Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Кошмо штаттар

Бир изилдөөдөн жөө жүргөн кишилердин дээрлик үчтөн бири унаа кыйма-чийме өткөн чоң көчөлөрдөн өтүп баратканда музыка угуп же телефон менен сүйлөшүп, же дагы башка ар кандай нерселерди кылып алаксып кетери айкын болгон. Өзгөчө, SMS жазышуу кооптуу болору байкалган. Алардын эч нерсеге алаксыбай өтүп бараткандарга салыштырмалуу 18 пайызга жай өтөрү жана светофорду карабай турганы, өтпөш керек болгон жерден өтүп кетери же жолдон эки жагын карабай өтөрү 3,9 эсеге көп кездешери аныкталган.

Нигерия

Нигериядан Европага киши алып барып саткандар аялдарды ырым-жырымдарды кылган дин кызматчыларга алып барып, эч кимге эч нерсе айтпоого ант бердиртишет. Ал аялдар антын бузса, каардуу рухтар жазалайт деп аябай коркушат. Киши саткандар ошондон пайдаланып, аларга үстөмдүк кылышат, денесин сатып кул болгонго мажбурлашат.

Испания

Көптөн бери жумушсуз жүргөндөрдүн 5—10 пайызы резюмесине университеттик илимий даражалары, кесиптик тажрыйбасы жөнүндө жазбай коюшат, анткени бул аларды жогорку деңгээлдеги адистей кылып көрсөтүп коюшу мүмкүн.

Дүйнө жүзү

Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө тийиштүү желдетүү системасы жок ачык мештерден чыккан түтүн өлүмдүн негизги себептеринин бири болуп келет. Ал өлкөлөрдө жылына 4 миллион адам дем алуу органдарын жабыркаткан оорулардан каза болот. Изилдөөчүлөр күйүп жаткан жыгачтан же көмүрдөн бөлүнүп чыккан зыяндуу химиялык заттар, тамекинин түтүнүндөгү уулуу заттардай эле, өлүмгө дуушар кыларын айтышат.