«КҮЗӨТ МУНАРАСЫНЫН» ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ Май, 2013

Бул санда жакшы кабар айтуу милдетибизди канткенде ийгиликтүү аткара аларыбыз жана кайсы сапаттар үй-бүлөдө жакшы пикир алышууга жардам берери каралат.

Жакшы кабар айтуу милдетиңди ийгиликтүү аткар

Адамдарга жакшы кабарды жеткиргенибиз эмне үчүн маанилүү? Жакшы кабар айтуу милдетибизди канткенде ийгиликтүү аткара алабыз?

«Жакшы иштерди кылууга ынталуусуңбу»?

Бул макалада ынталуу кабар айтканыбыз жана жакшы жүрүм-турумубуз кандайча адамдарды Кудайга тартары каралат.

Окурмандардын суроолору

Байыркы убакта көптөгөн элдер айрым кылмышкерлерди жазалаш үчүн устунга же мамыга кадап өлтүрүшкөн. Байыркы ысрайыл эли жөнүндө эмне айтууга болот?

Жакшы пикир алышып, никеңерди чыңдай бергиле

Жубайлар бактылуу болушу үчүн жакшы пикир алышканы абдан маанилүү. Бул макалада жакшы пикир алышууга шарт түзгөн сапаттар каралат.

Ата-энелер жана балдар, пикир алышууңардан сүйүүңөр сезилип турсун

Жакшы пикир алышууга эмнелер бөгөт болот? Аларды кантип жеңүүгө болот?

ӨМҮР БАЯН

Жашообуз маңыздуу өтүүдө

Патрициянын эки баласы тең сейрек кездешүүчү тукум куума оорудан азап чегип келет. Аларга кыйынчылыктарга карабай жашоосун маңыздуу өткөрүүгө эмне жардам берип жатканы тууралуу окуп көргүлө.

Туура чечим чыгарып, мурасыңды сакта

Кудайдын кызматчылары кандай рухий мураска ээ жана Эйсап жөнүндөгү билдирүүдөн кандай сабак ала алабыз?

БИЗДИН АРХИВДЕН

Алар «сыноо учурунда» бекем турушкан

1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш оту тутанганда, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн бейтараптуулугу кандайча дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурганы жөнүндө окугула.