Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2. Азап чегип жатканыбызга өзүбүз күнөөлүүбүзбү?

2. Азап чегип жатканыбызга өзүбүз күнөөлүүбүзбү?

Муну билүү эмне үчүн маанилүү?

Эгер өзүбүз күнөөлүү болсок, анда азапка дуушар кылган кыйынчылыктарды азайтууга кудуретибиз жетиши керек.

Ойлонуп көргүлө

Азапка салган төмөндөгү кыйынчылыктарга адамдар канчалык деңгээлде себепкер?

  • Зордук-зомбулук.

    Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсептөөсүнө ылайык, ар бир 4чү киши бала чагында ур-токмокко, ал эми ар бир 3чү аял жашоосунда сөзсүз зомбулукка же зордуктоого (же экөөнө тең) дуушар болот.

  • Жакынынан айрылуу.

    Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2018-жылкы статистикасы боюнча, «2016-жылдын ичинде дүйнөдө 477 000дей адам киши колдуу болуп өлгөн». Ал санга ошол жылы согуштардан жана кагылышуулардан набыт болгон 180 000ге жакын киши кошулган эмес.

  • Ден соолукка байланыштуу көйгөйлөр.

    «Нэшнл жиогрэфик» журналына жазган макаласында Фран Смит деген жазуучу мындай деп белгилеген: «Миллиарддан ашуун адам чылым чегет. Чылым чегүү өлүмгө себепкер болгон беш дартка, алсак, жүрөк оорусуна, инсультка, дем алуу органдарынын ооруларына, өпкөнүн өнөкөт ооруларына жана өпкө рагына алып келет».

  • Коомдогу теңсиздик.

    «Жакырчылык, теңсиздик, улуту, жынысы боюнча бөлүү, башка жакка көчүүгө аргасыз болуу жана конкуренция сыяктуу нерселердин баары психикалык жактан жабыр тарткандардын көбөйүшүнө себеп болууда»,— дейт Жей Уоттс деген психолог.

    КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

    jw.org/ky сайтынан «Кудай жерди кандай ой-ниет менен жараткан?» деген тасманы көргүлө.

Ыйык Китепте эмне делет?

Буга жашоону жакшыртабыз деп убада бергени менен, элди эзген өкмөттөр себеп болууда.

Дүйнөдө азап-кайгынын көп болуп жатканына көбүнесе адамдар өздөрү жооптуу.

«Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет» (НАСААТЧЫ 8:9).

Азап-кайгыны азайтууга болот.

Ыйык Китептеги кеңештер ден соолукту жакшыртууга, башкалар менен тил табышууга көмөк кылат.

«Жүрөктүн тынч болгону денеге өмүр берет, ал эми көрө албастык сөөктү чиритет» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 14:30).

«Ар кандай жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн, ошондой эле бардык зыяндуу нерселерден арылгыла» (ЭФЕСТИКТЕР 4:31).