берген. Анан: «Кылыч көтөргөндөрдүн баары кылычтан өлөт» — деп, маанилүү чындыкты, анын жолдоочулары бүгүнкү күнгө чейин жетектелип келаткан принципти, айткан (Мт. 26:51, 52).
Микей 4:3кө ылайык, Кудайдын кызматчылары «кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат». Кудайдын элин айырмалап турган бул өзгөчөлүк элчи Пабылдын сөздөрүнө шайкеш келет. Ал ыйык рухтун жетеги менен: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле... Мүмкүн болушунча, бардык адамдар менен тынчтыкта болгула»,— деп жазган (Рим. 12:17, 18). Көп кыйынчылыкка, анын ичинде «каракчылар тарабынан... коркунучка» кабылганда да Пабыл ушул сөздөрүнө ылайык жашап, өз коопсуздугун Ыйык Китептеги принциптерден жогору койгон эмес (2 Кор. 11:26). Анын ордуна, Кудайга таянып, анын Сөзүндө камтылган акылмандыкка жетектелген. Ал акылмандык «курал-жарактан... артык» (Нас. 9:18).
Исанын жолдоочусу үчүн өмүр материалдык нерселерден алда канча баалуу. «Колунда болгон мүлкү [адамга] өмүр бере албайт» (Лк. 12:15). Андыктан Кудайдын кызматчысы жылуу-жумшак сүйлөп, куралчан ууруну токтото албаса, Исанын: «Жаман адамга каршылык көрсөтпө»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылганы акылдуулукка жатат. Андайда атүгүл, каймана мааниде айтканда, ички кийимибизди да, сырткы кийимибизди да берүүгө туура келиши мүмкүн (Мт. 5:39, 40; Лк. 6:29) *. Албетте, мунун алдын алгандан өтөрү жок. Колубузда болгон нерселерге мактануудан качсак жана кошуна-колоңдорубузга тынчтыкты сүйгөн Күбөлөр катары белгилүү болсок, ырайымсыз кылмышкерлердин кол салуусуна кабылбашыбыз ыктымал (1 Жкн. 2:16; Накыл 18:10).
Кудайдын кызматчысы башкалардын абийирин сыйлайт (Рим. 14:21). Эгер кайсы бир ишенимдешибиздин башкалардан коргонуш үчүн үйүндө ок атуучу курал сактаганы билинсе, бул айрым бир туугандарды аң-таң кылышы, атүгүл мүдүрүлтүшү мүмкүн. Сүйүү бизге башкалардын кызыкчылыгын өзүбүздүкүнөн жогору коюуга, жадагалса өзүбүздү укуктуу деп эсептеген нерселерден да баш тартууга түрткү берет (1 Кор. 10:32, 33; 13:4, 5).
Кудайдын кызматчысы үлгүлүү болууга умтулат (2 Кор. 4:2; 1 Пет. 5:2, 3). Эгер бир тууган Ыйык Жазманын негизинде кеңеш берилгенден кийин деле башка кишилерден коргонуш үчүн үйүндө курал-жарак сактай берсе, үлгүлүү деп эсептелбейт. Ошондуктан ага жыйналышта жоопкерчиликтер же кайсы бир тапшырмалар берилбейт. Жумушунда талап кылынгандыктан курал-жарак алып жүргөн бир тууган жөнүндө да ушуну айтууга болот. Андыктан анын башка жумуш издегени жакшы! *
Албетте, Кудайдын кызматчысы өзүн, үй-бүлөсүн, мүлкүн кантип коргоорун, ошондой эле кандай жумушта иштээрин өзү чечет. Анткен менен Ыйык Китептеги принциптерде Кудайдын акылмандыгы жана бизге болгон сүйүүсү чагылдырылган. Ал принциптерди баалагандыктан жетилген ишенимдештерибиз башкалардан коргонуш үчүн үйүндө курал сактоону же алып жүрүүнү туура көрүшпөйт. Алар Кудайга толугу менен таянып, Ыйык Китептеги принциптерге кармангандардын дайыма коопсуздукта жашаарын билишет (Заб. 97:10; Накыл 1:33; 2:6, 7).
^ 3-абз. Бир тууган тамак-аш үчүн аңчылык кылуу же жапайы жырткычтардан коргонуу максатында үйүндө мылтык сыяктуу ок атуучу курал кармашы мүмкүн. Бирок колдонулбаган учурда аны дүрмөттөбөй, атүгүл чачып туруп, жакшылап катып коюш керек. Курал кармоо мыйзамсыз болгон, тыюу салынган же чектөөлөр коюлган жерлердеги ишенимдештерибиз ал мыйзамдарга баш иет (Рим. 13:1).
^ 2-абз. Зордуктоодон коргонууга байланыштуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү журналды карагыла: «Ойгонгула!», 1993-ж., 8-апрель, 6—8-б., ор.
^ 4-абз. Курал көтөрүүнү талап кылган жумушта иштөөгө байланыштуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү журналдарды карагыла: «Күзөт мунарасы», 2005-ж., 1-ноябрь, 31-б., ор.; 1984-ж., 1-февраль, 18, 19-б., ор.