Кудай кандай касиет-сапаттарга ээ?
Кимдир бирөөнүн сапаттары жөнүндө көбүрөөк билген сайын, аны жакшыраак таанып-биле беребиз. Натыйжада аны менен болгон достугубуз чыңдала берет. Анын сыңарындай, Жахабанын касиет-сапаттары жөнүндө көбүрөөк билген сайын, анын кандай Кудай экенин жакшыраак түшүнүп, аны менен ого бетер ынак боло беребиз. Кудайдын кереметтүү касиет-сапаттарынын ичинен төртөө: күчү, акылмандыгы, адилеттүүлүгү жана сүйүүсү өзгөчөлөнүп турат.
КУДАЙ КҮЧТҮҮ
«Оо, Эгедер Теңир Жахаба! Сен асман менен жерди зор күчүң... менен жараткансың» (ЖЕРЕМИЯ 32:17).
Кудайдын күчү жараткан нерселеринен айкын көрүнүп турат. Мисалы, жайдын күнү эшикте турганда эмнени сезесиңер? Күндүн ысык табын. Бирок, чынында, Жахабанын күчүнүн таасирин сезген болосуңар. Күн канчалык кубаттуу? Окумуштуулардын айтымында, анын ядросундагы температура болжол менен 15 000 000°Cге жетет. Күн секунда сайын жүз миллиондогон ядролук бомба жарылгандагыга барабар энергия бөлүп чыгарат.
Анткен менен ааламдагы триллиондогон жылдыздардын көбүнө салыштырмалуу Күн кенедей эле болуп калат. Илимпоздордун эсептөөсүнө ылайык, UY Калканы деген абдан зор жылдыздын диаметри Күндүкүнөн 1 700 эседей чоң. Эгер аны Күндүн ордуна коё турган болсо, ал төрт планетаны: Меркурийди, Венераны, Жерди, Марсты бүт жаап, Юпитердин орбитасына чейин жетмек. Бул Жахабанын асман менен жерди, башкача айтканда, ааламды зор күчү менен жаратканы жөнүндө
айткан Жеремиянын сөздөрүн тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.Кудайдын күчүнүн бизге кандай пайдасы бар? Өмүрүбүз Кудай жараткан нерселерден, алсак, күндөн жана жердеги ар кандай кереметтүү жаратылыш байлыктарынан көз каранды. Андан сырткары, Кудай өзүнүн күчүн колдонуп, адамдарга жекече да кам көрүп келет. Кандайча? Мисалы, 1-кылымда ал Иса пайгамбарга кереметтерди жасаганга күч берген. Бул жөнүндө Ыйык Китепте: «Сокурлар кайрадан көрүп, аксактар басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр тирилип... жатат»,— деп жазылган (Матай 11:5). Биздин убак тууралуу эмне айтууга болот? Ыйык Китептен: «Ал чарчаганга күч берет... Жахабага үмүт арткандар кайрадан күчкө толот»,— дегенди окуйбуз (Ышая 40:29, 31). Турмуштагы ар кыл кыйынчылыктарга, сыноолорго туруштук бере алышыбыз үчүн, Кудай бизге «адаттан тышкаркы күч» берет (2 Корунттуктар 4:7). Өзүнүн чексиз күчүн дайыма биздин жыргалчылыгыбыз үчүн колдонгон ушундай Кудай менен дос болгуңар келеби?
КУДАЙ АКЫЛМАН
«Жасаган иштериң кандай көп, оо, Жахаба! Сен баарын акылмандык менен жараткансың» (ЗАБУР 104:24).
Кудай жараткан нерселер тууралуу канчалык көбүрөөк билген сайын, анын акылмандыгына ошончолук таасирлене беребиз. Илимде биомиметика же биомимикрия деп аталган тармак бар. Ал тармакта эмгектенген окумуштуулар жаратылышты изилдешет. Анан анын кайсы бир өзгөчөлүгүн туурап, өздөрү жасап жаткан нерсени жакшыртышат. Ушундай жол менен алар жөнөкөй чапталгычтан тартып аэроплан сыяктуу татаал нерселерди да ойлоп чыгарышкан.
Кудайдын акылмандыгын адам баласынын кандай жаралганынан да айкын көрө алабыз. Мисалга эненин ичиндеги түйүлдүктүн кантип өрчүүрүн карап көрөлү. Өрчүү процесси уруктандырылган бир эле клеткадан башталат. Анда генетикалык зарыл маалыматтардын баары камтылат. Ал клетка өзү сыяктуу көптөгөн клеткаларга бөлүнөт. Клеткалар болсо белгилүү бир убакта жүздөгөн ар кандай клеткаларды, мисалы, кан клеткаларын, нерв клеткаларын, сөөк клеткаларын пайда кыла баштайт. Көп өтпөй органдар өрчүп, иштей баштайт. Ошентип, тогуз эле айдын ичинде баягы баштапкы бир клетка миллиарддаган клеткалардан турган ымыркайга айланат. Жахабанын акылмандыгын чагылдырган ушундай керемет жөнүндө ой жүгүрткөндө көптөр: «Сени даңктайм, анткени мен ары таң каларлык, ары кереметтүү жаратылгам»,— деген сөздөрдүн калетсиздигине кошулушат (Забур 139:14).
Кудайдын акылмандыгынын бизге кандай пайдасы бар? Бактылуу болушубуз үчүн эмне зарыл экенин Жаратканыбыз эң сонун билет. Билими, түшүнүгү чексиз болгондуктан ал өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу даанышман кеңештерди берип келет. Мисалы, Ыйык Китепте: «Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— деп жазылган (Колосалыктар 3:13). Бул кеңеш чындап эле пайдалуубу? Албетте. Изилдөөлөрдөн көрүнгөндөй, кечиримдүү болуу уйкунун жакшырышына шарт түзөт жана кан басымдын жогорулашына бөгөт коёт. Ошондой эле депрессияга жана башка ооруларга чалдыгуу ыктымалдыгын азайтат. Кудай дайыма туура, пайдалуу кеп-кеңешин берип турган акылман, камкор доско окшош (2 Тиметей 3:16, 17). Ушундай досуңар болушун каалайт белеңер?
КУДАЙ АДИЛЕТТҮҮ
«Жахаба адилеттикти сүйөт» (ЗАБУР 37:28).
Кудай ар дайым туура иш кылат. Ыйык Китепте айтылгандай, «Кудай эч качан жамандык кылбайт, Кудурети Күчтүү адилетсиздик кылбайт!» (Аюп 34:10). Анын өкүмдөрүнүн баары адилеттүү. Кудайдын байыркы убактагы бир кызматчысы: «Сен элдерге акыйкат өкүм чыгарасың»,— деген (Забур 67:4). «Жахаба... жүрөктөгүнү көрүп» турат, ошондуктан эки жүздүүлөр аны алдай албайт. Ал иштин чоо-жайын толук билгендиктен дайыма туура өкүм чыгарат (1 Шемуел 16:7). Андан сырткары, жер бетиндеги адилетсиздиктин, ыймансыздыктын баарын көрүп турат. Ошол себептен жакында «ыймансыздар... жер бетинен жок кылынарын» убада кылууда (Накыл сөздөр 2:22).
Бирок Кудай жазалоону эле көздөп турган катаал сот эмес. Ал кандай учурда ырайым кылыш керектигин билет. Ыйык Китепте: «Жахаба кайрымдуу жана ырайымдуу»,— делет. Ал атүгүл ыймансыздарга да, эгер алар чын жүрөктөн өкүнсө, ырайым кылууга даяр. Чыныгы адилеттүүлүк ушундай болушу керек эмеспи? (Забур 103:8; 2 Петир 3:9).
Кудайдын адилеттүүлүгүнүн бизге кандай пайдасы бар? Элчи Петир: «Мен Кудайдын бет карама эмес экенин эми чындап түшүндүм. Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын түшүндүм»,— деген (Элчилер 10:34, 35). Кудай эч качан бет карамалык кылбайт, баарына тегиз карайт. Андыктан улутубузга, билимибизге же коомдогу абалыбызга карабай ар бирибиз ага жага алабыз жана анын кызматчысы боло алабыз.
Кудай анын адилеттүүлүгүн түшүнүп, андан пайда алышыбызды каалагандыктан бизге абийир берген. Ыйык Китепте абийирдин жүрөккө жазылган мыйзамдай экени жана кылган ишибиздин туура же туура эмес экенин «күбөлөндүрүп» турары айтылат (Римдиктер 2:15). Мунун бизге кандай пайдасы бар? Эгер абийирибизди туура үйрөтсөк, ал бизге зыяндуу же жаман иштерден оолак болууга түрткү берип турат. Ал эми ката кетирип алганыбызда, өкүнүп, аны оңдогонго түрткү берет. Ооба, Кудайдын адилеттүүлүгүн түшүнгөнүбүз бизге анын көз алдында туура иш кылууга жана ага жакындоого жардам берет.
КУДАЙ — СҮЙҮҮ
«Кудай — сүйүү» (1 ЖАКАН 4:8).
Жахаба күчүн, акылмандыгын, адилеттүүлүгүн укмуштуудай жолдор менен көрсөтсө да, Ыйык Китептин эч жеринде ал акылмандык, адилеттүүлүк же күч деп айтылбайт. Анда: «Кудай — сүйүү»,— делет. Эмне үчүн? Анткени ал күчүн колдонуп иш-аракет кылат, адилеттиги менен акылмандыгы анын кандай иш кыларына таасир этет. Ал эми сүйүүсү ага иш-аракет кылууга түрткү берет. Ал кандай иш кылбасын, сүйүү менен кылат.
Жахаба эч нерсеге муктаж болбосо да, сүйүүсү ага асмандагы жана жердеги аң-сезимдүү жаратууларына өмүр берүүгө түрткү берген. Алар анын мээримин, камкордугун сезип, кубаныч ала алышат. Сүйүүсүнөн улам Кудай өзү жараткан адамдар үчүн жерди эң сонун үй кылып даярдаган. «Ал күнүн жаманга да, жакшыга да тийгизип, жамгырын адилге да, адил эмеске да жаадырып», бардык адамдарга дагы деле сүйүүсүн көрсөтүп жатат (Матай 5:45).
Андан сырткары, Жахаба «абдан боорукер, кайрымдуу» (Жакып 5:11). Ал аны таанып-билүүгө, аны менен ынак мамиледе болууга чын ниеттен аракет кылып жаткандарга да сүйүү көрсөтөт. Кудай андай адамдардын ар бирине жекече көңүл бурат. Ырас, «ал ар бирибизге жакын» (Элчилер 17:27).
Кудайдын сүйүүсүнүн бизге кандай пайдасы бар? Кылкылдап уясына батып бараткан күндү карап туруудан баарыбыз эле ырахат алабыз. Наристенин күлкүсү кимибизге болбосун кубаныч тартуулайт. Жакын кишибиздин сүйүүсүн ар бирибиз эле баалайбыз. Мындай нерселер өмүрүбүз үчүн аябай эле зарыл болбосо да, жашообузду бир топ жагымдуу кылат.
Кудай бизге сүйүүсүн дагы бир жол менен көрсөткөн, башкача айтканда, ага тиленүү менен кайрылууга мүмкүнчүлүк берген. Ыйык Китепте: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле»,— деп жазылган. Мээримдүү атага окшоп, ал биздин ага жүрөгүбүздөгү ой-сезимдерибиздин баарын айтып, андан жардам издешибизди каалайт. Эгер ошентсек, ал чексиз сүйүүсүнөн улам, өзү убада кылгандай, «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгын» берет (Филипиликтер 4:6, 7).
Жахабанын негизги касиет-сапаттары: күчү, акылмандыгы, адилеттүүлүгү, сүйүүсү жөнүндө ушул макалада кыскача айтылгандар силерге анын кандай Кудай экенин тереңирээк түшүнүүгө жардам бердиби? Кудайды дагы жакшыраак таанып-биле алышыңар үчүн, кийинки макалалардан анын эмнелери кылганы жана келечекте эмнелерди кылары тууралуу да окуп көрүүгө чакырабыз.
КУДАЙ КАНДАЙ КАСИЕТ-САПАТТАРГА ЭЭ? Жахаба баарынан күчтүү, акылман жана адилеттүү. Бирок бизди ага биринчи кезекте сүйүүсү тартып турат