Алдамчылыкка барууга эмнелер түртөт?
Алдамчылыкка барууга эмнелер түртөт?
«Азыр заман башка. Алдабасаң, ишиң жүрбөйт» (Стивен, АКШ).
ЖОГОРУДАГЫ сөздөргө кошуласыңарбы? Айрымдар алдамчылыкка барып, кыска убакытка пайда көрүшү мүмкүн. Андай кишилер чынчыл болууга аракет кылгандарга кысым көрсөтүп, алдамчылыкка түртүшөт.
Азгырык. Көп акча таап, май чайнаган кимге эле жакпасын? Ошондуктан алдамчылык менен көбүрөөк акча тапканга мүмкүнчүлүк болуп калганда азгырыкка каршы туруу кыйын болуп калат.
● «Менин милдетиме башка ишканалар менен келишим түзүү кирет. Пара сунуш кылган учурлар көп болот. Андайда оңой жол менен акча тапканга азгырылып кетүү бат эле» (Френц, Ортоңку Чыгыш).
Алдаганга мажбурлоо. Акыркы жылдары бизнес дүйнөсүндө экономикалык каатчылыктын айынан ар кандай кыйынчылыктар болуп жатат. Анын үстүнө, техниканын улам жаңысы чыгып, соода-сатык тармагында атаандаштык да өсүүдө. Көбүнчө жумушчулар чоңдордун талабын аткарып, алардын мүдөөсүн кандырыш үчүн алдаганга мажбур болушат.
● Пара бергени үчүн соттолгон Рейнхард Сиекасзек: «Пара бербесек, мекеме кирешесиз калат деп ойлогонбуз»,— дейт («Нью-Йорк таймс»).
Башкалардын кысымы. Чогуу иштегендер же кардарлар кээде чынчыл болгонго аракет кылгандарды өздөрүнө кошулуп арам ишке барып, алдаганга азгырышы мүмкүн, атүгүл мажбурлаган учурлар да болот.
● «Биз менен көп иштешкен бир фирманын жетекчиси аны ыраазы кылып, бир нерсе бербесем, биздин мекеме менен иштешпей коёрун айткан» (Жохан, Түштүк Африка).
Маданият. Айрым өлкөлөрдө кандайдыр бир иш жүргүзүш үчүн эки тараптын бири-бирине белек бергени адаттагы нерсе. Белектин кандай жагдайда жана кандай өлчөмдө берилгенинен кээде анын пара экенин же чай ичип коюш үчүн эле берилген акча экенин айырмалоо кыйынга туруп калат. Көптөгөн өлкөлөрдө мамлекеттик кызматкерлер милдетин аткарарда ачык эле акча сурашат жана кандайдыр бир ишти аткарып беришин сурап акча берсең, алып коюшат.
● «Көп учурда пара бердиби же жөн эле ыраазы кылыш үчүн бердиби, айырмасын билбей каласың» (Уильям, Колумбия).
Чөйрө. Жакыр жашагандар же мыйзамды бузуу адатка айланып калган өлкөлөрдө жашагандар алдамчылыкка барууга мажбур болушат. Андай өлкөлөрдө алдабагандар же уурдабагандар үй-бүлөсүн бага албаган кишилер катары эсептелиши мүмкүн.
● «Эгер кармалып калбасаң, алдамчылыкка барганың боло жүргөн нерсе катары, атүгүл туура, зарыл нерсе катары каралат» (Томаси, Конго Киншаса).
Чынчылдык бааланбай калды
Башкалардын кысымынан улам алдамчылыкка баргандар абдан көп. Австралияда жүргүзүлгөн сурамжылоодо он ишкердин тогузу пара берүүнү же пара алууну «туура эмес деп эсептешерин, бирок ансыз мүмкүн эмес экенин» айтышкан. Ошондой эле келишим түзүш үчүн же мекемесинин пайдасы үчүн абийирине каршы иш кылып, алдамчылыкка барууга даяр экенин билдиришкен.
Бирок алдамчылыкка баргандардын көбү өздөрүн чынчыл деп эсептешет. Алардын айткандары кылган ишине дал келеби? Соода-сатык тармагын изилдөөгө арналган бир журналда: «Адамдар пайда көрүш үчүн баарына даяр болуп, алдамчылыкка барышат, бирок өздөрүн чынчыл, адил адам катары эсептешет»,— деп жазылган. Алар абийири кыйнабашы үчүн алдамчылыкты ар кандай жолдор менен актаганга аракет кылышат («Journal of Marketing Research»).
Мисалы, көптөр алдамчылыкты жаман иш деп эсептешпейт. Адамдар алдамчылык менен калпты максатына жетүүнүн «кыска жолу» катары карап калышты жана алар алдаган жагынан «биринен бири кем калышпайт». Параны тек гана «алдын ала төлөнгөн акча» же «ыраазычылык билдирүүнүн жолу» катары көрүшөт.
Башкалар чынчылдык деген түшүнүктү бурмалоо менен өздөрүнүн туура эмес ишин акташат. Бир мекемеде иштеген Том: «Адамдар туура эмес ишин актап, жагдайдан кутулуп чыгып кеткенин алдагандыкка жатпайт деп эсептеши мүмкүн. Бирок алардын иши, чын-чынына келгенде, алдамчылыкка жатат»,— дейт. Мурун бизнес чөйрөсүнө аралашып жүргөн Дейвид болсо мындай деп ой бөлүшөт: «Адамдын айыбы ачылып калганда, анын кылганы туура эмес деп каралат, ал эми кармалбаса, эч кандай деле жаман иш кылган жок деп ойлошот. Кылган иши үчүн кармалып калбай, жагдайдан чыгып кеткендерди „тапкыч“, акылдуу киши катары көрүшөт».
Көптөр азыркы заманда алдабасаң, жашай албайсың деп ырасташат. Бир топ убактан бери бизнес менен алектенген бир киши мындай дейт: «Азыркы учурда жумуш таап, ошол жумушта иштеп калыш кыйын болуп бараткандыктан айрымдар: „Жумушка орношуш үчүн баарын кылганга даяр болушуң керек“,— деп айтышат». Чынында эле ошондойбу? Же алдамчылыкты актагысы келгендер өздөрүн «туура эмес ой жүгүртүү менен» алдап жатышабы? (Жакып 1:22). Кийинки макаладан чынчыл болуунун кандай пайдалары бар экенин биле алабыз.
[5-беттеги кыстырма]
«Адамдар туура эмес ишин актап, жагдайдан кутулуп чыгып кеткенин алдагандыкка жатпайт деп эсептеши мүмкүн. Бирок алардын иши, чын-чынына келгенде, алдамчылыкка жатат»
[5-беттеги кыстырма]
Көптөр азыркы заманда алдабасаң, жашай албайсың деп ырасташат