Жашоомду өзгөрткөн үч жыйын
Жашоомду өзгөрткөн үч жыйын
Айтып берген: Жорж Вариенчук
ЖЫЙЫНДАРДА укканыңар жүрөгүңөрдү козгоп, жашооңордо чоң өзгөрүүлөрдү жасоого түрткү берген учуруңар болду беле? Мени менен так ушундай болгон. Өткөндү эстеп, үч жыйын менин жашоомо зор таасир эткенин баамдадым. Биринчиси өтө уялчаак болбоого, экинчиси колдо бар нерсеге ыраазы болуп жашоого, үчүнчүсү берешен болууга үйрөттү. Бирок ал өзгөрүүлөр тууралуу баяндап берерден мурун ал жыйындарга чейин бала чагымда болуп өткөн окуяларды айтып берүүгө уруксат этиңиздер.
Мен 1928-жылы төрөлгөм; үч баланын кичүүсүмүн. Маржи жана Ольга деген эжелерим менен Нью-Жерсидеги (АКШ) ал кезде 2 000дей киши жашаган Саут Баунд Брук деген шаарчада өсүп-чоңойгом. Биз кедей турсак да, апам колу ачык, берешен киши эле. Акча болуп калып, даамдуу тамак жасаса эле, кошуналарыбызды чакырчу. Тогуз жашымда үйгө апамдын эне тилинде, венгр тилинде, сүйлөгөн Күбө келип калды. Бул апама Ыйык Китептеги кабарга кулак кагууга түрткү берди. Кийинчерээк 20 жаштардагы Берта деген ишенимдешибиз апам менен Ыйык Китепти изилдөөнү улантып, ага Жахабанын кызматчысы болууга жардам берди.
Апаман айырмаланып, мен кичинекейимен эле уялчаак болчумун жана өзүмдү ишенимдүү сезчү эмесмин. Ал эми апамдын мени басынта бергени жагдайды ого бетер оорлотчу. Көз жашымды мөлтүлдөтүп: «Эмнеге дайыма эле мени сындай бересиз?» — деп сураганымда, ал мени жакшы көрөрүн, бирок бой көтөрүп кетишимди каалабай турганын айткан. Апамдын ниети жакшы болчу дечи, бирок мактоонун жетишсиздигинен улам өзүмдү башкалардан төмөн эсептечүмүн.
Бир жолу мага дайыма жакшы мамиле кылган кошунабыз анын уулдары менен чогуу чиркөөнүн жекшембилик мектебине барып турушумду сунуштап калды. Ал жерге барганым Жахабага жакпасын билгем, бирок боорукер кошунамдын да көңүлүн ооруткум келген эмес. Ошондуктан, абийирим кыйнаса да, чиркөөгө бир нече ай барып жүрдүм. Адамдардан коркуу сезиминин айынан мектепте да абийириме каршы келген иштерди кылып жүрдүм. Мен окуган мектептин деректири өктөм киши эле. Ал мугалимдерден бардык окуучулардын желекке таазим кылышын талап кылчу. Мен да таазим этчүмүн. Бул бир жылга созулду, бирок андан кийин жашоомдо чоң өзгөрүү болду.
Тайманбастыкка үйрөнүшүм
1939-жылы биздин үйдө китеп изилдөө өткөрүлө баштады. Аны жаш пионер бир тууган Бен Мискалски алып барчу. Биз аны чоң Бен деп койчубуз. Анын аты затына жараша болчу. Менин көз карашым боюнча, анын узуну да, туурасы да биздин чоң сырткы эшигибиздей эле. Бирок ал өзү чоң болгону менен, аябай жумшак киши болчу. Дайыма жылуу жылмайып, жайдары жүргөндүктөн, аны менен өзүмдү эркин сезчүмүн. Ошо себептен Бен мени кабар айтуу кызматына чакырганда, дароо макул болдум. Ошентип, биз дос болуп кеттик. Көңүлүм чөккөн учурларда ал мени менен камкор агасы иниси менен сүйлөшкөндөй сүйлөшчү. Анын мындай мамилесин аябай баалачумун.
Мен аны жанымдай жакшы көрүп калдым.1941-жылы Бен үй-бүлөбүзгө Сент-Луисте (Миссури штаты) өткөрүлө турган жыйынга анын машинеси менен чогуу барып келүүнү сунуштап калды. Ошондогу толкунданганымды элестетсеңер! Ага чейин үйдөн 80 километрден алыс чыга элек болчумун. Эми болсо 1 500 километрден ашуун жол жүрмөкмүн! Бирок Сент-Луисте көйгөйлөр болбой койгон жок. Диний жетекчилер чиркөөсүнө келгендерге Күбөлөрдү үйүнө тургузбоону буйруптур. Ошондуктан көптөр берген убадасынан баш тартып кетишти. Бизди кабыл ала турган үй-бүлөгө кысым көрсөтүлсө да, алар бизди кабыл алып, түнөк жайга байланыштуу берген сөзүнө бек турууга чечкиндүү экенин айтышты. Алардын тайманбастыгы мени абдан таң калтырды.
Ал жыйында эжелерим чөмүлтүлдү. Ошол эле күнү Бруклиндеги Бейтелде кызмат кылган Рутерфорд бир тууган жүрөк козгоорлук баяндама сүйлөп, Кудайдын эркин аткарууну каалаган балдардын баарынан ордунан турушун суранды. 15 000дей бала ордунан турду. Мен да турдум. Анан Рутерфорд бир тууган кабар айтуу ишинде колунан келгендин баарын кылууну каалагандардан «ооба» деп айтууну суранды. Башка балдар менен бирге мен да: «Ооба!» — деп кыйкырдым. Бул дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду. Ошондо ушундай бир жалындай түштүм дейсиң.
Жыйындан кийин Батыш Виржинияда жашаган бир бир туугандыкына бардык. Ал башынан өткөргөн бир окуяны айтып берди. Кабарда жүргөндө жаалданган сүрмө топ аны сабап, чайыр шыбап, анан куштун жүнүнө оонатышыптыр. Анын айткандарын демимди ичиме катып угуп отурдум. «Бирок мен кабар айтканды токтотпойм»,— деди ал бир тууган. Аныкынан кеткенибизде, өзүмдү Дөөтүдөй сезип, Голийат менен — мектеп деректири менен — беттешүүгө бел байладым.
Мектептен деректирге бардым. Ал мени заардана карады. Ичимен Жахабага тиленип, жардам сурадым. Анан: «Мен Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйынына катышып келдим. Мындан ары желекке таазим этпейм!» — деп жибердим. Деректир бир топко унчуккан жок, анан шашпай ордунан туруп, мени көздөй басты. Жүзүнөн каары төгүлүп: «Таазим этесиң, этпесең, мектептен чыгарыласың!» — деп кыйкырды. Бул жолкусунда мен багынып берген жокмун. Ошондо жүрөгүмдө ага чейин эч качан сезип көрбөгөн кубаныч пайда болду.
Болгон окуяны Бенге айтып берүүгө шашылдым. Аны Падышалык залынан көргөнүмдө: «Мен мектептен чыгарылдым! Желекке таазим кылган жокмун!» — деп кыйкырып жибердим. Бен мени кучактап, жылуу жылмая: «Ишенип кой, Жахаба сени абдан жакшы көрөт»,— деди (Мыйз. 31:6). Ал сөздөр мени ушунчалык бекемдеп, дем-шык берди. Ошентип, 1942-жылдын 15-июнунда чөмүлтүлдүм.
Колдо бар нерсеге ыраазы болууга үйрөнүшүм
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин элдин турмушу кыйла жакшырып, дүнүйөкордуктун толкуну бүтүндөй өлкөнү кучагына алды. Мен айлыгы жакшы жумушта иштеп калдым. Ошондуктан мурун ээ болом деп ойлобогон нерселерди сатып алууга кудуретим жетип калды. Кээ бир досторум мотоцикл сатып алышты, башкалары болсо үйүн жакшы жасап алышты. Ал эми мен жапжаңы машине сатып алдым. Көп өтпөй жашоо-шартымды жакшыртууга болгон каалоом Падышалыктын кызыкчылыктарын алдыга жылдырууга болгон каалоомду сүрүп чыгара баштады. Туура эмес жолдо баратканымды билчүмүн. Бактыга жараша, 1950-жылы Нью-Йоркто болуп өткөн жыйын мага кайрадан туура багытка түшүүгө жардам берди.
Ошол жыйында баяндамачылар биринин аркасынан бири угуучуларды кабар айтуу ишинде алга илгерилей берүүгө үндөп жатты. Алардын бири бизди:
«Эң зарыл нерселердин башкасынын баарынан арылып, жарыштын соңуна чыккыла!» — деп үндөдү. Баяндамачы ал сөздөрдү мага айтып жаткандай болду. Мен Гилат мектебинин бир классынын бүтүрүү аземине да катыштым. Ал аземге катышкандан кийин: «Эгер мен курактуу бул Күбөлөр чет өлкөдө кызмат кылуу үчүн материалдык жыргалчылыктардан баш тартып жатышса, анда мен өз жеримде ошентүүгө даяр болушум керек эмеспи?» — деп ойлондум. Жыйындын аягында пионер болуп кызмат кылууну чечтим.Ошол убактарда мен жыйналышымдагы Эвлин Мондак деген ынталуу пионер кыз менен сүйлөшө баштадым. Анын апасы алты баланы өстүрүп-чоңойткон кайраттуу киши эле. Ал килейген Рим-католик чиркөөсүнүн маңдайында кабар айтканды жакшы көрө турган. Ачуусу келген дин кызматчы канча ирет ал жерден аны куубасын, ал кетчү эмес. Эвлин да, апасындай болуп, адамдардан коркчу эмес (Накыл 29:25).
1951-жылы Эвлин экөөбүз баш коштук жана жумушубуздан бошонуп, пионер болуп кызмат кыла баштадык. Райондук көзөмөлчү бизди Нью-Йорктон 160 километрдей алыс жайгашкан Атлантика океанынын жээгиндеги Амагансетт айылына көчүп барууга үндөдү. Ал жердеги жыйналыш бизди жашай турган жер менен камсыз кыла албай турганын билдиргенде, авточиркеме издей баштадык. Бирок акчабыз жете турганын таппай койдук. Анан бир эски авточиркемени көрүп калдык. Үйлөнүү тоюбузда белек катары алган 900 долларыбыз бар эле. Чиркеменин ээси так ошончо сурады. Аны сатып алып, оңдоп-жасап, жаңы аймагыбызга сүйрөтүп бардык. Бирок ал жерге бир тыйыныбыз жок баргандыктан, пионер болуп туруп кантип жан багабыз деп тынчсыздандык.
Эвлин үй жыйнап иштей баштады, мен болсо итальян ресторанын түнкүсүн жыйначумун. Анын ээси: «Калып калган тамакты үйүңө алып кете берсең болот»,— деди. Түнкү саат экиде үйгө келгенимде авточиркеме спагетти менен пицца жыттанып эле калчу. Ал тамактарды жылытып жеген, өзгөчө, кыштын кычыраган суугунда авточиркемеде калтырап тоңуп отурганыбызда ырахат болчу. Андан тышкары, жыйналыштагы бир туугандар кээде эшигибиздин алдына чоң балык таштап кетишчү. Амагансеттеги ал сүйүктүү бир туугандарыбыз менен ийиндеш кызмат кылган жылдары биз жашоодон канааттануу алуу үчүн эң керектүү нерселерге ыраазы болуу маанилүү экенин түшүндүк. Ал күндөр эң бактылуу күндөр эле.
Көбүрөөк берүүгө түрткү алышыбыз
1953-жылдын июль айында биз Нью-Йорк шаарында өткөрүлгөн эл аралык жыйынга чет өлкөдөгү дайындоосунан келген жүздөгөн миссионерлерди тосуп алдык. Алар башынан өткөргөн аябай кызыктуу окуяларды айтып беришти. Алардын кубанып толкунданганы бизге таасир этпей койгон жок. Баяндамачы Падышалык жөнүндөгү кабар көптөгөн жерлерге али жете элек экенин баса белгилегенде, биз кызматыбызды кеңейтип, көбүрөөк беришибиз керектигин түшүндүк. Дал ошол жыйында миссионердик мектепте окууга арыз жаздык. Ошол эле жылы 1954-жылдын февралында баштала турган Гилат мектебинин 23-классына чакырылдык. Бул кандай чоң сыймык болгон!
Бразилияда кызмат кылууга дайындалганыбызды укканда аябай толкундандык. Кеме менен 14 күнгө созулган деңиз саякатына жөнөөр алдында Бейтелдеги жооптуу бир тууган мага: «Бразилияга силер менен бирге тогуз миссионер кыз барат. Аларга баш-көз болуп тур!» — деди. Он кызды ээрчитип алып, кемеге түшүп жатканымда, деңизчилердин таң кала карап калганын элестетсеңер! Ал ишенимдештерим
менен эч кандай кыйынчылык болгон жок. Анткен менен Бразилияга аман-эсен жеткенибизде гана жеңилдей түштүм.Португал тилин үйрөнгөндөн кийин Бразилиянын түштүгүндөгү Риу-Гранди-ду-Сул штатына кыдыруучу көзөмөлчү болуп дайындалдым. Мага чейин райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган бойдок бир тууган: «Бул адырлуу, тоолуу аймакка жубайлар жиберилгенине аябай таң калдым»,— деп айтты. Жыйналыштар бири биринен алыс жайгашкан айыл-кыштактарда эле; алардын кээ бирлерине чоң машине менен гана жетүүгө мүмкүн болчу. Эгер айдоочуга тамак алып берсең, ал жүк ташуучу машинеси менен ала кетчү. Биз жүктүн үстүнө, атчандардай болуп отуруп алып, жүк таңылган жипти эки колдоп катуу кармап алчубуз. Машине чукул бурулуп, ары-бери чайпалганда, биз кулап кетпесек экен деп жипти мыкчый кармап, ой-чуңкурларды алайган көздөрүбүз менен карап кете берчүбүз. Бирок бизди чыдамсыздык менен күтүп жаткан бир туугандардын бактылуу жүзүн көргөндө андай узак сапарыбыз бекер болбогонун түшүнчүбүз.
Биз бир туугандардын үйлөрүндө жашачубуз. Алар абдан кедей турушса да, колунда болгонун башкалар менен бөлүшүүгө ынтызар болушчу. Бир алыскы аймакта жашаган бир туугандардын баары эт комбинатында иштешчү. Алардын эмгек акысы ушунчалык аз болгондуктан, күнүнө бир эле жолу тамактана алышчу. Эгер бир күн иштебей калышса, ошол күндүн акчасын алышчу эмес. Ошентсе да биз барганда алар жыйналыштын иштерине катышуу үчүн жумушунан эки күнгө бошонушкан. Алар Жахабага таянышкан. Ал момун бир туугандардан Кудайдын Падышалыгы үчүн курмандыктарга баруу жагынан көп нерсеге үйрөндүк; муну эч качан унутпайбыз. Алардын арасында жашап, биз бир да мектеп бере албаган билимге ээ болдук. Ошол ишенимдештеримди эстегенде кубанганымдан көзүмө жаш толот.
1976-жылы ден соолугу начарлап калган апама кам көрүү үчүн Кошмо Штаттарга кайтып бардык. Бразилиядан кетүү биз үчүн кыйын болду. Анткен менен ал өлкөдөгү зор өсүшкө күбө болгонубузга кубанычтабыз. Бразилиядан кат алган сайын ал жерде өткөргөн эң сонун күндөрдү жылуу сезим менен эскеребиз.
Сүйүктүү досторубуз менен кайрадан жолугуу
Апама кам көрүп жүргөндө пионер болуп кызмат кылчубуз жана жыйнап-тазалап иштечүбүз. 1980-жылы апам каза болду; ал өмүрүнүн акырына чейин Жахабага болгон берилгендигин сактады. Ошондон кийин Кошмо Штаттарда кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылууга дайындалдым. 1990-жылы жубайым экөөбүз Коннектикуттагы жыйналышка барганыбызда жүрөгүбүзгө кымбат адамдарга жолуктук. Ошол жыйналыштын аксакалдарынын бири Бен экен, ооба, 50 жылдай мурун мага Жахабанын тарабын ээлөөгө жардам берген так ошол Бен экен. Кучакташып учурашканыбызда кубанганыбызды айтпа!
1996-жылдан тартып Эвлин экөөбүз саат нормасынан бошотулган атайын пионерлер катары Элизабет шаарындагы (Нью-Жерси) португал жыйналышында кызмат кылабыз. Азыр ден соолугум начар, бирок сүйүктүү жарымдын жардамы менен кызматка колумдан келишинче катышам. Эвлин алдан-күчтөн тайган, улгайган кошунабызга да кам көрөт. Ал ким дебейсиңерби? Берта — 70 жылдан ашуун убакыт мурун апама Жахабанын кызматчысы болууга жардам берген баягы Берта! Анын үй-бүлөбүзгө чындыкты таанып-билүүгө жардам берүү үчүн кылган бардык жакшылыктарына ыраазычылык билдирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар болгонуна кубанычтабыз.
Мурда болуп өткөн ошол жыйындардын мага чыныгы сыйынууну жактоого, жашоомду жөнөкөйлөтүүгө жана кызматымды кеңейтүүгө түрткү бергенине чексиз ыраазымын. Чынында эле, ал үч жыйын менин жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү.
[23-беттеги сүрөт]
Эвлиндин апасы (солдо) жана менин апам
[23-беттеги сүрөт]
Досум Бен
[24-беттеги сүрөт]
Бразилияга жеткенде
[25-беттеги сүрөт]
Эвлин экөөбүз бүгүн