Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Хивадагы Ичан-Каланын дубалдары

ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Өзбекстанга саякат

Өзбекстанга саякат

МАВЕРАННАХР. Дарыялар ортосундагы өлкө. Тартария. Туркестан. Мунун баары — учурдагы Өзбекстан мамлекети кирген байыркы тарыхый аймактын аттары. 15-кылымдан тартып Кытай менен Жер Ортолук деңиз чөлкөмүндөгү өлкөлөрдү бириктирген Улуу жибек жолу менен саякаттаган соодагерлер Өзбекстандын шаарларына көп токтошчу. Азыр өлкөнүн жеңил өнөр жайында пахтадан жасалган кездемелер басымдуулук кылат. Ошондой эле пахтадан, жүндөн, жибектен токулган кооз килемдер сатылат.

Өзбектердин маданиятына көптөгөн улуттар таасир этип келген. Өзбек жергесинин тоолорун жана чөлдөрүн атагы алыска кеткен баскынчылар басып өткөн. Алардын арасында жубайы Роксананы ушул жерден кезиктирген Искендер Зулкарнайн, монгол жеринен чыккан Чынгызхан, ушул аймактан чыккан жана тарыхтагы эң чоң империялардын бирин башкарган Тимур (Тамерлан) болгон.

Улуттук кийим

Өзбекстанда куполу чоподон жасалган ачык көк түстөгү жука кыштар менен кооздолгон, түркүн түстүү заңкайган имараттар көп. Алардын көбү мектеп катары колдонулат.

Улуу жибек жолу. Биздин заманга чейин эле колдонула баштаган жана б.з. 15-кылымынын аягында Индияга деңиз жолу ачылганга чейин колдонулуп келген бул жол тармагы дүйнөлүк соода-сатыкта башкы ролду ойногон. Жолдун бир бөлүгү Өзбекстандын аймагынан өткөн.

Жибек килем токуп жаткандар

Арал деңизи. Суусу сугатка колдонулгандыктан, бир кезде дүйнөдө чоңдугу боюнча 4чү деп саналган Арал деңизи азыр соолуп баратат. Башка Борбор азиялык өлкөлөр менен биргеликте Өзбекстандын өкмөтү бул маселени чечүүгө аракеттенүүдө.

Алфавиттин өзгөрүшү. 8-кылымда ислам баскынчылары басып алып, араб тили кеңири колдонула баштаганга чейин ар кандай тилдер таралган. Өлкө Советтер Союзуна киргенде, алгач латын алфавити колдонулуп, 1930-жылдардын аягында кириллица алфавити колдонула баштаган. 1993-жылы болсо латын арибине негизделген өзбек алфавити кабыл алынган.

Базардагы кургатылган мөмө-жемиштер