Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сүйүүнүн «эң мыкты жолу» менен жүргүлө!

Сүйүүнүн «эң мыкты жолу» менен жүргүлө!

Сүйүүнүн «эң мыкты жолу» менен жүргүлө!

«КУДАЙ — сүйүү». Элчи Жакандын бул сөздөрүнөн Кудайдын негизги сапаты сүйүү экени көрүнүп турат (1 Жкн. 4:8). Кудайдын сүйүүсүнүн аркасында адамдар ага жакындап, аны менен жеке мамиле өрчүтө алышат. Кудайдын сүйүүсү бизге дагы кандай таасир этет? Бир белгилүү киши мындай деген экен: «Эмнени жакшы көрсөк, ошого жараша калыптанабыз». Ооба, бул сөздөрдө калет жок. Өзүбүз жакшы көргөн же бизди жакшы көргөндөр калыптанышыбызга зор таасир этери чын. Кудайдын бейнеси боюнча жаратылгандыктан биз сүйүү сапатын чагылдыра алабыз (Башт. 1:27). Элчи Жакан жазгандай, Кудай «бизди биринчи сүйгөндүктөн», биз да аны сүйөбүз (1 Жкн. 4:19).

Сүйүүгө карата колдонулган төрт сөз

Элчи Пабыл сүйүүнү «эң мыкты жол» деп атаган (1 Кор. 12:31). Ал эмне себептен сүйүүнү мындайча сыпаттаган? Пабыл сүйүүнүн кайсы түрү жөнүндө сөз кылган? Бул суроолорго жооп алыш үчүн, келгиле, «сүйүү» деген сөздүн маанисин талдап көрөлү.

Байыркы гректер сүйүүгө карата сторги, эрос, филио жана агапи деген төрт сөздүн ар кандай формаларын колдонгон. Булардын ичинен агапи деген сөз Кудайдын сүйүүсүнө карата колдонулган *. Бул сүйүүгө байланыштуу Уильям Баркли аттуу профессор «Жаңы Келишимдин сөздөрү» деген эмгегинде мындай деп жазган: «Агапи акыл-эс менен байланышта: ал жүрөгүбүздө өзүнөн өзү эле пайда боло калган сезим эмес; ал — аң-сезимибизди иштетүүнү талап кылган принцип. Агапини көрсөтүү үчүн эрк керек». Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, агапи принципке жетектелген сүйүү, ал көп учурда күчтүү сезимдер менен коштолот. Принциптердин жакшысы да, жаманы да болгондуктан, Исанын жолдоочулары Жахаба Кудайдын өзү бекиткен, Ыйык Китепке жаздырган принциптерине жетектелиши керек. Агапи сүйүүсүн сүйүүнүн башка түрлөрү менен салыштырып көрүүнүн аркасында биз Исанын жолдоочулары катары чагылдырышыбыз керек болгон сүйүүнү жакшыраак түшүнөбүз.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы сүйүү

Бири бирине жан тарткан, ынтымактуу үй-бүлөнүн мүчөсү болуу кандай сонун! Сторги деген грек сөзү көп учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы табигый ынак сезимдерди билдирүү үчүн колдонулган. Исанын жолдоочулары үй-бүлөсүндөгүлөргө сүйүү көрсөтүшөт. Бирок Пабылдын акыркы күндөр тууралуу пайгамбарлыгында көптөрдүн «жакындарын сүйбөй» калышары айтылган * (2 Тим. 3:1, 3).

Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы сүйүү барган сайын муздап баратат. Эмне үчүн көптөгөн энелер өз жатынындагы баласын өмүрүнөн ажыратып жатышат? Эмне үчүн көптөгөн балдар карып калган ата-энесин карабай коюшат? Эмне үчүн ажырашуулар мынчалык кеңири кулач жайды? Анткени үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири бирине болгон сүйүүсүнүн ысыгы кайтты.

Ыйык Китепте жүрөктүн «өтө анткор, өтө бузулган» экени айтылат (Жер. 17:9). Үй-бүлөбүзгө болгон сүйүү жүрөктүн түпкүрүнөн чыгып, сезимдер менен коштолот. Бирок Пабыл күйөөсүнүн аялына көрсөтүшү керек болгон сүйүүсүн сүрөттөөдө агапи деген сөздү колдонгон. Пабыл ал сүйүүнү Машаяктын жыйналышка көрсөткөн сүйүүсүнө салыштырган (Эф. 5:28, 29). Андай сүйүү үй-бүлөнүн Негиздөөчүсү Жахаба бекиткен принциптерге негизделет.

Жакындарыбызга болгон чыныгы сүйүүбүз улгайып калган ата-энебизге кайрымдуу болууга, балдарды тарбиялоо милдетин тийиштүү түрдө аткарууга, зарыл болгон учурда аларды сүйүү менен тартипке салууга жана аларга өтө эле жумшак болуп, оюндагысы менен боло бербөөгө түрткү берет (Эф. 6:1—4).

Эркек менен аялдын ортосундагы сүйүү жана ыйык китептик принциптер

Никеде турган аял менен эркектин ортосундагы сүйүү, чынында эле, Кудайдын белеги (Накыл 5:15—17). Бирок Ыйык Китептин жазуучулары махабат сезимдерин билдирген эрос деген сөздү колдонушкан эмес. Эмне себептен? Бир канча жыл мурун «Күзөт мунарасы» журналында бул тууралуу мындай делген: «Бүгүнкү күндөгү дүйнө байыркы гректер кетирген катаны кайталап жатышкан сыяктанат. Байыркы гректер Эроско кудай катары сыйынып, анын курмандык жайына жүзтөмөндөп жыгылып, ага курмандык чалышкан... Бирок тарых тастыктап тургандай, мындай сыйынуу адамдын бузулушуна, ыпыластыкка батышына жана адеп-ахлактыктын төмөндөшүнө алып келет. Балким, ушундан улам Ыйык Китептин жазуучулары эрос деген сөздү колдонушкан эместир». Аял менен эркектин бири бирине болгон махабат сезими сырткы көрүнүшкө эле негизделип калбаш үчүн, ал сезимдерди ыйык китептик принциптер менен ооздуктап, башкаруу керек. Андыктан ар бирибиз: «Махабат сезимдерим агапи сүйүүсү менен толукталганбы?» — деп ойлонуп көргөнүбүз маанилүү.

Исанын көптөгөн жаш жолдоочулары, өзгөчө, жыныстык каалоолор күч алып турган курагында ыйык китептик принциптерге бек кармануу менен өздөрүн адеп-ахлак жактан таза сактай алышат (1 Кор. 7:36; Кол. 3:5). Кудайдын кызматчылары никени Жахабанын берген баалуу белеги катары эсептейт. Иса: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деген (Мт. 19:6). Биз никени жыныстык каалоолорду канааттандырууга эле караштырылган түзүлүш катары көрбөйбүз, ага олуттуу карап, никедеги берилгендикти сактайбыз. Кандайдыр бир көйгөй пайда болсо, аны чечүүнүн оңой жолуна качыргандын ордуна, Кудайдын сапаттарын чагылдырууга бүт күч-аракетибизди жумшоо менен нике түйүнүн чыңдайбыз. Натыйжада үй-бүлөбүздүн түбөлүккө бактылуу болушуна өбөлгө түзөбүз (Эф. 5:33; Эвр. 13:4).

Достордун ортосундагы сүйүү

Досторубуз жок болсо, жашоо кызыксыз болмок. Ыйык Китепте: «Бир тууганыңдан да жакын дос болот»,— деп айтылат (Накыл 18:24). Жахаба ар бирибиздин чыныгы досторду табышыбызды каалайт. Ыйык Жазмадан Дөөтү менен Жонатандын абдан ынак достордон болгонун билебиз (1 Шем. 18:1). Ошондой эле андан Исанын элчи Жаканды «жакшы көргөнүн» окуйбуз (Жкн. 20:2). Ыйык Китепте филио деген грек сөзү «достук» же «жылуу сезимдер» деген сөздөргө байланыштуу колдонулган. Жыйналыштан дос күтсөк — жакшы кылабыз. Бирок 2 Петир 1:7ге ылайык, биз «биртуугандык сүйүүбүздү» (филаделфиа — «дос» дегенди билдирген филос жана «бир тууган» деген маанини билдирген аделфос деген грек сөздөрүнүн кошулмасы) агапи сүйүүсү менен толуктоого да чакырылабыз. Эгер достук мамилелерден кубаныч алууну кааласак, бул кеңешке ылайык иш кылышыбыз керек. Ошондуктан: «Досторума болгон сүйүүм ыйык китептик принциптер менен толукталганбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз зарыл.

Кудайдын Сөзү бизге достук мамилелерде бет карамалык кылбоого жардам берет. Алсак, досторубузга жылуу-жумшак мамиле кылып, ал эми досубуз болбогондорго катаал мамиле кылып эки жүздүүлөнбөйбүз. Ошондой эле кимдир бирөө менен дос болуу үчүн кошоматчылык кылбайбыз. Андан да маанилүүсү, ыйык китептик принциптерди колдонуу менен дос тандоодо кыраакы болуп, жакшы адаттарды бузган жаман чөйрөдөн оолак болобуз (1 Кор. 15:33).

Сүйүүнүн өзгөчө түйүнү

Исанын жолдоочуларын бириктирип турган сүйүү түйүнү, чынында эле, өзгөчө. Элчи Пабыл: «Бири-бириңерди эки жүздүүлөнбөй сүйгүлө... Биртуугандык сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө»,— деп жазган (Рим. 12:9, 10). Ооба, Кудайдын кызматчылары бири бирин эки жүздүүлөнбөй (агапи сүйүүсү менен) сүйүшөт. Ал сүйүү жүрөктөн оргуштап чыккан сезимдер менен эле чектелбейт, ал ыйык китептик принциптерге негизделет. Пабыл бул аяттарда «биртуугандык сүйүү» (филаделфиа) жана «назиктик менен көрсөтүлгөн» сүйүү (филосторгос — филос жана сторги деген сөздөрдүн кошулмасы) тууралуу да сөз кылган. Бир окумуштуунун сөздөрүнө ылайык, «биртуугандык сүйүү» «назиктик менен сүйүүнү, боорукердик көрсөтүүнү, кайрымдуу болууну жана жардам берүүгө ынтызар болууну» билдирет. Арийне, Жахабанын кызматчылары бир туугандык сүйүүсүн агапи сүйүүсү менен толукташса, алардын ортосундагы мамиле бекем болот (1 Тес. 4:9, 10). «Назиктик менен сүйүү» деп которулган сөз айкашы Ыйык Китептин түп нускасында бир эле жолу кездешет жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагыдай ынактыкты билдирет *.

Исанын чыныгы жолдоочуларынын арасындагы үй-бүлө мүчөлүрүнүкүндөй, ынак достордукундай сүйүү ыйык китептик принциптерге негизделген сүйүүгө жетектелет. Исанын жолдоочуларынын жыйналышы кандайдыр бир жалпы максатты көздөгөн коомдук мекеме эмес. Биз Жахаба Кудайга сыйынуу үчүн чогулган бир үй-бүлө болгондуктан, ишенимдештерибизге «бир тууган» деп кайрылабыз жана бири бирибизге бир туугандарча мамиле кылабыз. Жыйналыштагы ишенимдештерибизди — Жахаба кошкон бир туугандарыбызды — досторубуздай жакшы көрөбүз жана аларга болгон сүйүүбүз ар дайым ыйык китептик принциптерге негизделет. Келгиле анда, Исанын чыныгы жолдоочуларын бириктирип, аларды айырмалап турган сүйүү түйүнүнүн бекем болушуна ар бирибиз өз салымыбызды кошо берели (Жкн. 13:35).

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Агапи айрым учурларда терс контекстте колдонулат (Жкн. 3:19; 12:43; 2 Тим. 4:10; 1 Жкн. 2:15—17).

^ 7-абз. «Жакындарын сүйбөгөн» деген сөз айкашы — асторги деген сөздүн котормосу. Сторги деген сөздүн алдына «а» тамгасы жалганганда карама-каршы маанини берет (Римдиктер 1:31ди да кара).

^ 18-абз. «Жаңы дүйнө котормосунда» ар башка бир нече грек сөздөрү «назиктик менен сүйүү» же «назик сезимдер» деген сөз айкаштары менен берилген. «Жаңы дүйнө котормосунда» бул сөз айкаштары Римдиктер 12:10до эле эмес, Филипиликтер 1:8де жана 1 Тесалоникалыктар 2:8де да кездешет.

[12-беттеги сүрөт]

Бизди бириктирип турган сүйүү түйүнүнүн чыңдалышына кандай салым кошуп жатасың?