Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнөдөгү эң чоң гүл

Дүйнөдөгү эң чоң гүл

Дүйнөдөгү эң чоң гүл

«ЖҮРСӨҢҮЗ, сэр, бул жакка жүрсөңүз! Карасаңыз, аябай чоң, укмуштуудай кооз гүл экен»,— деди таң кала Жозеф Арнольддун жанындагы жол көрсөтүп жүргөн кишиси. Англиялык табият таануучу Жозеф Арнольд өсүмдүктөрдү чогултуш үчүн 1818-жылы Индонезиядагы Суматра аралына экспедицияга барган. Так ошондо ал ошол таң калыштуу гүлдү көргөн. Андан бери 200 жылдай өтсө да, рафлезиянын түркүмүнө кирген ал гүл дагы деле дүйнөдөгү эң чоң гүл болуп эсептелет.

Рафлезиянын ондогон түрү бар. Анын баары Түштүк-Чыгыш Азиянын тропикалык токойлорунда гана өсөт. Бирок окумуштуулар ал гүлдүн жаңы түрлөрүн да табышууда. Алардын ичинен эң чоңу — Рафлезия арнольд гүлү. Ал гүл Жозеф Арнольддун жана аны менен чогуу экспедицияга барган, Сингапурдун негиздөөчүсү жана башкаруучусу Томас Стэмфорд Раффлздын атынан аталып калган. Рафлезия гүлү, чынында эле, аябай кооз, бирок, өкүнүчтүүсү, андан гүлдесте жасай албайсың.

Себеби, биринчиден, ал аябай чоң. Анын диаметри автобустун дөңгөлөгүнө тең келип, бир метрге чейин жетет *. Салмагы болсо 11 килограммдай болот. Ал гүлдүн кызгылт күрөң келген эттүү беш желекчеси жана сөөлдөргө окшогон агыш темгилдери бар. Ортосунда болсо 6 литр суу баткыдай чөйчөккө окшош көңдөйү болот.

Экинчиден, рафлезия гүлү жагымсыз жыттанып, каңылжаарды жарып жиберет. Айрымдар аны бузулуп бараткан топоздун этиндей жыттанат деп айтышат. Ушундан улам аны өлүмтүк жыттанган лилия деп да аташат *. Бирок дал ошол «аңкыган» жыт рафлезия гүлүн чаңдаштырган кыкчыл чымындарды өзүнө тартып турат.

Рафлезия гүлүнүн сабагы да, жалбырагы да, тамыры да болбойт. Ал — тропик лианаларынын айрым түрлөрүнө жабышып өсүүчү мите өсүмдүк. Анын түйүлдүгү лиананын сабагын жарып чыгып, болжол менен он айдан кийин көлөмү чоң капустадай болуп калат. Анан бир нече сааттан кийин эттүү желекчелери толук ачылат да, көркүнө чыгат. Ортосундагы чөйчөккө окшогон көңдөйүндө болсо жумшак, учтуу талчалары бар. Ал талчалардын кандай роль аткарары азырынча белгисиз, бирок айрым окумуштуулардын айтымында, алар жылуулукту бөлүп чыгарат. Ошондуктан ал гүлдүн каңырсыган жыты ого бетер «аңкып» турат.

Бирок рафлезиянын кереметтүү сулуулугу тез эле өтүп кетет. Ал бир нече күндөн кийин эле соолуп, чирий баштайт да, былжырап калат.

Рафлезия арнольд гүлү өтө сейрек кездешкен жана азайып бараткан гүлдөрдүн түрүнө кирет. Эмне үчүн? Ал гүлдөр чаңдаша алышы үчүн аталык гүл менен энелик гүл бири-бирине жакын өсүшү керек. Бирок алардын көпчүлүгү желекчелерин жайып, ачылганга жетишпей калат. Себеби түйүлдүк кезинде эле аны дары-дармек жана чүйгүн тамак катары кеңири колдонушат. Алардын кескин түрдө азайып кетишинин бир себеби ушунда. Тропикалык токойлордун кыйылышы да буга себеп болууда.

Рафлезияны өз көзү менен көргөндөр көп эмес. Анын көлөмү, формасы, өңү кимди болбосун таңдандырат. Ал эми «укмуштуудай» жыты эстен кетпейт. Албетте, дүйнөдөгү ал эң чоң гүл Жараткандын көптөгөн кереметтеринин бири гана. Байыркы учурда жашаган бир пайгамбар Кудайды: «Жасаган иштериң кандай көп, оо, Жахаба! Сен баарын акылмандык менен жараткансың. Жер сенин колуңан бүткөн нерселерге толгон»,— деп бекеринен даңктаган эмес (Забур 104:24).

[Шилтемелер]

^ 4-абз. Рафлезия гүлүнүн кээ бир түрлөрүнүн диаметри 10 сантиметрге гана жетет.

^ 5-абз. Алп аморфофаллусту (Amorphophallus titanum) да өлүмтүк жыттанган гүл деп аташат. Кээде аны рафлезия менен алмаштырып алышат. Карагыла: «Ойгонгула!», 2000-жыл, 22-июнь, 31-бет, ор.

[15-беттеги сүрөт]

МАЛАЙЗИЯ

СУМАТРА

Ачылайын деп турган рафлезия