Айрым диндер эмне деп окутат?
Индустар
азап-кайгыны адамдын ушул же мурунку жашоосунда кетирген каталарынын кесепети деп эсептешет. Алардын ишеними боюнча, адам жашоонун бардык ырахатынан баш тартса, мокшага жетет. Бул кайрадан төрөлө берүү айлампасынан бошонууну билдирет.
Мусулмандар
азап-кайгыны күнөөнүн жазасы жана ишенимдин сыналышы деп кабыл алышат. Түндүк Америка Ислам жамаатынын президенти Сайид Сайеддин айтымында, башка түшкөн кырсык-каргашалар «Кудайдын бардык баталарына ыраазы болушубуз жана жардамга зар болгондорду колдошубуз керектигин эскертип турат».
Жүйүттөрдүн ишеними
боюнча, азап-кайгыга адамдын өзүнүн кылган иштери себеп болот. Айрым жүйүттөр адамдар тириле турган убак келет, ошондо азап чеккен бейкүнөө адамдар үчүн адилеттик орнотулат деп ишенет. Иудаизмдин каббала (мистикалык) агымы адам өлгөндөн кийин кайра башка адам болуп төрөлөт же жаныбар болуп туулат деп (реинкарнация) окутат. Ошонун аркасында адамга мурун кетирген каталарын жууганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Буддисттер
да адам бир канча жолу кайрадан төрөлөт деп ишенет. Алардын ою боюнча, адам туура эмес иштеринен, терс сезимдеринен, каалоолорунан арылмайынча азап тарта берет. Эгер ал акылдуу болуп, жакшы иштерди кылса жана оюн таза сактаса, нирванага — азап-тозоктун баарынан арылган абалга — жетет.
Конфуцийчилер
азап-кайгы көбүнчө «адамдын туура эмес иштеринин, каталарынын» айынан болот деп айтышат. Конфуцийчиликке ылайык, азаптан жакшы иштерди кылып арылса болот. Бирок кайгы-касиреттин көбүнө «адамдардан алда канча жогору турган рухий жаратуулар себепкер болот. Андайда тагдырга моюн сунгандан башка арга жок» («A Dictionary of Comparative Religion»).
Африка диндеринин айрымдары
азап-кайгыга сыйкырдуу күчтөр себеп болот деп окутат. Ал диндерди туткандар рухтар адамдарга же жакшылык, же жамандык кылат, ошол себептен алардын айынан болуп жаткан азап-кайгыны азайтыш үчүн ар кандай жөрөлгөлөрдү кылыш керек дешет. Алар ооруга чалдыккан кишини рухтардан ырым-жырымдар жана эмчи-домчулар гана сактай алат деп ишенишет.
Христиандар
Ыйык Китептин Башталыш китебинде айтылгандай, азап-кайгы алгачкы түгөйлөрдүн күнөөсүнүн айынан болуп жатат деп айтышат. Бирок христиан дининин айрым агымдары ал окууга өздөрүнүн ой-түшүнүктөрүн кошуп коюшкан. Алсак, католиктер адамдын азап чеккени «Кудайга курмандык чалганга» барабар, мындай «курмандык» чиркөөгө келгендердин баарына пайда алып келет жана башкалардын куткарылышына жол ачат деп ишенишет.
КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН
jw.org/ky сайтынан «Диндердин баары эле Кудайга жагабы?» деген тасманы көргүлө.