Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаратканымды 90 жылдан бери эсимден чыгарбай келем

Жаратканымды 90 жылдан бери эсимден чыгарбай келем

Жаратканымды 90 жылдан бери эсимден чыгарбай келем

Айтып берген: Эдвин Рижуэл

БИР миң тогуз жүз он сегизинчи жылы мугалимдер күтүлбөгөн жерден мектептеги балдарды 11-ноябрды, Биринчи дүйнөлүк согуштун аякташын, белгилөө үчүн чогултуп калышты. Анда мен беште эле болчумун, кайсы майрам белгиленип жатканын анча түшүнгөн жокмун. Ага чейин ата-энем мага Кудай жөнүндө көп айтар эле, ошондуктан ал майрамга катышкым келген жок. Мен Кудайга тилендим, анан өзүмөн өзүм эле кармана албай ыйлай баштадым. Эмнеси болсо да, майрамга катышкан жокмун. Ошондон тартып Жаратканымды эстен чыгарбоого умтула баштадым (Нас. 12:1).

Ал окуя болордон бир нече ай мурун үй-бүлөбүз менен Шотландиягы Глазго шаарынын жанына көчүп келгенбиз. Көчүп келгенибизге көп өтпөй атам жашоосун өзгөртүүгө түрткү берген «Азыр өмүр сүрүп жаткан миллиондогондор эч качан өлүшпөйт» деген баяндама уккан. Ошентип, атам менен апам Ыйык Китепти изилдей башташкан. Алар Кудайдын Падышалыгы тууралуу жана ал алып келе турган баталар жөнүндө көп сүйлөшө турган. Ата-энем мага да Кудайга болгон сүйүүмдү өстүрүүгө жардам берип, ага таянууга үйрөткөн. Ушундай ата-энени берген Кудайга миң мертебе ыраазымын (Накыл 22:6).

Толук убакыттагы кызматымдын башталышы

15 жашка чыкканда жогорку окуу жайында окууга мүмкүнчүлүк болду, бирок мен толук убакытта кызмат кылгым келчү. Атам мени андай кызматты баштоого али жаш деп эсептегендиктен, бир офисте убактылуу иштеп калдым. Бирок ал каалоом улам күчөй бергендиктен, ошол кездеги дүйнө жүзү боюнча кабар айтуу ишине жетекчилик кылган Ж. Ф. Рутерфорд бир тууганга кат жаздым. Катымда максаттарым тууралуу ал кандай ойдо экенин сурадым. Рутерфорд бир тууган мындай деп жооп жазып жибериптир: «Эгер сен иштегенге жарап калсаң, анда Мырзабызга кызмат кылууга да даярсың деп ойлойм... Мырзабызга ишенимдүү кызмат кылууга бүт күч-аракетиңди жумшасаң, ал сага батасын мол берерине шектенбейм». Анын 1928-жылы 10-мартта жазган каты биздин үй-бүлөгө абдан күчтүү таасир эткен. Көп өтпөй атам, апам, эжем жана мен толук убакыттагы кызматты баштадык.

1931-жылы Лондондо өткөрүлгөн жыйында Рутерфорд бир тууган чет өлкөлөрдө жакшы кабар айтууга ыктыярдуу кызматчылар керек экенин айтты. Мен бул чакырыкка жооп кайтарып, Эндрю Жек менен Литванын ошол кездеги борбор шаарына, Каунаска, дайындалдым. Мен анда 18де болчумун.

Чет өлкөдө кабар айтуу

Ал кезде Литва жакырчылыктан жапа чегип жаткан; анын айыл-кыштактарында кызмат кылуу оңой эмес болчу. Көбүнчө жашаганга үй таба албай кыйналчубуз. Кээ бир жашаган жерлерибиз алиге чейин эсимде. Бир жолу Эндрю экөөбүз түн ичинде уктай албай кыйналганыбыздан туруп, чыракты күйгүздүк. Керебетибизди карасак — быжыраган төшөк канталасы! Бир да соо жерибиз жок, төбөбүздөн бутубузга чейин чагып салышыптыр. Тызылдаган ооруну басаңдатыш үчүн, бир жума бою эртең менен жакын жердеги дарыяга барып, муздак сууга мойнума чейин кирип отурчумун. Бирок эч нерсеге карабай, кызматыбызды токтотпоого чечкиндүү болчубуз. Көп өтпөй башка жерге көчтүк. Бир жаш жубайлар чындыкты кабыл алып, бизди өздөрүнүкүнө жашап турууга чакырышты. Алардын үйү тар, бирок таза болчу. Жерде уктасак да, канталалардан кутулганыбызга сүйүнгөнбүз.

Литвада ал кезде католик жана орус православие диндери үстөмдүк кылчу. Ыйык Китепти сатып алууга байлардын эле акчасы жетчү. Биздин негизги максатыбыз колдон келишинче көбүрөөк аймактарды иштетип, кызыккандарга Ыйык Китепке негизделген адабияттарды көбүрөөк калтыруу эле. Ал үчүн адегенде үйдү шаардан тапканга аракет кылчубуз. Үй тапкандан кийин шаардын чет-жакасын, андан соң шаардын өзүн иштетчүбүз. Ошентип, жергиликтүү дин кызматчылар дүрбөлөң салгыча, аймактарды иштетүүгө үлгүрүп калчубуз.

Элге таанымал болушубуз

1934-жылы Эндрю Каунастагы филиалга дайындалды. Анын ордуна мени менен Жон Семпи кызмат кыла баштады. Ал экөөбүздүн да башыбыздан далай кызыктуу окуялар өттү. Бир жолу чакан шаарчада кабар айтып жүрүп, бир юристтин офисине кирип калдым. Ал киши кабар айтканыма аябай ачууланып, тартмасынан тапанчасын алып чыкты да, офистен чыгып кетишимди буйруду. Ичимен тилендим, анан Ыйык Китептеги: «Момундук менен айтылган жооп каарды токтотот»,— деген сөздөр эсиме түштү (Накыл 15:1). «Мен сизге душман эмесмин, тек гана жакшы кабар менен бөлүшөйүн деп келгем. Сабырдуулук көрсөткөнүңүзгө чоң рахмат» — дегенимде, анын тапанчаны тырыша кармаган колдору бошой түштү. Анан офистен акырын чыгып кеттим.

Ошол күнү Жон да бир окуяга кабылыптыр. Бир аял чоң суммадагы акчамды уурдап алды деп, Жонго жалган жалаа жааптыр. Ал аялга Жон кабар айткан экен. Анан аны полиция участогуна алып барып, чөнтөк-башын аңтарып, атүгүл бүт бойдон чечинтишиптир. Жон эч кандай акча уурдабагандыктан, албетте, андан эч нерсе табышкан эмес. Көп өтпөй акчаны уурдаган киши да кармалыптыр.

Экөөбүз менен болгон окуялар ал шаарчага бат эле тарап кетип, ал жердегилердин баарына таанымал болуп калганбыз!

Жашыруун жүргүзгөн иштерибиз

Кабар айтуу ишине тыюу салынган коңшу Латвияга Ыйык Китепке негизделген адабияттарды жеткирүү кооптуу тапшырмалардан болчу. Бир айда бир жолу түнкү поезд менен ал өлкөгө адабият жеткирчүбүз. Адабият таштап коюп, кээде андан ары Эстонияга барчубуз. Ал жерден дагы адабият алып, аларды кайра Латвияга таштай келчүбүз.

Бир жолу бир бажы кызматкери эмне алып баратканыбызды билип калып, бизден поездден түшүүнү талап кылды, анан адабияттарды бажы органдарынын жетекчисине алып барууну буйруду. Жон экөөбүз Жахабадан жардам сурап тилендик. Анан, кызыктуусу, бажы кызматкери жетекчисине эмне алып бара жатканыбызды ачык айтпай эле, жөн гана: «Булар бир „нерсе“ алып баратышыптыр»,— деп койду. Мен ал «нерсе» мектептегилерге, университеттегилерге бүгүнкү коогалаңдуу күндөрдүн маанисин түшүнүүгө жардам бере турган адабияттар экенин айттым. Алар бизди коё берди. Ошентип, ал жолу да адабияттарды алып барчу жерибизге түгөл жеткирдик.

Балтика өлкөлөрүндөгү саясий абал барган сайын начарлай берди. Жахабанын Күбөлөрүнө да каршылыктар күчөп отуруп, Литвадагы кабар айтуу ишине тыюу салынды. Эндрю менен Жонду өлкөдөн айдап жиберишти. Экинчи дүйнөлүк согуштун кара булуту каптап келатканда, Улуу Британиянын жарандары өлкөдөн кетүүгө чакырыла баштады. Мен да чоң өкүнүч менен Литвадан кетүүгө аргасыз болдум.

Түндүк Ирландиядагы сыймыктуу жоопкерчиликтер жана баталар

Ал учурда ата-энем Түндүк Ирландияда жашап жаткан. 1937-жылы алардыкына көчүп бардым. Экинчи дүйнөлүк согуш тутанып кетүү коркунучу алдында тургандыктан, Түндүк Ирландияда да биздин адабияттарды таратууга тыюу салынган. Бирок биз согуш жүрүп жатканда да кабар айтууну токтоткон жокпуз. Согуш бүткөндөн кийин биз кабарды кайрадан ээн-эркин айта баштадык. Мурда Кытайда миссионер болуп кызмат кылган тажрыйбалуу пионер Харолд Кинг көчөлөрдө баяндама айтууну уюштурууда жетекчилик кылчу. Бир жолу ал: «Бул ишемби күнү мен сөз сүйлөйм»,— деди да, анан мени карап: «Кийинки ишембиде сен сүйлөйсүң»,— деди. Аны укканда жүрөгүм болк эте түштү.

Ошондо айткан биринчи баяндамам дагы деле эсимде. Жашиктин үстүнө туруп алып, жүздөгөн кишилердин алдында эч кандай үн күчөткүч аппаратурасы жок сөз сүйлөгөм. Баяндамамды айтып бүткөндөн кийин бир киши келип, колумду бек кыса учурашты да, өзүн Билл Смит деп тааныштырды. Көрсө, ал топтошкон элди көрүп, эмне болуп жатканына кызыгып кайрылыптыр. Сүйлөшө келсек, ал киши атамды тааныйт экен. Бирок атам өгөй энем менен Дублинге пионер болуп кызмат кылыш үчүн көчүп кетишкенде, алар менен байланышы үзүлүп калыптыр. Экөөбүз Ыйык Китепти изилдей баштадык. Убакыттын өтүшү менен Биллдин үй-бүлөсүнөн тогуз киши чындыкты тааныды.

Кийинчерээк мен Белфасттын чет-жакасындагы виллаларда кабар айтып жүрүп, мурда Литвада жашаган бир орус аялга жолугуп калдым. Ага бир нече адабияттарды көрсөткөнүмдө, ал бир китепти карап: «Менде да ушундай китеп бар. Мага аны Каунастагы университетте профессор болуп иштеген байкем берген»,— деди. Анан поляк тилиндеги «Жаратуу» деген китебин алып келди. Китебинин талаачаларынын баары жазылган экен. Ал аял Каунастагы байкесине ошол китепти мен бергенимди билгенде аябай таң калды (Нас. 11:1).

Жон Семпи Түндүк Ирландияга кетеримди угуп, чындыкка кызыгып калган карындашы Неллиге барып коюшумду суранган. Эжем Конни экөөбүз ага барып, аны менен Ыйык Китепти изилдей баштадык. Нелли рухий жактан тез эле өсүп, өзүн Жахабага арнады. Кийинчерээк экөөбүз сүйлөшө баштадык, анан үйлөндүк.

Нелли экөөбүз 56 жыл Жахабага чогуу кызмат кылып, жүздөн ашуун кишиге чындыкка келүүгө жардам бердик. Биз Армагедондон Жахаба убадалаган жаңы дүйнөгө кол кармашып өтөбүз деп ойлогон элек. Бирок 1998-жылы шум ажал аялымды алып кетип, ал оюбуз орундалбай калды. Бул мен үчүн катуу сокку болду.

Кайра Балтикага барышым

Нелли кайтыш болгонуна бир жылдай болуп калганда, күтүлбөгөн жерден кубанычтуу кабар алдым: Таллиндеги (Эстония) филиалга конокко чакырылдым. Эстониядагы бир туугандар катында: «1920-жылдардын аяк ченинде 1930-жылдардын башында Балтика өлкөлөрүнө дайындалган он бир туугандын ичинен сиз эле калыптырсыз»,— деп жазышыптыр. Андан ары ал катта Эстония, Латвия жана Литва тууралуу жылдык китепке маалымат чогултулуп жатканын айтышып: «Сиз келе аласызбы?» — деп сурашыптыр.

Шериктерим менен ошол жылдары кабар айта баштаганда, кандай окуяларды баштан өткөргөнүбүз тууралуу айтып берүү мен үчүн чоң сыймык болду. Латвиядагы бир туугандарга мурда офис катары колдонулган үйдү жана полиция кызматкерлери эч качан таба албай тургандай кылып үйдүн үстүндөгү адабият катчу жерлерибизди көрсөттүм. Бир кездерде пионер болуп кызмат кылган Литвадагы Шяуляй шаарчасында да болдум. Ал жактан бир бир тууган мага мындай деп айтып калды: «Көп жыл мурун апам экөөбүз бул шаарчадан үй сатып алганбыз. Үйдүн үстүн тазалап, жыйнаштырып жатып, „Кудайдын кылымдар үчүн планы“ жана „Кудайдын арфасы“ деген китептерди таап алдым. Аларды окуп чыгып, чындыкты тапканымды түшүндүм. Эми ойлосом, ошол китептерди көп жыл мурун сиз каткан окшойсуз».

Мурда өзүм пионер болуп кызмат кылган дагы бир шаарчага барып, райондук жыйынга катыша алдым. Мен ал жерде өткөрүлгөн жыйынга акыркы жолу 65 жыл мурун катышкан элем. Ошондо жыйынга 35 эле киши келген болчу. Эми болсо жыйынга 1 500дөн ашуун киши катышканын көрүп, аябай кубандым. Бул, чынында эле — Жахабанын батасы!

Жахаба мени таштаган жок

Жакында эле жашоомдо дагы бир кубанычтуу окуя болду. Би аттуу жакшынакай бир ишенимдешим мага турмушка чыгууга макул болду. Экөөбүз 2006-жылы ноябрь айында баш коштук.

Өмүрүн эмнеге арнаарын ойлонуштуруп жаткан жаштарга: «Жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деген сөздөргө ылайык иш кылуудан өтөр эч нерсе жок экенин айтар элем. Азыр мен, учурунда забурчу айткандай: «Оо Кудай! Мени жаш кезимден бери үйрөтүп келе жатасың, азыркыга чейин Сенин кереметтериңди жарыя кылып келе жатам. Кудайым, мени карыганымда да, чачым агарганда да калтырба. Сенин күчүңдү ушул тукумга, Сенин кудуретиңди келе жаткан тукумга жарыя кылганча, мени таштаба»,— деп айтам (Заб. 70:17, 18).

[25-беттеги сүрөт]

Латвияга адабият жеткирүү кооптуу тапшырма болчу

[26-беттеги сүрөт]

Адабият таратуучу (пионер) болуп 15 жашымда Шотландияда кызмат кыла баштагам

Нелли экөөбүз баш кошкон күнү, 1942-жыл

[25-беттеги сүрөт]

ЭСТОНИЯ

ЛАТВИЯ

ЛИТВА

ТАЛЛИН

РИГА

ВИЛЬНЮС

Каунас

Рига булуңу