Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Толеранттуулук

Толеранттуулук

Сабырдуулук, кечиримдүүлүк, толеранттуулук тынчтыкка шарт түзгөн нерселер деп саналат. Анда бардык нерсеге толеранттуу мамиле кылуу керекпи?

Толеранттуулуктун артында эмне жатат?

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ

толерантсыздыктын таасири күч болууда. Жагдайды расалар, уруулар арасындагы бөлүнүүчүлүк, улутчулдук, диний экстремизм ого бетер курчутууда.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Исанын күндөрүндө башкалардын көз карашын, кадырын сыйлабастык кеңири жайылган. Алсак, жүйүттөр менен самариялыктар бири-бирин жек көрчү (Жакан 4:9). Аялдар басынтылчу. Диний жетекчилер карапайым элди теңине алчу эмес (Жакан 7:49). Иса андай адамдардан айырмаланып турган. Ага каршы чыккандар аны «күнөөкөрлөрдү кабыл алып, алар менен бирге тамак ичет» деп жаман көрүшкөн (Лука 15:2). Иса Машаяк боорукер, чыдамдуу болгон, башкалардын көз карашын, кадыр-баркын сыйлаган. Анткени ал адамдарды соттош үчүн эмес, Кудайга жакындатыш үчүн келген. Ага түрткү берген эң негизги күч сүйүү болгон (Жакан 3:17; 13:34).

Толеранттуулуктун мыкты үлгүсүн көрсөткөн Иса адамдарды соттош үчүн эмес, Кудайга жакындатыш үчүн келген

Толеранттуулуктун артында жаткан сүйүү сапаты кишинин кемчилигине, өзгөчөлүктөрүнө карабайт. Ыйык Китепте: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— делген (Колосалыктар 3:13).

«Бири-бириңерди жан-дилиңер менен сүйгүлө, анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт» (1 Петир 4:8).

Толеранттуулуктун чеги болушу керекпи?

БҮГҮНКҮ КҮНДӨ

ар бир эле коомдо адамдын жүрүм-турумун жөнгө салган мыйзам-эрежелер бар.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте: «[Сүйүү] адепсиздик кылбайт»,— делет (1 Корунттуктар 13:5). Иса толеранттуулуктун мыкты үлгүсүн көрсөтсө да, адепсиздикке, эки жүздүүлүккө жана ушу сыяктуу нерселерге көз жумбай, туура эмес экенин тайманбай айткан (Матай 23:13). Ал: «Жаман иштерди кылган адам жарыкты [Кудайдын жолун] жек көрөт»,— деген (Жакан 3:20).

Элчи Пабыл да: «Жамандыктан жийиркенип, жакшылыкка умтулгула»,— деген (Римдиктер 12:9). Өзү да ошенткен. Мисалы, бир жолу Исанын жүйүт жолдоочуларынын айрымдары жүйүт эмес жолдоочуларынан оолактап жатканын көргөндө, өзү жүйүт болсо да, алардын кылганы туура эмес экенин ачык эле айткан (Галатиялыктар 2:11—14). Ал Кудайдын «бет карама эмес» экенин жана кызматчыларынын улутка карап бөлүнүшүнө көз жумбасын билген (Элчилер 10:34).

Жахабанын Күбөлөрүнүн жүрүм-турум нормалары Ыйык Китепке негизделет (Ышая 33:22). Андыктан алардын арасында жаман жүрүм-турумга көз жумду мамиле кылынбайт. Кудайдын нормаларын бузгандарга Кудайдын таза элин булгоого жол берилбейт. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги «жаман кишини араңардан чыгарып салгыла» деген буйрукка ылайык иш кылат (1 Корунттуктар 5:11—13).

«Жахабаны жакшы көргөндөр, жамандыкты жек көргүлө» (Забур 97:10).

Кудай жамандыкка жол бере береби?

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөр адам баласы табиятынан жамандык кылууга жакын келгендиктен, жамандыктан арылуу мүмкүн эмес дешет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Хабакук пайгамбар Кудайга кайрылып: «Эмнеге кырсык-каргашаларды унчукпай карап турасың? Эмнеге талап-тоноочулук, зордук-зомбулук, чыр-чатак, уруш-талаштар болуп жатат?» — деп зарлаган (Хабакук 1:3). Ошондо ал ага ыймансыздарды жоопко тартарын айтып, убадасын кечиктирбей аткарарына ынандырган (Хабакук 2:3).

Бирок жаман жолдо жүргөндөрдүн оңолууга мүмкүнчүлүгү бар. Ыйык Китепте Кудайдын: «Мен ыймансыздын өлгөнүнө сүйүнөмбү?.. Жок, мен анын өз жолдорунан кайтканына, тирүү жүргөнүнө сүйүнөм»,— дегени жазылган (Жезекиел 18:23). Жаман ишин таштап, Жахаба Кудайдын жолуна түшкөндөр жаркын келечекке үмүттөнө алышат. Себеби Кудай: «Мени уккандар жамандыктан коркпой, коопсуз жашашат»,— деп убада берген (Накыл сөздөр 1:33).

«Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот... Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат» (Забур 37:10, 11).