АЛАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА | ДӨӨТҮ
«Бул — Жахабанын согушу»
ТОП жоокер Дөөтүнүн бет алдынан чыгып, майдан талаасынан артты көздөй чегинип баратат. Коркконунан өңдөрү кумсарып, көздөрү алайган. Алардын үрөйүн учурган эмне эле? Баары үндөрү калтырап, бир эле кишинин атын кайра-кайра кайталап жатышат. Ошол өрөөндө баарынын жүрөгүнүн суусун алып титиреткен алп киши турган эле. Дөөдөй болгон андай кишини Дөөтү өмүрү көргөн эмес.
Ал Голиат деген киши болчу. Дөөтү жоокерлердин кайратын качырып, жүрөгүнүн үшүн алган ушул киши экенин түшүнөт. Атүгүл зылдай оор зоотун чечкен күндө да, ал эки кишиден салмактуу болмок болушу керек. Ооба, Голиат мыкты куралданган, душманын эки чайнап, бир жуткан дасыккан жоокер болчу. Ал менменсине бүт ысрайыл кошуунун беттешүүгө чакырып, кара күчүнө чиренип турат. Күрүлдөгөн үнү менен ысрайыл жоокерлерин да, Шабул падышаны да өрөөндү жаңырта мазактоодо. Ал согушту жекеме-жеке кармаш менен эле бүтүрүп коймокчу! (1 Шемуел 17:4—10)
Голиат Ысрайылдын жоокерлеринин да, падышасынын да жүрөгүн майтарып койгон экен. Пелиштиликтердин кошууну менен ысрайылдыктардын кошууну согуш баштабай маңдай-тескей тизилип туруптур, Голиат болсо бир айдан ашык убактан бери күн сайын ысрайылдыктарды келекелеп жатыптыр. Буга Дөөтүнүн зээни кейийт. Ысрайыл падышасы баш болуп бүт жоокерлердин, анын ичинде Дөөтүнүн үч агасынын суу жүрөк болуп калганы кандай гана маскарачылык! Дөөтү бул бутпарастын Ысрайыл аскерин эле эмес, Ысрайылдын Кудайы Жахабаны мазактоого батынганын ойлоп ачууланат. Бирок Дөөтүдөй жаш уландын колунан эмне келет эле? Кудайга бекем ишенген Дөөтүдөн кандай үлгү алсак болот? (1 Шемуел 17:11—14).
«УШУНУ МАЙЛА, АНТКЕНИ МЕН УШУНУ ТАНДАГАМ»
Анда артка сереп салып, ошондон бир нече ай мурун болгон окуядан кеп кылалы. Күн кечтеп бараткан маал. Дөөтү Бетлехемге жакын жердеги тоонун боорунда атасынын коюн кайтарып жүрөт. Ал — кызыл жүздүү, көздөрү жайнаган келишимдүү, эстүү улан. Табияттын кооздугуна шыктанып, мемиреген тынч убакта арфа чертип, Кудайды даңктап ырдайт. Ошонун аркасында чебердиги улам артып барат. Ошондой кечтердин биринде атасы Жышай киши жиберип, аны алдыртат (1 Шемуел 16:12).
Үйүнө барса, атасы бир улгайган киши менен сүйлөшүп отурган болот. Ал Шемуел пайгамбар болчу. Жахаба аны Жышайдын уулдарынын бирин кийинки падыша кылып дайындоого жиберген эле. Шемуел пайгамбар Дөөтүнүн агаларынын баарын көргөн болчу, бирок Жахаба алардын эч кимисин тандабаганын айткан. Дөөтү кирип келгенде, Жахаба Шемуелге: «Ушуну майла, анткени мен ушуну тандагам»,— дейт. Ошентип, Шемуел пайгамбар май куюлган мүйүздү алып, агаларынын көзүнчө Дөөтүнүн башына куят. Ошондон тартып анын жашоосу өзгөрөт. Ыйык Китепте: «Ошол күндөн тартып Дөөтүгө Жахабанын руху таасир эте баштады»,— делет (1 Шемуел 16:1, 5—11, 13).
1 Шемуел 17:34—36; Ышая 31:4).
Дөөтү ошондон кийин падыша болууну эңсеп, текебердене баштады беле? Жок. Ал ошондой чоң жоопкерчиликти аркалай турган убак келгенин Жахаба ыйык руху аркылуу билдиргиче күтүүгө даяр болгон. Дөөтү баштагыдай эле атасынын коюн кайтарып жүрө берген. Койчулук милдет жан аябастыкты да, эр жүрөктүктү да талап кылган. Дөөтү атасынын койлорун эки жолу, биринде арстандан, экинчисинде аюудан сактап калган. Дөөтү жырткычтарды алыстан эле кууп жиберген эмес. Ал өзү кол салып, алар менен кармашкан. Эки жолкусунда тең жапжалгыз эле ач жырткычты өлтүрүп койгон (Арадан убакыт өтүп, аны дагы чакыртышат. Шабул падыша Дөөтү тууралуу угуп калып, өзүнө алдырат. Ошол тапта Шабул падыша Кудайдын буйруктарын аткарбай койгондуктан анын ырайымынан ажырап калган эле. Жахаба андан рухун алып салгандыктан, жаман рух аны көп кыйначу. Ошондой учурда ал ачуулуу, шекчил, каардуу болуп кетчү. Андайда аны бир гана музыка тынчтандырып, көңүлүн көтөрчү. Шабулдун кызматчылары Дөөтүнүн мыкты музыкант жана мыкты жоокер экенин угушат. Ошентип, Дөөтү падышанын музыканты жана курал көтөрүүчүсү болуп кызмат кыла баштайт (1 Шемуел 15:26—29; 16:14—23).
Ишеними күчтүү болгон Дөөтүдөн жаштар көп нерсени үйрөнө алышат. Ал бош убактысын Жахаба менен болгон мамилесин бекемдей турган нерселерге жумшаган. Андан тышкары, кийин кереги тие турган шык-жөндөмдү өрчүткөн. Эң маанилүүсү, ал Жахабанын рухуна жетектелген. Ооба, Дөөтү баарыбызга мыкты үлгү калтырган (Насаатчы 12:1).
«ЭЧ КИМ КОРКПОСУН»
Шабулга кызмат кылып жүргөн маалда Дөөтү кээде атасынын коюн кайтарганы үйүнө барып-келип турчу. Макаланын башында айтылган окуя ошондой учурлардын биринде болгон. Дөөтүнүн атасы аны согушка аттанган үч агасынан кабар алып келгенге жиберген. Дөөтү атасынын айтканы боюнча, тамак-аш көтөрүп алып, Эла өрөөнүнө агаларына келген эле. Ошентип, эң башында баяндалган көрүнүшкө күбө болгон: эки кошуун өрөөндүн эки тарабында — пелиштиликтер бир тоонун боорунда, ысрайылдыктар экинчи тоонун боорунда — турушуптур (1 Шемуел 17:1—3, 15—19).
Дөөтү буга чыдап тура алган эмес: чыныгы Кудайдын аскеринин ушу кишиден, болгондо да, бутпарас кишиден үрөйү учуп корккону кандай? Дөөтү Голиаттын түзмө-түз эле Жахабаны маскаралап жатканын түшүнөт. Ошондуктан жоокерлер менен Голиатка каршы чыгууну сөз кыла баштайт. Бир аздан кийин муну агасы Элиаптын кулагы чалып калат. Ал инисине ачууланып: «Бул жакка салгылашты көргөнү келдиңби?!» — деп урушат. Дөөтү ага: «Мен эмне кылдым? Жөн эле сурап койсо да болбойбу?» — дейт. Анан ого бетер чечкиндүү болуп, Голиат менен беттешүү тууралуу айта баштайт. Акыры, анын сөздөрү Шабулга жетет да, падыша аны чакыртат (1 Шемуел 17:23—31).
Дөөтү Шабулга кайрат берерлик сөздөрдү айтып: «Эч ким коркпосун»,— дейт. Себеби Шабулдун да, кызматчыларынын да жүрөгү мокоп калган эле. Алар, балким, өздөрүнүн балбан Голиаттын жанында кепкенедей эле болуп каларын 1 Шемуел 17:32).
ойлоп, аларды заматта күм-жам кылганын элестетишкендир. Бирок Дөөтү таптакыр башкача ой жүгүрткөн. Ошондуктан Голиат менен беттешүүгө өзү чыгарын айтат (Шабул: «Сен ал пелиштилик менен согуша албайсың, анткени али жашсың, ал болсо жаштайынан жоокер»,— деп каршы болот. Дөөтү чын эле жаш бала беле? Жок, ал бала эмес болчу, бирок согушка чыга тургандай куракта да эмес болчу. Сыягы, ал аябай жаш көрүнсө керек. Анткен менен ага чейин эле анын эр жүрөк, күчтүү жоокер экени маалым болчу. Балким, өспүрүм курактан өтүп бараткан улан болгондур (1 Шемуел 16:18; 17:33).
Дөөтү Шабул падышаны ынандырыш үчүн арстан, аюу менен кармашканын айтат. Ал мактанганбы? Жок. Дөөтү аларды кимдин күчү менен жеңгенин билген. Ал: «Мени арстан менен аюудан куткарган Жахаба бул пелиштиликтин колунан да куткарат»,— дейт. Акыры, Шабул: «Анда бара бер, Жахаба сени менен болсун»,— деп макул болот (1 Шемуел 17:37).
Силердин да Кудайга болгон ишенимиңер Дөөтүнүкүндөй күчтүү болушун каалайт белеңер? Дөөтүнүн ишеними куру кыялга негизделген эмес болчу. Анын ишеними Кудай жөнүндөгү билимине, тажрыйбасына негизделген. Ал Жахабанын мээримдүүлүк менен коргогон, убадасын дайым аткарган Кудай экенин билген. Биздин да ишенимибиз ошондой күчтүү болушун кааласак, Ыйык Китепти окуп, Кудай жөнүндө билим алышыбыз керек. Билгендерибизге ылайык жашаганыбыздын пайдасын көргөн сайын, ишенимибиз бекемделе берет (Еврейлер 11:1).
«ЖАХАБА СЕНИ МЕНИН КОЛУМА САЛЫП БЕРЕТ»
Шабул Дөөтүгө өзүнүн туулгасын, соотун кийгизет. Анын кабырчыктуу жез сооту Голиаттыкынан кем калчу эмес. Бирок Дөөтү таштай салмактуу ал кийимди кийип, ары-бери басып көрөт да, аны менен кыймылдай албасын түшүнөт. Ал дасыккан жоокер болбогондуктан андай кийимди кийип көнгөн эмес болчу. Анын үстүнө, ысрайылдыктардын баарынан бою узун болгон Шабулдун кийими Дөөтүгө аябай чоң болуп калмак (1 Шемуел 9:2). Ошо себептен Дөөтү анын баарын чечип таштап, кой жайып жүргөндөгү көнгөн кийимин эле кийүүнү туура көрөт (1 Шемуел 17:38—40).
Дөөтү кой кайтарганда буюмдарын салып жүргөн баштыгын асынып, салмоорун алат. Салмоор бир караганда болбогон нерседей көрүнгөнү менен оңой курал эмес болчу. Алаканы эки учуна бекитилген эки кайыш боосу бар салмоор койчулардын мыкты куралы эле. Салмоордун алаканына таш салып, төбөдөн жогору айлантып туруп, бир боосун коё бергенде, таш атылган октой учуп барып, мээленген жерге таамай тийчү. Ал мыкты курал болгондуктан, аскер кошуунунда атайын салмоорчулардын тобу боло турган.
Дөөтү ушундайча куралданып душманы менен кармашууга бет алат. Анын өрөөндөгү какшып калган суунун нугуна туруп жалындуу тиленип, эңкейип жерден беш жылмакай таш тандап алганын элестетсек болот. Андан соң ал майдан талаасына чуркап жөнөсө керек!
Голиат аны менен таймаша турган душманын көргөндө эмне деп ойлонгон? Ыйык Китептен «[Голиат] аны кемсинте карады, анткени Дөөтү жаш, кызыл жүздүү, келишимдүү эле»,— деп жазылганын окуйбуз. Ал Дөөтүгө: «Мага каршы таяк менен чыккыдай, мен, эмне, ит белем?» — деп ачууланат. Голиат Дөөтүнүн колундагы таякты эле көрүп, салмоорду элес албаса керек. Анан ал Дөөтүнү «өзүнүн кудайларын оозанып каргап», өлүгүн «асмандагы куштар менен талаадагы жырткычтарга берерин» айтып ант берет (1 Шемуел 17:41—44).
Кудайга бекем ишенген Дөөтү баарыбызга эң сонун үлгү калтырган. Кырчындай жаш жигиттин Голиатка: «Сен мага каршы эки найза, кылыч менен келатасың, мен болсо сен мазактаган Кудайдын, Ысрайыл аскерлеринин, асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын ысмы менен баратам»,— деп тайманбай айтканын элестетсеңер. Дөөтү адамдын күчү, куралы эч нерсе эмес экенин түшүнгөн. Голиат Жахаба Кудайга акарат кылган болчу, андыктан Жахаба ага сөзсүз жооп кайтармак. Дөөтү айткандай, ал «Жахабанын согушу» болчу (1 Шемуел 17:45—47).
Дөөтү Голиаттын көлөмүн, куралын көрүп эле турган, бирок ал нерселердин үрөйүн учурушуна жол берген эмес. Ал, Шабулга жана анын
жоокерлерине окшоп, өзүн Голиатка салыштырган эмес. Дөөтү Голиатты Жахабага салыштырган. Бою 3 метрдей болгон Голиат баарынан чоң болчу, бирок Ааламдын Эгедерине салыштырмалуу кумурскадай эле болгон. Жахаба аны жок кылганы турган.Дөөтү жоосун көздөй чуркап баратып баштыгынан ташын алып чыгат. Анан ал ташты салмоорго салат да, ышкыргандай үн чыккыча катуу айлантат. Курал көтөрүүчүсүнүн артында келаткан Голиат Дөөтүгө жакындагандан жакындай берет. Бул жолкусунда Голиаттын боюнун узундугу, тескерисинче, зыян алып келмек, анткени анын калканын көтөргөн кулу анын башын тосо албайт болчу. Ошондуктан Дөөтү аны башка мээлейт (1 Шемуел 17:41).
Анан салмоордун бир боосун коё берет. Таш зуулдап учуп баратканда баары демин ичине катып туруп калышат. Дөөтүнүн ташы жаза тийип калбашына Жахабанын кам көргөнү шексиз. Ошентип, таш Голиаттын так чекесине тийип, батып кетет. Алп денелүү Голиат күп этип, көмкөрөсүнөн кулап түшөт. Муну көргөн курал көтөрүүчүсү жүрөгү оозуна кептелип качып жөнөсө керек. Дөөтү Голиаттын жанына келип, «анын кылычын сууруп чыгып, башын кыя чабат» (1 Шемуел 17:48—51).
Ошондо Шабул менен жоокерлерине кайраты кайтып келет. Алар ураан чакырып, пелиштиликтерди кууп жөнөшөт. Дөөтү Голиатка «[Жахаба] силерди колубузга салып берет» деп айткандай эле, ысрайылдыктар жеңишке жетет (1 Шемуел 17:47, 52, 53).
Бүгүнкү күндө Кудайдын эли согушка катышпайт (Матай 26:52). Ошентсе да биздин Кудайга болгон ишенимибиз Дөөтүнүкүндөй күчтүү болушу керек. Биз да, ага окшоп, сыйынууга жана даңкталууга татыктуу Жахаба Кудайды ишеним көзүбүз менен көрүшүбүз керек. Кээде көйгөйлөрүбүз тоодой болуп сезилиши мүмкүн, бирок алар кудурети чексиз Жахабага салыштырмалуу кыпкымындай эле болуп калат. Жахаба Кудайга сыйынууну тандасак жана ага, Дөөтүдөй болуп, бекем ишенсек, эч бир кыйынчылык, эч бир көйгөй жүрөгүбүздүн үшүн албайт. Ооба, Жахабанын күчүнө эч нерсе тең келбейт!