Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Cпиритизм жана спиритизм камтылган тасмалардагы каармандар бүйүрдү кызыткыдай кылып көрсөтүлсө да, андай нерселердин артында турган коркунучту унутпашыбыз керек

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | СЫЙКЫРДУУ КҮЧТҮН АРТЫНДА КИМ ТУРАТ?

Ыйык Китепте спиритизм жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте спиритизм жөнүндө эмне делет?

КӨПТӨР сыйкырдуу күчтөрдү, табияттан тыш нерселерди жана спиритизмди болбогон нерсе катары же тек гана кино тармагында сценарий жазгандардын чыгармачылыгы катары көрүшөт. Бирок булар тууралуу Ыйык Китепте жазылгандар көпчүлүктүн оюнан кыйла айырмаланат. Ал китепте спиритизмден сак болушубуз керектиги катуу эскертилет. Мисалы, анда: «Элиңдин арасында... төлгө ачкандар, сыйкырчылык кылгандар, белгилерди карап көзү ачыктык кылгандар, бирөөлөрдү дубалагандар, өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылгандар, келечекти алдын ала айткандар, өлгөндөр менен сүйлөшкөндөр болбосун»,— деп жазылган (Мыйзам 18:10—13). Эмне үчүн? Андан ары Ыйык Китепте: «Анткени буларды кылгандардын баары Жахаба үчүн жийиркеничтүү... Жахаба Кудайыңдын алдында кынтыксыз бол»,— делет.

Эмне үчүн Ыйык Китепте спиритизмдин бардык түрлөрү катуу айыпталат?

АРТЫНДА КИМДЕР ТУРАТ?

Жерди жаратканга чейин эле көп убакыт мурун Кудай миллиондогон рухтарды — периштелерди — жараткан (Аюп 38:4, 7; Аян 5:11). Кудай алардын ар бирине чечим чыгаруу эркиндигин — жакшы менен жаманды айырмалай билүү жөндөмдүүлүгүн — берген. Алардын айрымдары Кудайга каршы чыгып, адамдарды азапка салыш үчүн жерге түшүшкөн. Натыйжада «жер бети зордук-зомбулукка толуп» кеткен (Башталыш 6:2—5, 11; Жүйүт 6).

Алар миллиондогон адамдарды адаштырып, аларга күчтүү таасир этип келишет (Аян 12:9). Ал рухтар атүгүл адамдардын келечекти билүүгө болгон табигый каалоосун пайдаланышат (1 Шемуел 28:5, 7; 1 Тиметей 4:1).

Кээде ал жаман рухтар адамдарга жардам бергендей сезилет (2 Корунттуктар 11:14). Бирок, чындыгында, адамдар Кудай жөнүндөгү чындыкты билбей калышы үчүн, алардын «акылын сокур кылууну» көздөшөт (2 Корунттуктар 4:4).

Ошондуктан, Ыйык Китепке ылайык, жиндер менен байланышуу эч кандай зыяны жок көңүл ачуу эмес. Иса Машаяктын шакирттери ушундай иштер тууралуу чындыкты билгенден кийин, кымбат болгонуна карабай, сыйкырчылыкка байланыштуу «китептерин чогултуп, баарынын көзүнчө өрттөп жиберишкен» (Элчилер 19:19).

«Өспүрүм кыздардын сыйкырчылыкка барган сайын көбүрөөк ишенишине китептерде, телеберүүлөрдө, тасмаларда сыйкырчы кыздардын аябагандай сулуу, көңүлдү тартып тургудай болушу шарт түзүшү мүмкүн» (Гэллап институтунун жаштар арасындагы сурамжылоосу, 2014).

Ошо сыяктуу эле, бүгүн да спиритизм менен байланышы бар иштерден жана көңүл ачуулардан баш тарткандар бар. Мисалы, Мария * 12 жашында келечекте эмне болорун же кандай коркунуч күтүп турарын алдын ала айта алчу. Ал классташтарына карта менен төлгө ачып берчү. Айтканы дайыма туура чыккандыктан, Мария бара-бара окультизмге кызыгып кеткен.

Мария ага андай жөндөмдүүлүктү башкаларга жардам бериши үчүн Кудай берген деп ойлочу. «Бирок бир нерсеге таң калчумун. Мен башкаларга төлгө ачып, өзүмө ача алчу эмесмин. Өзүмдүн келечегимди биле алчу эмесмин»,— дейт Мария.

Жүрөктү өйүгөн суроолору көп болгондуктан, ал Кудайдан жардам сурап тиленген. Кийинчерээк Мария Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп, алар менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ошондо келечекти алдын ала айтуу жөндөмү Кудайдан эмес экендигин түшүнгөн. Ошондой эле Кудайга жаккысы келгендер спиритизм менен байланышы бар бардык нерселерден арылышы керек экендигин билген (1 Корунттуктар 10:21). Андыктан сыйкырчылыкка байланышкан буюм-тайымдары менен китептеринин баарын жок кылган. Азыр болсо ал Ыйык Китептен билгендерин башкаларга айтып бөлүшүүдө.

Майкл болсо өспүрүм кезинде табияттан тыш нерселер жөнүндө жазылган фантастика жанрындагы чыгармаларды жантыгынан жатып алып окучу экен. «Кыялымда ойдон чыгарылган кандайдыр бир башкача дүйнөгө саякат жасаган мен курдуу каармандарга кошулуп алчумун»,— дейт ал. Ошентип отуруп Майкл сыйкырчылыкка жана жин-шайтандарга байланышкан китептерге кызыгып кеткен. Ал мындай дейт: «Андай нерселер жөнүндөгү китептер менен тасмаларга башында жөн эле кызыгып отуруп, кийин баш-отум менен берилип кеткем».

Бирок Майклга Ыйык Китептен билгендери эмнени окуп жатканын талдап көрүүгө түрткү берген. Майкл мындай дейт: «Спиритизмге байланышы бар бардык нерселердин тизмесин түзүп алып, алардан арылдым. Мен маанилүү бир нерсени түшүндүм. 1 Корунттуктар 10:31де: „Баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла“,— деп айтылат. Ошондуктан азыр: „Окуганы жаткан китебимде Кудайга жакпаган нерселер жокпу?“ — деп ойлоном. Эгер бар болсо, бул Кудайды даңктоого жатпагандыктан, ал китепти окубайм».

Ыйык Китеп караңгыда жол көрсөткөн чыракка салыштырылат. Ал — спиритизмдин артында чындыгында кимдер турарын ачыкка чыгарган жападан жалгыз китеп (Забур 119:105). Андан тышкары, Ыйык Китепте жиндердин таасиринен арыла турган заман келери айтылат. Анын натыйжасында укмуштуудай чоң өзгөрүүлөр болот. Мисалы, Забур 37:10, 11де: «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот, ордун карап, аны таппай каласың. Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат»,— деп жазылган.

^ 10-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.