Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Чындыктын үрөнү алыскы аймактарга себилүүдө

Чындыктын үрөнү алыскы аймактарга себилүүдө

Чындыктын үрөнү алыскы аймактарга себилүүдө

ТУВА — Орусияга караштуу Республикалардын бири. Ал Сибирдин түштүгүндө жайгашкан, түштүк жана чыгыш жагынан Монголия менен чектеш. Тува элинин көбү алыскы аймактарда жашагандыктан, аларга Падышалык тууралуу жакшы кабарды жеткирүү оңой эмес. Жакында эле Туванын алыскы аймактарынан Кызылга — Туванын борбор шаарына — бир топ адамдар семинарга келишкен. Кызыл шаарында кызмат кылган Мария аттуу пионер семинар болорун билгенде, мүмкүнчүлүктү коё бербей, алыскы аймактардан келгендерге жакшы кабарды айтууну чечкен.

Мария мындай дейт: «Мен мугалим болуп иштеген мектепте баңги зат жана ичимдик көйгөйлөрүн чечүүгө байланыштуу семинар уюштурулуп, Туванын алыскы аймактарынан 50гө жакын киши келмей болду. Алардын арасында мугалимдер, психологдор, балдарды коргоо инспекторлору жана башка ушул сыяктуу адистер бар экен». Марияга кабар айтууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн, бирок ага оюндагысын ишке ашыруу оңой болгон жок. Себебин ал мындай деп түшүндүрөт: «Мен табиятыман уялчаакмын, расмий эмес күбөлөндүрүү мен үчүн кыйынга турчу. Бирок мен Жахабага кайрылып, коркуу сезимин жеңүүгө, ушул мүмкүнчүлүктү коё бербей күбөлөндүрүүгө кайрат беришин сурандым». Мария коркуу сезимин жеңип, кабар айта алганбы?

«Мен фобия тууралуу жазылган „Ойгонгула!“ журналын таптым,— дейт Мария.— Ал тема психологдорго кызыктуу болот болуш керек деген ой менен журналды мектепке ала бардым. Ошол күнү семинарга катышкан бир мугалим кабинетиме кирип калды. Ага журналды сунуштасам, ал аны кубаныч менен алды. Ал өзүнүн да фобиясы бар экенин айтты. Эртеси күнү мен ага „Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер“ деген китептин 1-томун алып келип бердим. Ал аны да сүйүнүп алды. Анын китепти кызыгып алганы мага башка мугалимдерге да ошол китепти сунуштап көрүүгө түрткү болду. Ошентип, мектепке бир коробка „Жаштардын суроолору“ китебин жана башка адабияттарды алып бардым». Мария алып барган адабияттар бат эле калбай калыптыр. Ал мындай дейт: «Адабият алган мугалимдин кесиптештери кабинетиме келип: „Жанагы китептерди каяктан эле алып жатышат?“ — деп сурап жатышты». Албетте, ишенимдешибиз аларды куру кол кетирген эмес.

Семинар ишемби күнү аяктаган. Ал күнү Мария эс ала тургандыктан, адабияттарды кабинетиндеги үстөлдөргө коюп, доскага: «Кымбаттуу мугалимдер! Үстөлдөгү адабияттарды өзүңөргө, тааныштарыңарга тартынбай эле ала бергиле. Бул баалуу адабияттар ишиңерде ийгиликтүү болууга, үй-бүлөңөрдү бекемдөөгө жардам берет»,— деп жазып койгон. Анын натыйжасы кандай болгон? Мария мындай дейт: «Ошол күнү кабинетиме кайра бардым. Адабияттардын аз эле калганын көрүп, ошол замат китеп-журналдардан дагы алып келип койдум». Семинар учурунда Мария, жалпы жонунан, 380 журнал, 173 китеп жана 34 китепче тараткан. Ошентип, алыскы аймактардан семинарга келгендер үйлөрүнө адабияттарды кошо ала кеткен. «Чындыктын үрөнү Туванын алыскы аймактарына да себилгенине аябай кубанып жатам»,— дейт Мария (Нас. 11:6).

[32-беттеги сүрөт]

ОРУСИЯ

[32-беттеги сүрөт]

ТУВА РЕСПУБЛИКАСЫ