1. Тарыхый жактан так
Ыйык Китепке эмне себептен ишенүүгө болот?
1. Тарыхый жактан так
Так маалыматты камтыбаган китепке ишенүү кыйын. Экинчи дүйнөлүк согуш 1800-жылдары болгон деп же Кошмо Штаттарынын президенти падыша деп жазылган тарыхый китепти окуп жатканыңды элестетсең. Мындай каталар ал китептин тактыгына шек туудурат, чынбы?
ЫЙЫК КИТЕПТИН тарыхый жактан тактыгын эч ким жокко чыгара алган эмес. Анда чын эле жашаган адамдар, болгон окуялар жөнүндө баяндалат.
Адамдар. Сынчылар Ыйсаны өлүм жазасына тарткан жүйүт элинин римдик башкаруучусу Понтий Пилаттын жашаганына шек санашкан (Матай 27:1—26). Бирок 1961-жылы Жер ортолук деңиздин Кейсарея деген порттуу шаарынан Пилаттын бир кезде башкаруучу болгонун тастыктаган ташка чегилген жазуулар [1] табылган.
1993-жылга чейин Дөөттүн, кийин Ысрайылдын падышасы болгон эржүрөк койчу жигиттин, чынында эле жашаганы тууралуу Ыйык Китептен башка эч жерде айтылган эмес. Бирок ошол жылы археологдор Израилдин түндүк жагынан б.з.ч. 9-кылымга таандык базальт ташын [2] табышкан. Адистер ал таштын бетинде «Дөөттүн үйү» жана «Ысрайылдын падышасы» деген сөздөр чегилгенин аныкташкан.
Окуялар. Көптөгөн окумуштуулар Дөөттүн убагында ысрайылдыктар менен согушуп турган эдомдуктар жөнүндөгү ыйык китептик билдирүүнүн тактыгына күмөн санап келишкен (2 Шемуел 8:13, 14). Алардын ою боюнча, эдомдуктар жөнөкөй эле малчылар болгон жана кийинчерээк эле жакшы деңгээлде уюшулган же Ысрайылга коркунуч туудургудай күчтүү калкка айланган. Анткен менен, жакында жүргүзүлгөн казуу иштери көрсөткөндөй, «эдомдуктар, Ыйык Китепте баяндалгандай, [буга чейин ойлогондон] мурун эле өнүккөн калк болгон» деп айтылат бир журналда («Biblical Archaeology Review»).
Наамдар. Ыйык Китеп жазылган 16 кылым ичинде дүйнөдө канчалаган башкаруучулар алмашкан. Ыйык Китепте кайсы бир башкаруучу жөнүндө сөз жүргөндө, анын кандай наамга ээ экени дайыма так берилет. Мисалы, анда Ирод Антипастын «акимчилик кылганы», ал эми Галиондун дубан «башчы болгону» айтылат (Лука 3:1; Элчилер 18:12). Эзра 5:6да Персиянын Эфрат дарыясынын «наркы өйүзүндөгү» дубан башчысы Татнай жөнүндө кеп кылынат. Б.з.ч. 4-кылымга таандык тыйында да ушу сыяктуу маалымат берилген. Анда Мазэус деген башкаруучунун персиялыктардын «дарыянын наркы өйүзүндөгү» дубан башчысы болгону жазылган.
Ооба, майда-чүйдө болуп көрүнгөн нерселерде да маалыматтын так болушу абдан маанилүү. Эгер Ыйык Китепти жазгандардын майда-барат билдирүүсүнө ишенсек, анда алар жазган башка нерселерге да ишенишибиз керек эмеспи?!
[5-беттеги сүрөт]
[5-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]
1: Photograph © Israel Museum, Jerusalem; courtesy of Israel Antiquities Authority; 2: HUC, Tel Dan Excavations; photo: Zeev Radovan