Музыка менен Ыйык Китепке болгон сүйүүм
Музыка менен Ыйык Китепке болгон сүйүүм
Айтып берген: Борис Гулашевский
Жүрөгүнөн эки жолу инфаркт болгон, жашы 60тан ашкан сокур кишини элестетсеңер. Ал Кудай жөнүндөгү чындыкты тапканда көзүнө жаш алып жиберет. Ошол киши менмин. Бул 11 жыл мурун болгон эле.
МЕН 1930-жылы Украинанын Черкассы облусуна караштуу Цыбулёв айылында төрөлгөм. 1937-жылы, Сталиндин репрессияларынын биринде, атам «элдин душманы» катары камакка алынып, соттолуп кетти. Үйүбүз бийликтегилер тарабынан тартылып алынды. Тааныштарыбыз болсо бизден качып калышты. Көп өтпөй алардын көбү да камакка алынды. Ошол учурда эл арасында ишенимсиздик, чыккынчылык жана коркунуч өкүм сүрүп турган эле.
Атамдын камалганына эки ай болгондо, карындашым Лена төрөлдү. Апам, Лена жана агам Николай болуп же терезеси, же меши жок кепе тамда кыштадык. Анан чоңатамдыкына көчүп бардык. Николай экөөбүз отун жарып, бузулган жерлерди оңдоп, үй жумуштарын аткарчубуз. Мен кол эмгегин жакшы көрөр элем. Ошондуктан өтүк тигип, жыгач усталык менен алектенчүмүн. Музыканы абдан сүйгөндүктөн, жыгачтан балалайка жасап, анда ойногонду үйрөнүп алдым. Көп өтпөй гитарада жана мандолинада да ойногонду үйрөндүм.
Мурун мен католик чиркөөсүндө чокунтулгам. Бирок чиркөөнүн окуулары жана каада-салттары мага түшүнүксүз болгондуктан, атеисттердин көзкарашы туурадай сезилип кетчү. Ошентип, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин комсомолдук уюмдун мүчөсү болдум. Кээде Кудайдын жок экенин далилдеш үчүн башка комсомолдорго кошулуп, Кудайга ишенгендер менен талашып-тартышып кетчүмүн.
Көзүмдүн көрбөй калышы
1941-жылы Германия Советтер Союзуна кол салганда, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда биздин айылда бир нече жолу салгылаш жүргөн. Ошол салгылаштардын биринде, 1944-жылдын 16-мартында, бомба жарылып жарадар болдум. Ошондон кийин көзүм көрбөй калды. Оорукчан болуп калгандыктан, чүнчүп, үмүтсүздүккө алдырчу болдум.
Немистер артка чегинип, согуш батыш тарапта жүрө баштады. Ошол күндөрү мен чымчыктардын сайраганын тыңшап, ары-бери басып келчүмүн. Мени аяган апам кээде арак берип койчу. Коңшуларым да конокко чакырып калышчу. Аларга музыкалык аспапта ойноп берчүмүн. Күйүтүмдү басыш үчүн тамеки чегип, аракка берилип кетсем да, аны менен көйгөйүмдү чече албаарымды түшүнчүмүн.
Мугалим таежем сокурлар мектеби жөнүндө угуп, апамды мени ошондой мектептердин бирине киргизүүгө көндүрдү. Ошентип, 1946-жылы мектепке барып, кызыгуу менен окуй баштадым. Азыр ал Каменец-Подольский атындагы мектеп болуп калган. Ал жерден Брайл арибинде жазып-окуганды үйрөндүм. Музыкалык жөндөмүмдү өрчүтүүгө да мүмкүнчүлүгүм болду. Күнүнө бир нече саат жумшап, канцертина деп аталган аккардеон сыяктуу аспапты өздөштүрүп алдым. Аракетимди көргөн мугалимим өзүнүн аккардеонунда да ойногонго уруксат этти. Кийин болсо пианинодо ойногонду үйрөндүм.
Өз үйүм
1948-жылы мага сабак берген бир мугалим менен баш коштук. Күйөөсү согушта каза болуп, ал эки кызы менен жесир калыптыр. Мектепти бүтүргөндөн кийин анын үйүнө көчүп бардым. Мен жакшы күйөө, жакшы ата болуш үчүн колумдан келгендин баарын кылып жаттым. Үйбүлөмдү багыш үчүн музыкалык аспаптарда ойноп каражат таап жүрдүм. 1952-жылы уулдуу болдук.
Кийинчерээк үй салууга кириштик. Пайдубалын куюп, дубалын тургузуш үчүн башкаларды жалдадык. Бирок, сезүү органдарым жана элестетүү жөндөмүм жакшы өрчүгөндүктөн, көп жумушту өзүм жасадым. Мисалы, кандайдыр бир жыгачты же тактайды колума алып, сыйпалап көрүп, анын түзүлүшүн элестетчүмүн. Андан соң аны жылмалап, ар кандай буюмдарды жана эмгек куралдарын жасачумун. Темир-тезек керек болгондо, заводдон заказ кылып алчумун. Меш салдым, үй ичине койгонго ар кандай эмеректерди жасадым жана дагы далай жумуштарды бүтүрдүм.
Чоорчулардын оркестри
Мен музыка боюнча кошумча сабак алып, ар кыл музыкалык аспаптарда ойногон чебер музыкант болуп чыга келдим. Бир жолу бамбуктан жасалган кичинекей чоорду оңдоп көрүп, чоорго да кызыгып кеттим. Кийинчерээк чоор жасап алдым. Ошол убактагы чоорчулардын айтуусу боюнча, жоон добуш чыгара турган чоор жасоо мүмкүн эмес болчу. Себеби ан үчүн чоордун көлөмү чоң болууга тийиш эле, бирок анда
анын үнү акырын чыгып калмак. Ошон үчүн ал кезде чоор оркестри жок болчу.Бир күнү чоордун үнүн күчөткөн атайын резонатор ойлоп чыгардым. Ал чоордун жоон үнүнүн бийик чыгышына мүмкүндүк берди. Убакыттын өтүшү менен чоордун ар кандай түрүн жасай баштадым. Алар менен бир убакта бир эле нотаны түрдүүчө ойноого болор эле.
Ошондо эле элдик музыкалык аспаптарда ойногон бир канча оркестрди жетектеп жүргөм. Алардын бири жалаң сокур адамдардан турчу. Анан 1960-жылы чоорчулардын оркестрин уюштурдум. Андай оркестр Советтер Союзу боюнча, а балким, бүткүл дүйнө жүзү боюнча болгон эместир.
Жаңы билим жана шектенүүлөр
1960-жылы музыкалык аспаптарды оңдогон бир киши менен дин тууралуу сүйлөшүп калдым. Адаттагыдай эле, мен Кудайдын жок экенин далилдеш үчүн аны менен талаша кеттим. Ал Ыйык Китептеги айтылгандарды угуп көрүүнү сунуш кылды. Мурун Ыйык Китепти бир да жолу окуп көрбөгөндүктөн, угуп көрөйүнчү дедим.
Ыйык Китепте айтылгандардан мага үйбүлөсүн багуу үчүн кара жанын карч уруп иштеген Жакып жөнүндөгү билдирүү абдан таасир этти. Өз биртуугандары тарабынан кулчулукка сатылып кеткен Жусуп тууралуу жана анын башынан өткөргөн кыйынчылыктары, биртуугандарын кийин кечиргени жөнүндөгү билдирүүлөрдү укканда көзүмөн жаш кылгыра түштү (Башталыш 37, 39—45-бөлүмдөр). Андан тышкары, башкалардан кандай мамиле күтсөң, аларга ошондой мамиле кыл деген кеңеш мага абдан жакты (Матай 7:12). Ошентип, Ыйык Китеп менен жакыныраак таанышкан сайын ага болгон сүйүүм арта баштады.
Досум менен баптистердин жыйналышына бара баштадым. Ошол жактан мага Брайл арибинде жазылган Инжил китебин белек кылышты. Мен аны кылдаттык менен окууга кириштим. Бирок анда айтылгандар менен баптистердин окууларынын ортосундагы айырмачылыктарды байкадым. Мисалы, Ыйык Китепте Кудай менен Ыйсанын эки башка экени жана Кудай Ыйсадан чоң экени айтылат (Матай 3:16, 17; Жакан 14:28; Элчилер 2:32). Ага карабастан, баптистер Кудай менен Ыйса бирдей абалды ээлейт, алар Троицаны түзөт деп ырасташат экен. Инжилдеги ар бир сөздү манжаларым менен далай жолу окуп чыгып, ал окуунун Ыйык Китепке дал келбээрине көзүм жетти.
Биз колдонгон Ыйык Китептин котормосунда «тозок» деген сөз көп жолу кезигет. Баптистер окуткандай, тозокту түбөлүккө күйүп турган оттуу жай катары элестеткенде дене боюм дүркүрөй түшчү. Бирок Ыйык Китепте Кудайдын сүйүү экени айтылат. Ошондуктан Кудайдын ошондой жайды жаратканына такыр ишене алчу эмесмин (1 Жакан 4:8). Убакыт оошкон сайын баптистердин тозок оту жөнүндөгү окуусуна гана эмес, башка окууларына да болгон шек саноом күчөй берди.
Жашоомдогу өзгөрүүлөр
Аялымдын кыздары 1968-жылга чейин өзүнчө бүлө күтүп, балалуу болуп калышкан. Ошол кездерде аялым экөөбүз көп чатакташчу болдук. Азыр ойлосом, ошондо бири-бирибизге сүйүү менен чыдамдуулук көрсөтүп койгондо, баары башкача болмок экен. Акыры, экөөбүз ажыраштык. Кийин дагы эки жолу үйлөндүм, бирок алар менен да турмушум болгон жок.
Каменец-Подольскийде 35 жыл жашап, 1981-жылы Москванын чыгыш тарабынан 600 километр ары жайгашкан Йошкар-Ола деген шаарга көчүп бардым. Ал жактан да чыгармачылык ишимди токтоткон жокмун. Оркестрлеримдин бири ар кыл чоорлордо ойногон 45 кишиден турчу. Биз узундугу 20 сантиметр, жоондугу 1 сантиметр келген чоордон баштап, узундугу 3 метрге, ал эми жоондугу 20 сантиметрге жеткен бас чоорлордо ойноор элек. Өлкөнүн булуң-бурчун кыдырып, концерт берчүбүз. Концерттерибиз радио менен телевизордон да берилип турчу.
1986-жылы бүткүл Советтер Союзунан келген музыканттар арасында конкурс өтүп, чоор искусствосунун өнүгүшүнө салым кошконум үчүн, мага диплом жана медаль ыйгарылды. Бир нече жылдан кийин чыгармачылыгыма арналган «Чоор менен аткарылган соло жана залкар музыкант жөнүндө баян» аттуу документалдуу тасма тартылды. Ал тууралуу «Марийская правда» гезитинде: «Тасмага тартылган Борис
Николаевич Гулашевский Орусиядагы чоорчулардын биринчи оркестрин түзгөнү үчүн атайы диплом менен сыйланды»,— деп айтылган.Чындыкты издөө
Йошкар-Олага көчүп барганда сокурларга арналган адабияттары көп бир китепканага жазылгам. Ал жактан католиктердин, элүүнчү күнчүлөрдүн жана методисттердин окуулары менен таанышып чыктым. Православие чиркөөсүнө да барып жүрдүм. Таң калганым, алар да баптисттердин чиркөөсү окуткан, мен билгенден, Ыйык Китепке негизделбеген окууларды окутат экен.
Бир жолу православие диний кызматчысы Александр Мендин Кудайдын Яхве деген өз ысмы бар деп жазганын окудум. Ал бир кездерде жүйүттөр таза динди тутушчу, бирок ал дин кийинчерээк бутпарастардын окуулары, жасалма кудайлары менен арамдалып кеткен дептир. Анын бул жазгандары мени абдан ойлонтту. Ошондуктан чындыкты табууну мурдагыдан да көксөй баштадым.
Баштагыдан да чечкиндүүмүн
Оркестрлеримдин биринде Лиза аттуу музыкант бар эле. Ал да көзү начар көргөндүктөн инвалид болчу. Экөөбүз 1990-жылы баш коштук. Бара-бара Лиза да динге кызыга баштады. Ошол жылы карындашым Ленанын колунда турган апамды көрүп келейин деп, Белоруссиядагы Барановичи шаарына баргам. Апам суранганынан католик чиркөөсүнө барып, диний каадаларына катыштым. Ал кезде Советтер Союзунда кайра курулуш жүрүп жаткандыктан, диний жетекчи көбүнесе саясый өзгөрүүлөр жөнүндө сүйлөдү. Ошондон кийин ал жактан издегенимди таба албаарыма дагы бир ирет ынандым.
1994-жылы эки жолу жүрөгүмөн инфаркт болуп, денсоолугум кыйла начарлап кетти. Ошол эле жылы апам көз жумду. Башыма келген кыйынчылыктарга карабастан Ыйык Китепти окууну уланта бердим. Инжилди 25 жолу окуп чыккан соң, кийинки жолкуларын санабай деле калдым. Аны окуган сайын, суроолорум көбөйгөндөн көбөйө берди. Ошондо Ыйык Китепти өз алдымча тереңине жете түшүнө албаарыма көзүм жетти.
Чындыкты таануу
1996-жылы Жахабанын Күбөлөрү үйүмө эшик чертип келип калышты. Алар жөнүндө гезиттерде коркунучтуу секта деп айтылгандыктан, адегенде аларга шектенүү менен карадым. Анан кайра: «Булар мага эмне кылмак эле?» — деген ой келди. Биринчи эле: «Силер Троицага кандай карайсыңар?» — деп сурадым. Алар болсо Ыйык Китепте андай сөз да, окуу да кездешпээрин айтышты. Аны укканда сүйүнүп кеттим, анткени өзүм да ошондой тыянакка келген элем.
Синод тарабынан которулган Ыйык Китептеги Чыгуу 6:3төн Кудайдын ысмы Жахаба экенин окуганда толкунданып кеттим. Мени баарынан да диндердин бул ысымды элден жашырып жүргөнү таң калтырды. Ал эми Жахабанын Күбөлөрүнүн Жараткандын ысмы менен аталып, Ал тууралуу башкаларга айтып жүрүшкөнү аябай таасирлентти (Ышайа 43:10).
Мына ошондо аларга: «Эмне үчүн Ыйык Китепте тозок тууралуу айтылган? Синод тарабынан которулган Ыйык Китепте эмне үчүн жер күйүп кетет делет?» — деген сыяктуу суроолорду жаадыра баштадым. Баарына Ыйык Китептен жооп алганда, канча жылдан бери издеп келген диним мына ушу дедим. Кубанганыман көзүмө жаш алып, Кудайга тизелеп ыраазычылыгымды билдирдим.
Көп өтпөй Жахабанын Күбөлөрү мени жыйналышына алып барышты. Ал жерден мага угуучулардын кунт коюп угуп отурганы абдан жакты. Баяндамачы Ыйык Китептен кайсы бир аятты окууга чакырганда, баары ошол аятты издеп, Ыйык Китептерин барактап жатканын уктум. Мындайды эч бир жерден кезиктирген эмес элем. Анан Ышайа 35:5тен алынган: «Сокурлар көзү ачылат...» — деген сөздөр менен башталган ыр ырдалды.
Ошентип, Күбөлөр менен Ыйык Китепти жумасына үч-төрт жолу изилдеп жаттым. Бара-бара Кудай репрессияга, согуштарга эмне себептен жол бергенин жана алардын кесепеттерин кантип жоёрун билдим. Ошондой эле Кудай сүйүүсүнөн улам өз Падышалыгын орнотконун, ал Падышалыктын астында тилалчаак адамдар жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрөрүн билүү жүрөгүмдү терең козгоду (Башталыш 1:28; Ышайа 65:17—25; Аян 21:1—5). Ыйык Китепте айтылгандарды тереңирээк түшүнүп, 1997-жылы 16-ноябрда Кудайга арналып, сууда чөмүлтүлдүм.
Кудайга чогуу кызмат кылуу
Мен чөмүлгөндөн көп өтпөй, Лиза да Ыйык Китепти изилдей баштады. Ал шал оорусунан кыйналганына карабастан, рухий жактан тез эле ийгиликтерди жасап, 1998-жылы чөмүлтүлдү. Аны оорусуна байланыштуу көтөрүп барып чөмүлтүүгө туура келди. Ошентсе да ал Кудайга бүт күчүн жумшап кызмат кылууну чечти. Биз укалоочу дарыгерди жалдадык. Лиза өзү да денетарбия көнүгүүлөрүн аткарып жатты. Убакыттын өтүшү менен анын абалы жакшырып кетти. Бүгүн ал жыйналыштарга эле эмес, үйдөн үйгө күбөлөндүрүп, атүгүл алыскы аймактарга да барып кабар айтат.
Өзүм да кабарга чыгар алдында ар дайым Кудайдан кайрат сурап тиленем. Анан таягымды алып үйдөн чыгам да, жакшы билген жолум менен аялдамага бет алам. Мени көздөй басып келаткан кишинин дабышын укканда аны менен Ыйык Китеп жөнүндө сөз баштайм. Троллейбуска киргенде орторооктон орун алып, башкалар менен Ыйык Китептеги чындыктар менен бөлүшөм, адабият берем. Эгер кимдир бирөө кызыгуу көрсөтүп калса, ага телефонумдун номурун берем же аныкын алам.
Жакында эле санаторийге барганда музыкадан сабак берген бир мугалим менен сүйлөштүм. Ал Ыйык Китептеги даанышмандыкка таң берди. Анан үйүнө кайтып барганда Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаптыр. Ошол эле санаторийден бир заводдун деректирин жолуктурдум. Анын уулунун да көзү көрбөйт экен. Ага өзүмдүн үмүтүм жөнүндө айтып берсем, абдан кызыгып укту.
Чөмүлтүлгөндөн тартып сегиз кишиге чындык жолуна түшүүгө жардам бердим. Дагы башкалар менен да Ыйык Китепти изилдеп жатам. Жахаба азыркыга чейин жубайым экөөбүзгө ишенимдештерибиз аркылуу чоң колдоо көрсөтүп келет. Ишенимдештерибиз бизге Ыйык Китепке негизделген адабияттарды окуп беришет, анан аларды чогуу талкуулайбыз. Ошондой эле жыйындардан, жыйналыштардан баяндамаларды жаздырып беришет. Мунун баары бизге Ыйык Китептеги чындыктарды жүрөгүбүзгө сиңирүүгө жана аларды башкалар менен бөлүшүүгө жардам берет. Чынында эле, жыйналыштагылар биз үчүн — чоң «сооронуч» (Колосалыктарга 4:11).
Өмүрүмдүн көбүн музыкага арнаган элем, эми болсо Падышалык ырларын оозуман түшүрбөйм. «Жахабаны мактап ырдагыла» аттуу орус тилиндеги ыр китептин ар бир ырын жатка билем. Жахаба мени рухий караңгылыктан сууруп чыгып, азыркы каардуу дүйнөдө өзүнүн жолун табууга жардам берди. Мына ошондуктан бир күнү Ал мени кадимки караңгылыктан да алып чыгарына ишенем.
[11-беттеги сүрөт]
Чоордо ойноп жатканым (до-мажор басс)
[12-беттеги сүрөт]
Аккордеондо ойноп жатканым, 1960-жыл
Чоорчулар оркестри
[15-беттеги сүрөт]
Лиза экөөбүздүн бүгүнкүбүз