Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Италия

2011-жылы Италияда автоунаага караганда велосипед көп сатылган. Буга башка нерселер менен бирге, кыязы, каржы каатчылыгы, күйүүчү майдын кымбатташы жана автоунааны жакшы абалда күтүүгө каражаттын көп кетиши себеп болгон. Ал эми велосипед колдонгондор көп деле чыгым болбойт, аны колдонуу да оңой жана ыңгайлуу.

Армения

Адам укуктары боюнча Европа соту Армения өкмөтүн Коргоо министрлигинин көзөмөлү алдындагы жарандык кызматты өтөөдөн баш тарткан, Жахабанын Күбөсү болгон 17 уландын укуктарын тепселегени үчүн айыптуу деп тапты. Армения өкмөтү аларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга, сот чыгымдарын жабууга милдеттендирилди.

Жапония

Социалдык тармактардын айынан кылмышкерлердин курмандыгы болгон балдардын 63 пайызына ата-энелери андай тармактардын коркунучтуу жактарын эскертишкен эмес. 599 иш териштирилип жатканда кылмышка шектүү деп табылган адамдардын 74 пайызы андай сайттарды жашы жете электер менен жыныстык катнашта болуу үчүн колдонушарын мойнуна алышкан.

Кытай

Жол тыгынын азайтуу максатында Кытайдын ири шаарларында жаңы автоунааларды каттоону азайтуу үчүн чара көрүлүүдө. Мындан ары Пекинде жылына 24 0000 унаа гана каттоодон өткөрүлөт. 2012-жылдын августунда 1 050 000 киши унаасын каттоодон өткөрүүгө арыз берген. Бирок алардын 19 926сы гана, 53 кишинин 1и эле, каттоо күбөлүгүн алган.