Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машаякта жашырылган кенчти табуу

Машаякта жашырылган кенчти табуу

Машаякта жашырылган кенчти табуу

«Машаякта акылмандык менен билимдин бүт кенчи жашырылган» (КОЛ. 2:3).

1, 2. а) 1922-жылы кайсы артефакттар табылган жана азыр алар каякта? б) Кудайдын Сөзү ар бирибизди эмне кылууга чакырат?

КӨМҮСКӨ жерде жаткан кенчтин табылышы көп учурда элди уу-дуу кылган жаңылыкка айланат. Маселен, британиялык археолог Хауард Картер ондогон жылдар бою катаал шарттарда оор эмгектенип, 1922-жылы зор ачылыш жасаган. Ал Мисир фараону Тутанхамондун дээрлик бүтүн бойдон сакталып калган падышалык мүрзөсүн тапкан. Анын ичинде 5 000ге жакын буюм бар эле.

2 Картердин табылгасы канчалык укмуштуу болбосун, ал тапкан артефакттардын көбү музейлерге же жеке коллекционерлердин колуна өткөн да, ошону менен тынчып калган. Алардын тарых же көркөм чыгармачылык үчүн кандайдыр бир баалуулугу бардыр, бирок алар биздин күндөлүк турмушубузга көп деле же такыр таасир этпейт. Ал эми Кудайдын Сөзү бизди жашообузга чындап таасир тийгизе турган кенчти издөөгө чакырат. Аны издөөгө ар бирибиз чакырылабыз жана ал кенчтин баасы кадимки кенчтен алда канча кымбат (Оку: Накыл сөздөр 2:1—6).

3. Жахаба кызматчыларын издөөгө чакырган кенч кандай пайдаларды алып келет?

3 Жахаба өзүнүн кызматчыларын издөөгө чакырган кенчтин баалуулугуна токтоло кетели. Ага «Теңирден коркуу» кирет. Ал бизди азыркы кооптуу убакта сактап-коргойт (Заб. 18:10). Ал эми «Кудай жөнүндөгү билимди» табуу ар бир адам жете ала турган чоң сыймыкка — Эң Жогорку менен жекече ынак мамиледе болуу сыймыгына — ээ кылат. Ошондой эле Кудай берген кенчтин дагы башкалары: акылмандык, билим жана кыраакылык бизге күндөлүк жашообуздагы кыйынчылык-көйгөйлөрдү ийгиликтүү чечүүгө жардам берет (Накыл 9:10, 11). Андай баа жеткис кенчти кантип таба алабыз?

Рухий кенчти табуу

4. Рухий кенчти табууга бизге эмне жардам берет?

4 Кенчти табуу үчүн төгөрөктүн төрт бурчун кезген археологдор менен изилдөөчүлөрдөн айырмаланып, биз рухий кенчти кайсы жерден табууга болорун так билебиз. Кудайдын Сөзү, кенч жашырылган жерди көрсөткөн карта сымал, бизге Кудай убадалаган кенчтин кайсы жерде катылганын таамай аныктап билүүгө жардам берет. Элчи Пабыл: «Машаякта акылмандык менен билимдин бүт кенчи жашырылган»,— деп жазган (Кол. 2:3). Бул сөздөрдү окугандан кийин бизде мындай суроолор пайда болушу мүмкүн: ал кенчти эмне үчүн издешибиз керек? Ал кандайча Машаякта «жашырылган»? Биз ал кенчти кантип таба алабыз? Келгиле, бул суроолорго жооп алуу үчүн элчинин сөздөрүн тереңирээк карап көрөлү.

5. Пабыл рухий кенч жөнүндө эмне үчүн жазган?

5 Пабыл ал сөздөрдү Колосадагы ишенимдештерине жазган. Ал «алардын сооронушун, сүйүү аркылуу шайкештикте биригишин» каалап, алардын пайдасы үчүн күрөш жүргүзүп жатканын айткан (Оку: Колосалыктар 2:1, 2). Ал эмне үчүн анчалык тынчсызданган? Ошол жердеги бир туугандарга грек философиясын жактаган жана Мусанын мыйзамына кайрадан карманууга үндөгөн айрым ишенимдештери таасир этсе керек; Пабыл муну билген көрүнөт. Ал бир туугандарын: «Сак болгула, кимдир бирөө Машаяктын окууларына эмес, бул дүйнө карманган жол-жоболорго, адамдык салттарга негизделген философия менен курулай калпты колдонуп, силерди тузакка түшүрүп албасын»,— деп катуу эскерткен (Кол. 2:8).

6. Пабылдын кеңеши бизди эмне үчүн кызыктырышы керек?

6 Бүгүнкү күндө биз да Шайтандын жана анын бузулган дүйнөсүнүн ушу сыяктуу таасирлерине кабылып жатабыз. Дүйнөлүк философия, анын ичинде Кудайдын бар экенин четке каккан гуманизм философиясы жана эволюция теориясы адамдардын ой жүгүртүүсүн, адеп нормаларын, максаттарын жана жашоо образын калыптап жатат. Жалган дин азыркы учурда кеңири таралган көптөгөн майрамдарда негизги орунду ээлейт. Ал эми көңүл ачуу тармагы адамдын дене кумарларын канааттандырууга багытталган. Интернет болсо жашына да, карысына да коркунуч туудурган нерселерге жык толгон. Дүйнөдөгү ушул жана башка нерселер бизге дайыма таасир эте берсе, бул сезимдерибизге жана Жахабанын жетекчилигине баш ийүүгө болгон маанайыбызга залакасын тийгизип, чыныгы жашоого бекем карманууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү солгундатышы ыктымал (Оку: 1 Тиметей 6:17—19). Андыктан Шайтандын тузагына түшүп калууну каалабасак, Пабылдын колосалыктарга айткан сөздөрүнүн маанисин түшүнүп, анын кеңешин көңүлүбүзгө түйүп алышыбыз керек.

7. Пабыл колосалыктарга жардам бере турган кайсы эки нерсе тууралуу айткан?

7 Пабылдын колосалыктарга айткан сөздөрүнө кайрадан кайрылалы. Ал ишенимдештери үчүн тынчсызданарын билдиргенден кийин аларга сооронууга жана сүйүү аркылуу биримдикте болууга жардам бере турган эки нерсени баса белгилеген. Адегенде Пабыл алар «толук ынана турган чындык жөнүндөгү түшүнүк» тууралуу айтып өткөн. Ишеними бекем пайдубалга негизделиши үчүн, алар Жазманы туура түшүнүп жаткандарына толук ынангыдай болушу керек эле (Эвр. 11:1). Андан соң ал «Кудайдын ыйык сыры... жөнүндө так билим алуу» тууралуу айткан. Алар негизги чындыктар менен эле чектелбей, алга илгерилеп, Кудайдын терең сырлары жөнүндө айкын түшүнүккө ээ болушу зарыл болгон (Эвр. 5:13, 14). Пабыл колосалыктар үчүн да, биз үчүн да кандай сонун кеңеш берген! Анда биз канткенде толук ынана турган түшүнүккө жана так билимге ээ боло алабыз? Мунун сырын Пабылдын терең маанини камтыган сөздөрүнөн билүүгө болот. Ал: «Машаякта акылмандык менен билимдин бүт кенчи жашырылган»,— деген.

Машаякта «жашырылган» кенч

8. Машаякта «жашырылган» деген сөздөрдүн маанисин түшүндүргүлө.

8 Акылмандыктын жана билимдин бүт кенчи Машаякта «жашырылган» деген аны табуу мүмкүн эмес же ага эч ким жете албайт дегенди билдирбейт. Ал сөздөр кенчти табуу үчүн тек гана талыкпай күч жумшашыбыз жана бүт көңүлүбүздү Иса Машаякка бурушубуз керектигин билдирет. Бул Исанын өзү жөнүндө: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деп айтканына дал келет (Жкн. 14:6). Ооба, Кудай жөнүндөгү билимди табуу үчүн биз Исанын жардамын жана жетекчилигин кабыл алышыбыз абзел.

9. Исага кандай ролдор берилген?

9 Иса өзүн «жол» деп атагандан тышкары, «чындык» жана «өмүр» экенин айткан. Бул анын ролуна адамдарга Атасына жакындоого жардам берүүдөн да көп нерсе кирерин көрсөтүп турат. Иса ыйык китептик чындыкты түшүнүшүбүзгө жана түбөлүк өмүр алышыбызга өбөлгө түзгөн башка да маанилүү ролдорду аткарат. Чыны менен эле, Исада Ыйык Китепти кылдат изилдегендерди күтүп турган баа жеткис рухий берметтер жашырылган. Андыктан, келгиле, келечегибизге жана Кудай менен болгон мамилебизге түздөн-түз таасир эте турган айрым берметтерди карап чыгалы.

10. Колосалыктар 1:19 жана 2:9дан Иса жөнүндө эмнени билебиз?

10 «Машаякта Кудайдын сапаттары толугу менен чагылдырылган» (Кол. 1:19; 2:9). Асмандагы Атасы менен сансыз жылдар бою чогуу болгондуктан Иса анын сапаттарын жана ой-ниеттерин баарынан жакшы билет. Ал жерде кызмат кылып жүргөндө элди Атасы үйрөткөн нерселерге окуткан жана кандай иш кылбасын, Атасынан үйрөнгөн сапаттарды чагылдырган. Мына ошондуктан ал: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айта алган (Жкн. 14:9). Ооба, Кудайдын бүт акылмандыгы жана билими Машаякта жашырылган же жашайт. Ошо себептен Жахаба жөнүндө билүүнүн эң мыкты жолу — Иса тууралуу мүмкүн болушунча көбүрөөк билүүгө умтулуу.

11. Ыйык китептик пайгамбарлыктардын Иса менен кандай байланышы бар?

11 «Иса жөнүндөгү күбөлөндүрүү — пайгамбарлыктардын маңызы» (Аян 19:10). Бул сөздөр Исанын Ыйык Китептеги көптөгөн пайгамбарлыктардын аткарылышында негизги ролду ойноорун көрсөтүп турат. Жахабанын Башталыш 3:15теги биринчи пайгамбарлык сөздөрүнөн баштап Аян китебиндеги кереметтүү аяндарга чейинки пайгамбарлыктарды Кудайдын Падышалыгында Исанын кандай роль аткарарын эске алганда гана туура түшүнүүгө болот. Исаны убадаланган Машаяк катары кабыл албагандардын Эврей Жазмаларындагы пайгамбарлыктарды түшүнө албаганынын себеби мына ушунда. Убадаланган Машаякка тийиштүү пайгамбарлыктар камтылган Эврей Жазмаларын баалабагандардын Исаны эмне үчүн тек гана улуу адам катары көрөрүн да ушуну менен түшүндүрүүгө болот. Иса жөнүндөгү билим Кудайдын элине алдыда аткарыла турган ыйык китептик пайгамбарлыктардын маанисин түшүнүүгө жардам берет (2 Кор. 1:20).

12, 13. а) Кандайча Иса «дүйнөнүн жарыгы»? б) Исанын диний караңгылыктын туткунунан бошонгон жолдоочулары эмне кылууга тийиш?

12 «Мен дүйнөнүн жарыгымын» (Оку: Жакан 8:12; 9:5). Иса жерде төрөлгөнгө чейин көп убакыт мурун, Ышая пайгамбар алдын ала мындай деп айткан: «Караңгыда жүргөн эл улуу жарыкты көрөт. Өлүм көлөкөсү өкүм сүргөн өлкөдө жашагандардын үстүнө жарык жаркырайт» (Ыш. 9:2). Бул пайгамбарлык, элчи Матай түшүндүргөндөй, Иса: «Өкүнгүлө, анткени асман падышалыгы жакындап калды»,— деп кабар айта баштаганда аткарылган (Мт. 4:16, 17). Исанын кызматынын аркасында эл рухий жактан жарыкка чыгып, жалган диний окуулардын кулчулугунан бошонгон. Иса: «Мага ишенгендердин бири да караңгылыкта калбашы үчүн, мен дүйнөгө жарык сыяктуу келдим»,— деген (Жкн. 1:3—5; 12:46).

13 Ошондон көп жыл өткөндөн кийин элчи Пабыл ишенимдештерине: «Силер бир кезде караңгы элеңер, азыр болсо Мырзабыз менен биримдикте болгондуктан жарыксыңар. Мындан ары да жарыктын балдарындай жашагыла»,— деп айткан (Эф. 5:8). Исанын жолдоочулары диний караңгылыктын туткунунан бошонушкан; алар эми жарыктын балдарындай жашоого тийиш. Бул Исанын Тоодогу насаатында шакирттерине айткан төмөнкү сөздөрүнө ылайык келет: «Башкалар жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташы үчүн, силердин да жарыгыңар алардын алдында жаркырап турсун» (Мт. 5:16). Силер Исада жашырылган рухий кенчти тапканыңарга ыраазысыңарбы? Ыраазы экениңерди ал тууралуу башкаларга айтуу менен жана жакшы жүрүм-турумуңар менен көрсөтүп жатасыңарбы?

14, 15. а) Байыркы убакта кой жана башка жаныбарлар чыныгы сыйынууда кандай роль ойногон? б) Исанын «Кудайдын Козусу» катары аткарган ролу эмне үчүн теңдешсиз?

14 Иса — «Кудайдын Козусу» (Жкн. 1:29, 36). Байыркы убакта кой күнөөлөрдүн кечирилишинде жана Кудайга жакындоодо чоң роль ойногон. Алсак, Ыбрайым уулу Ыскакты курмандыкка чалууга даяр экенин көрсөткөндө, ага уулуна зыян келтирбөө керектиги айтылган жана анын ордуна кочкор берилген (Башт. 22:12, 13). Ысрайылдыктар Мисир кулчулугунан бошонордо да козу «Теңирдин Пасахында» маанилүү роль ойногон (Чыг. 12:1—13). Андан тышкары, Мусанын мыйзамына ылайык, ар кандай жаныбарлар, анын ичинде кой, эчкилер курмандыкка чалынган (Чыг. 29:38—42; Леб. 5:6, 7).

15 Бирок адамдар чалган андай курмандыктардын бири да күнөөдөн жана өлүмдөн биротоло куткара алган эмес (Эвр. 10:1—4). Ал эми Иса, «Кудайдын Козусу», «бул дүйнөнү күнөөдөн арылтат». Мына ушунун өзү эле Исага материалдык кенчтин бири да тең келбей турганын көрсөтүп турат. Андыктан куткаруу курмандыгы тууралуу кылдат изилдөөгө убакыт бөлгөнүбүз жана ал кереметтүү чарага ишеним көрсөткөнүбүз абзел. Эгер ушундай кылсак, баарыбыз чоң бата жана сыйлык алабыз: «кичине оторго» киргендер Машаяк менен асманда урматталып, даңкталышат, ал эми «башка койлор» жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшөт (Лк. 12:32; Жкн. 6:40, 47; 10:16).

16, 17. Исанын «ишенимибиздин башчысы жана аны жеткилең кылуучу» катары аткарган ролун түшүнгөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

16 Иса «ишенимибиздин башчысы жана аны жеткилең кылуучу» (Оку: Эврейлер 12:1, 2). Эврейлер китебинин 11-бөлүмүнөн Пабылдын ишеним тууралуу чебердик менен талкуу жүргүзүп, ишенимге карата кыска-нуска аныктама бергенин окуйбуз. Ал Нух, Ыбрайым, Саара, Рахап сыяктуу үлгүлүү адамдарды санап өткөн. Андан соң ишенимдештерин: «Ишенимибиздин башчысы жана аны жеткилең кылуучу Исадан көзүбүздү албайлы»,— деп үндөгөн. Пабыл эмне үчүн көңүлдү Исага бурган?

17 Эврейлер китебинин 11-бөлүмүндө саналып өткөн ал ишенимдүү эркек-аялдар Кудайдын убадаларына бекем ишенишсе да, Кудайдын өз убадаларын Машаяк жана Падышалык аркылуу кандайча ишке ашырарын майда-чүйдөсүнө чейин билишкен эмес. Ошондой мааниде алардын ишеними толук болгон эмес. Атүгүл Жахаба Машаякка тийиштүү пайгамбарлыктарды жаздырууда колдонгон кишилер да өздөрү жазган сөздөрдүн маанисин толук түшүнүшкөн эмес (1 Пет. 1:10—12). Исанын ролун, өзгөчө, пайгамбарлыктарды кандайча аткарганын толук түшүнгөндө гана ишеним жеткилең же толук болот. Андыктан Исаны «ишенимибиздин башчысы жана аны жеткилең кылуучу» катары кабыл алганыбыз жана анын бул ролун айкын түшүнгөнүбүз кандай гана маанилүү!

Издегениңерди токтотпогула

18, 19. а) Машаякта жашырылган башка рухий берметтерди атагыла. б) Рухий кенчке ээ болуу үчүн эмне себептен Иса жөнүндө биле беришибиз керек?

18 Биз Исанын Кудайдын адамзатты куткарууга байланыштуу ой-ниетиндеги баа жеткис ролдорунун бир нечесин эле карап чыктык. Машаякта башка да рухий берметтер жашырылган. Аларды тапсак, кубанычка ээ болуп, көп пайда алабыз. Мисалы, элчи Петир Исаны «өмүр Башчысы» жана «таңкы жылдыз» деп атаган (Элч. 3:15; 5:31; 2 Пет. 1:19). Ыйык Китепте Иса «Оомийин» деп да аталат (Аян 3:14). Исанын ал ролдору эмнени билдирерин жана алардын канчалык маанилүү экенин билесиңерби? Иса айткандай, «издегениңерди токтотпогула, ошондо табасыңар» (Мт. 7:7).

19 Тарыхта жашоосу Исаныкындай зор мааниге ээ жана биздин түбөлүк жыргалчылыгыбыз менен тыгыз байланышы бар эч ким болгон эмес. Анда жан дилден издегендердин баары оңой эле таба ала турган кенч жашырылган. Исада «жашырылган» кенчти табуудан кубаныч алып, батага ээ боло бергиле.

Эсиңердеби?

• Исанын жолдоочулары кайсы кенчти издөөгө чакырылышат?

• Пабылдын колосалыктарга берген кеңеши эмне себептен биз үчүн да колдонорлук?

• Машаякта «жашырылган» кенчтин айрымдарын атап өткүлө жана түшүндүргүлө.

[Изилдөө суроолору]

[5-беттеги сүрөт]

Ыйык Китеп Машаякта «жашырылган» кенчти табууга жардам берген картага окшош