Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Африканын базарларына кош келгиле!

Африканын базарларына кош келгиле!

Африканын базарларына кош келгиле!

КАЙСЫ БИР элдин маданияты, үрп-адаты, улуттук тамактары тууралуу билгиңер келсе, анын базарларына барсаңар болот. Ал жактан силер жергиликтүү элди көрүп, тамагынан даам татып, алардын буюм-тайымдарын сатып ала аласыңар. Ошондой эле кайсы тилде сүйлөбөгүлө, силер менен сүйлөшүүгө аябай аракет кылган сатуучуларга жолугасыңар.

Африканын базарлары адамды өзүнө тартып турат. Андан быкылдаган элди жана түркүн-түрлүү нерселерди көрө аласыңар. Базардан Африкага мүнөздүү жашоонун жандуу ыргагы сезилет. Анда эмесе, Камерундун Дуала шаарындагы базарына саякат жасап келели.

Базарга африкалыктарча баруу

Африканын чоң шаарларынын көптөрүндө эл базарга көбүнчө мотоцикл менен барат. Анткени ал тез жүрөт жана жол киреси да арзан. Көчөлөрдүн дээрлик ар бир бурчунда силерди каалаган жериңерге жеткирүүгө даяр мотоцикл айдоочулары турат. Эгерде коркпосоңор, алардын бирине отурсаңар болот. Бара турган жериңе тез жана арзан жеткире турган мындай унаа камерундуктар үчүн абдан ыңгайлуу.

Ал эми мотоциклге отуруудан кооптонгондор үчүн таксилер тизилип турат. Анын жол киресин чогуу төлөө үчүн көп учурда бир таксиге бир нече жүргүнчү отуруп алат.

Жүздөгөн дүкөнчөлөр

Базарга биринчи жолу келгенде жайнаган элди жана көчө бойлой тизилген дүкөнчөлөрдү көрүп таң каласың. Чоңдору деле, кичинекей балдары деле ар түрдүү товарларды себеттерге салып алып, баштарына көтөрүп алышкан. Алардын себеттерин жакшылап карасаң, ичинен чыйпылдаган балапандарды, аарчылган апельсиндерди, дары-дармектерди, айтор, көп нерселерди көрө аласың.

Базардагы текчелер жашылча-жемиштердин көптүгүнөн ийилип турат. Алардан капуста, сабиз, бадыраң, баклажан, ашкабак, фасоль, таттуу картошка, салат сүт тикенинин ар кандай түрлөрүн, ямс жана помидорлорду көрүүгө болот. Башка континенттен келгендер Африканын базарларынан өз мекенинен эзели көрбөгөн түркүн-түрлүү нерселерди көрө алышат. Базарда кызыл жана сары калемпирлер сатылган дүкөнчөлөр өзгөчөлөнүп турат. Анткени калемпирлер таңкы күндүн нуруна чагылышып, көз жоосун алат. Ошондой эле авокадо, банан, грейпфрут, коон, ананас, апельсин жана лимондор да толтура. Аларды көрүп шилекейиң куюлат, баасы да кымбат эмес. Андан тышкары, жергиликтүү элдин негизги тамагы болгон ямс, маниока, күрүч жана сырттан алынып келинген пияз менен чеснок да арбын.

Дуала шаарындагы бул базардын сатуучуларынын көбү хауса жана фула элдеринен. Алардын гандоурас же боусбоус деп аталган көк, ак, сары түстөгү узун кийимдерин жана фулфулде тилинде жылуу учурашканын байкабай коюу мүмкүн эмес. Базарда адамдар эч жакка шашпай, жайбаракат жүргөндөй сезилет. Жер-жемиштерди карап жүрсөм, Ибрахим деген сатуучу үч чоң пиязды алып: «Келинчегиң бул пияздарды туурап, күрүчтүн үстүнө сээп, жай отко бышырып берсин»,— деп колума карматып койду.

Арыраак жерде жаңы союлган малдын, көбүнчөсү уйдун, эчкинин этин сатып жатышат. Олбурлуу бир киши союлган малдын бүтүн этин ийинине көтөрүп келип, үстөлдүн үстүнө таштады. Чоң бычактарын ары-бери эптүү шилтеп, этти бөлө-бөлө кескен касапчылар сатып алуучуларды чакырып жатышат. Малды өздөрү союп жегенди каалагандар үчүн базарда эчки, тоок, чочколор да бар.

Келип, даам сызып кеткиле

Африканын базарларын чопхауссуз элестетүү мүмкүн эмес. Камерунда базарларда тамак иче турган жерлерди чопхаус деп аташат. Айрымдар кардарларды тартыш үчүн музыка коюп коюшат. Бирок Африканын тамактарынан даам татып, жергиликтүү эл менен баарлашуу үчүн тынч жерлерди да тапса болот. Тамактын тизмесин, адатта, тактага жазып коюшат, жергиликтүү тамактарды билбегендерге болсо түшүндүрүп беришет.

Жергиликтүү тамактардын негизгилери: күрүч жана фуфу. Фуфу маниоканын, банандын же ямстын пюресинен жасалат. Улуттук тамактарга окрадан, жер жаңгактан же помидордон жасалган соус кошулган отко какталып бышырылган балык, уйдун жана тооктун эти да кирет. Чопхаустарда эч ким эч жакка шашпайт. Андыктан ал жерде башкалар менен жай отуруп, жай сүйлөшүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Чопхауска кирип отурганыбызда жаныбызга эки официант кыз келди. Алардын бири чоң темир табакка куурулган эт менен балык чогуу салынган күрүч, фасоль жана фуфуну булоолонто алып келди. Аларга окрадан жасалган соус куюлуптур. Табакта ошондой эле ачууну жакшы көргөндөр үчүн кичинекей идишке куюлган кызыл калемпирден жасалган соус да бар экен. Экинчиси сүлгү менен кол жууганга суу жана чылапчын алып келди. Улуттук тамактар, адатта, кол менен желгендиктен тамактын алдында кол жуу маанилүү. Бул жакта адамдардын тамак ичерде тиленгени жана коңшу үстөлдөгүлөрдүн тиленүүсүнө кошулуп «оомийин» дегени жат көрүнүштөрдөн эмес.

Базарда жакшы кабар айтуу

Базарлар адамдардын жашоосунда маанилүү роль ойноп келет. Базарлардан бир нерселерди сатып алууга же сатууга, жаңылыктар менен бөлүшүүгө, досторду жолуктурууга, атүгүл жумуш табууга болот. Ыйык Китепте Иса пайгамбардын базар аянттарында адамдарды Кудай жөнүндө окутканы жана аларды ооруларынан айыктырганы айтылат. Элчи Пабыл да «базар аянтынан кезиккендер менен талкуу жүргүзчү» (Элчилер 17:16, 17; Марк 6:56). Ошо сыяктуу эле, Жахабанын Камерундагы Күбөлөрү адамдарга жакшы кабар айтууга базарлар абдан ылайыктуу жер экенине кошулушат. (Окурманыбыздан.)

[18-беттеги сүрөт]

Түркүн-түстүү калемпирлер