Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Канчалык узак жашай алабыз?

Канчалык узак жашай алабыз?

ХЕРИЕТ 175 жыл жашап, 2006-жылы өлгөн. Хериет адам болгон эмес, ал Австралиядагы зоопаркта жашаган Галапагос таш бакасы болчу. Адамга салыштырмалуу ал аябай эле узак жашаган. Бирок айрым жандыктарга, дарактарга салыштырганда анын өмүр жашы кыска эле болуп калат. Келгиле, айрым мисалдарды карап көрөлү.

  • Финляндиядагы изилдөөчүлөрдүн айтымында, өзөн берметчени (молюска) 200 жылдан ашуун убакыт жашашы ыктымал.

  • Океанда жашаган куахог (молюска) болсо, адатта, 100 жылдан ашык жашайт, атүгүл бир билдирүүдө 400 жылдан ашык жашай алары айтылган.

  • Айрым дарактар, мисалы, секвойя, карагай, кипаристин кээ бир түрлөрү, кызыл карагайдын бир түрү миң жылдан ашык жашайт.

Ал эми булардын баарынан өйдө турган адам баласы узак жашаганга канчалык аракет кылса да, анын өмүрү, болгону, 80 же 90 жылга созулат.

Кандай деп ойлойсуңар, адамдын жашы 80 жыл менен эле чектелеби же андан көп жашашы мүмкүнбү? Көптөр өмүрдү узартканга илим менен медициналык технологиялар жардам берет деп үмүттөнүшөт.

 Илим жардам бере алабы?

Илим адамдардын ден соолугун жакшыртууга жана медициналык технологиянын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келет. «[Кошмо Штаттарда] жугуштуу оорудан же төрөттөн өлгөндөрдүн саны аз,— делет „Сайентифик америкэн“ журналында.— Чарчап калган балдардын санынын көрсөткүчү 1960-жылдан бери 75 пайызга төмөндөдү». Бирок өмүрдү узартууда илим тармагында көзгө көрүнгүдөй деле ийгилик жасалган жок. Ошол эле журналдын башка санында мындай деп жазылган: «Каруу процесси ондогон жылдардан бери изилденип келе жатса да, дээрлик сыр бойдон калууда. Клеткалардын өрчүшүн жөнгө салып турган генетикалык программа тийиштүү түрдө иштебей калганда, каруу процесси башталат... Эгер ал генетикалык процесс болсо, бир күнү аны токтотуу мүмкүн болоттур».

«Каруу процесси ондогон жылдардан бери изилденип келе жатса да, дээрлик сыр бойдон калууда»

Карылыктын себебин, анын ичинде жаштын өтүшү менен пайда болгон ооруларды изилдеген окумуштуулардын айрымдары генетиканын учурда өнүгүп жаткан тармагын — эпигенетиканы — изилдеп жатышат. Эпигенетика деген эмне?

Тирүү клеткаларда жаңы клеткалардын пайда болушуна зарыл болгон генетикалык маалымат камтылат. Ал маалыматтын көбү геномдо болот. Геном ДНКдагы бардык гендерге карата айтылат. Акыркы мезгилде окумуштуулар клеткадагы башка механизмдердин жыйындысын — эпигеномду — терең изилдеп жатышат. Эпигенетика ушул механизмдердин тобун жана алардын химиялык реакцияларын изилдейт.

Эпигеномду түзгөн малекулалар ДНКга окшош эмес. ДНК буралган тепкичке же кош спиралга окшош, ал эми эпигеном ДНКга тиркелген химиялык белгилердин системасы болуп эсептелет. Ал кандай функцияны аткарат? Оркестрды жетектеген дирижёр сыяктуу, эпигеном ДНКдагы генетикалык маалыматтын багытын жетектеп турат. Малекулярдык белгилер клетканын муктаждыгына жараша жана сырткы факторлорго, мисалы, ичкен тамак-ашка, стресске, организмдин ууланышына жараша гендердин жыйнагын ишке киргизет же киргизбейт. Эпигеномго байланыштуу изилдөөлөр биология илимдеринде жаңы ачылылыштарды пайда кылды. Ал ачылыштардын биринде кээ бир оорулар менен карылыкка эпигенетикалык факторлордун катыштыгы бар экени айкын болгон.

«Шизофрениядан ревматоиддик артритке чейин, рактан өнөкөт ооруларга чейин [эпигенетикалык факторлордун] катыштыгы бар,— дейт ушул тармакты изилдеген Нэсса Кэри.— Ошондой эле анын каруу процессинде да роль ойноору шексиз». Андыктан эпигенетиканы изилдөөнүн аркасында ден соолукту чыңдоого, оорулар менен, анын ичинде рак менен күрөшүүгө, өмүрдү узартууга жардам берген ыкмалар табылышы мүмкүн. Бирок азырынча бул жагынан чоң жетишкендиктер боло элек. «Биз [карыбаш үчүн] мурун кылып келген эле нерселерди кылып жатабыз: көп жер-жемиш жейбиз, көп көнүгүү жасайбыз»,— деп сөзүн улайт Кэри.

Эмне үчүн адамдар узак жашаш үчүн колунан келгендин баарын кылышат? Деги эле, эмне үчүн түбөлүк жашагыбыз келет? Же, Британияда чыккан «Таймс» гезитинде айтылгандай, эмне үчүн «адамдар өлбөстүк, тирилүү, өлгөндөн кийинки жашоо же жандын башка түргө өтүшү сыяктуу ой толгоолорду ойлоп чыгарып, өлбөй жашоонун амалын издейт?» Келгиле, ушул суроолордун жообун карап чыгалы. Бул бизге эмне себептен карый турганыбызды түшүнгөнгө жардам берет.

Эмне үчүн түбөлүк жашагыбыз келет?

Бул суроого адамдар тээ алмустактан бери эле жооп издеп келишет. «Адамдар эмне үчүн түбөлүк жашагысы келет жана адамдын организми эмне үчүн түбөлүк жашай тургандай болуп жаралган?» — деген суроого канааттандырарлык жооп таба алабызбы? Көптөр адамдын табиятына байланыштуу көптөгөн суроолорго Ыйык Китептен жооп ала алышкан.

 Адам баласы менен жан-жаныбарлардын ортосунда окшоштуктар болсо да, негизинен, алардын бири-биринен аябай айырмаланары Ыйык Китептин алгачкы аяттарында эле айтылат. Мисалы, Башталыш китебинин 1-бөлүмүнүн 27-аятында жазылгандай, Кудай адамдарды өзүнө окшош кылып жараткан. Кандайча? Биз сүйүү, адилеттүүлүк, акылмандуулук сыяктуу сапаттарды чагылдыра ала тургандай болуп жаралганбыз. Ошондой эле Кудай өзү түбөлүк жашагандыктан бизди да түбөлүк жашагыбыз келген каалоо менен жараткан. Ыйык Китепте: «Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган»,— деп айтылат (Насаатчы 3:11).

Адамдын азыркыга салыштырмалуу аябай эле көп жашай тургандай болуп жаралганын, өзгөчө, мээсинин үйрөнүү жөндөмдүүлүгү далилдеп турат. Мээ жөнүндө жазылган бир энциклопедияда адамдын мээсинин маалыматты узак мөөнөткө чейин сактай турган жөндөмдүүлүгүнүн чексиз мүмкүнчүлүккө ээ экени айтылат («The Encyclopedia of the Brain and Brain Disorders»). Эгер адам андай жөндөмдүүлүктү колдонбой турган болсо, ал ага эмне үчүн берилмек эле? Ооба, адам баласынын табияты Кудайдын аларды эң башында түбөлүк өмүр сүргүдөй кылып жаратканын далилдеп турат. Анда эмне үчүн карыйбыз, азап чегебиз жана өлөбүз?

 Эмне үчүн карыйбыз жана өлөбүз?

Кудай биринчи эркек менен аялды жеткилең кылып, чечим чыгаруу эркиндиги менен жараткан. Өкүнүчтүүсү, алар чечим чыгаруу эркиндигин туура эмес колдонуп, Жаратканга каршы чыгышкан * (Башталыш 2:16, 17; 3:6—11). Ошентип, Кудайга баш ийбей анын алдында чоң күнөөгө батышкан. Натыйжада карып, акыры, өлүмгө моюн сунушкан. Ыйык Китепте: «Өлүмгө дуушар кыла турган... ийне — күнөө»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 15:56).

Адамдын организминде тукум кууй турган факторлор бар. Ошондуктан Адам ата менен Обо эненин урпактарына жеткилеңсиздик жана күнөө, тактап айтканда, жаман нерсе кылууга болгон жакындык тукум кууп өткөн. Ыйык Китепте: «Бир киши аркылуу дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу өлүм кирген, өлүм болсо бардык адамдарга өткөн, себеби баары күнөө кылган»,— делет (Римдиктер 5:12).

Буга чейин айтылгандардан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Лабораториялардан түбөлүк өмүр сүрүүнүн сырын ачуу мүмкүн эмес. Күнөөнүн кесепетин Кудай гана жоё алат. Бул тууралуу Ыйык Китептен биле алабыз.

«Ал өлүмдү түбөлүккө жок кылат»

Күнөө менен өлүмдү жок кылыш үчүн Кудай маанилүү бир нерсе кылган. Иса Машаяк биз үчүн өмүрүн бериши үчүн, аны жерге жиберген. Иса Машаяктын өмүрүн бергенинин аркасында адамзат кандай бата алат? Ал жеткилең болуп төрөлгөн жана «эч күнөө кылган эмес» (1 Петир 2:22). Ошондуктан жер бетинде жеткилең адам катары түбөлүк жашай алмак. Бирок ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн өмүрүн курмандыкка чалып, «жанын кун катары берген» (Матай 20:28). Ал төлөгөн кун жакында биздин пайдабыз үчүн толугу менен колдонулат. Бул силер үчүн эмнени билдирет? Келгиле анда, төмөндөгү аяттарды карап чыгалы.

  • «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16).

  • «Ал өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт» (Ышая 25:8).

  • «Акыркы душман — өлүм жок кылынат» (1 Корунттуктар 15:26).

  • «Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот... Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт» (Аян 21:3, 4).

Канчалык узак жашай алабыз? Ыйык Китептен билгенибиздей, адам баласында түбөлүк өмүр сүргөнгө мүмкүнчүлүк бар. Ал Кудай жерди жамандыктан тазалагандан кийин ишке ашат (Забур 37:28, 29). Иса Машаяк ошол жөнүндө бир кишиге: «Сен мени менен Бейиште болосуң»,— деген (Лука 23:43).

Адамдын түбөлүк өмүр сүргүсү келгенинин жөнү бар жана ал — табигый эле каалоо. Кудай бизди түбөлүк жашай тургандай кылып жараткан. Жакында ал биздин ошол каалообузду орундатат (Забур 145:16). Бирок бизден бир нерсе талап кылынат. Биз Кудайга ишенишибиз керек. Ыйык Китепте: «Ишеним болбосо, Кудайга жагуу мүмкүн эмес, анткени Кудайга жакындагандар анын бар экенине жана аны талыкпай издегендерге сыйлык берерине ишениши керек»,— деп айтылат (Еврейлер 11:6). Бирок Кудайга ишенүү ишенчээк болууну билдирбейт, ишеним Ыйык Китептеги так билимге негизделет (Еврейлер 11:1). Эгер ушундай ишеним өрчүткүңөр келсе, силер жакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар же www.mr1310.com/ky веб-сайтына кирсеңер болот.

^ абз. 21 Адам ата менен Обо эне Кудайга каршы чыкканда, Кудайга тиешелүү олуттуу маселе көтөрүлгөн. Кудайдын жамандыкка эмне үчүн жол берип жатканын түшүнгөнгө жардам берген ал маселе тууралуу «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептен биле аласыңар. Ал китепти www.mr1310.com/ky сайтынан окусаңар болот.