Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Окурмандардын суроолору

Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?

Адамзаттын азап чегишине Кудай себепкер эмес. Анткени Ыйык Китепте: «Кудуреттүү Кудайда адилетсиздик болбойт»,— делет (Аюб 34:10). Анда азап-кайгынын мынчалык көп болушуна ким жооптуу?

Ыйса Шайтанды «бул дүйнөнүн төрөсү» деп атаган (Жакан 14:30). Албетте, Жахаба Кудай — Ааламдын Эгедери. Мындай абалдан ал эч качан баш тартпайт. Бирок ал Шайтанга адамзаттын басымдуу бөлүгүнүн үстүнөн белгилүү бир мөөнөткө бийлик жүргүзүүгө эркиндик берген (1 Жакан 5:19).

Шайтан кандай башкаруучу болду? Түпкү ата-энебизди — Адам менен Обону — азгыргандан тартып, ал киши өлтүрүүчү да, жалганчы да болуп келатат. Анын максаты — адамзат коомун тукум курут кылуу. Ыйса Шайтан тууралуу: «Ал башынан эле киши өлтүргүч болчу, чындык боюнча жашаган жок, анткени анда чындык жок. Жалган айтуу — анын табияты. Анткени ал — жалганчы жана жалгандын атасы»,— деген (Жакан 8:44). Ошондой эле аны өлтүрүүнү көздөгөн адамдардын да ошол биринчи киши өлтүргүчтүн уулдары экенин айткан. «Алма сабагынан алыс түшпөгөндөй» эле, алар атасы Шайтандын кылганын кылышкан.

Шайтан адамдарды тымызын көкүтүп, мыкаачылыкка, ырайымсыздыкка азыр да түртүүдө. Маселен, Гавайи университетинин (АКШ) эмгек сиңирген профессору Р. Раммел 1900—1987-жылдар ичинде бир катар мамлекеттерде жүргүзүлгөн саясий репрессиялардан, геноцидден жана зордук-зомбулуктан 169 198 000 киши набыт болгонун эсептеп чыккан. Бул эсепке ошол убакыт аралыгында болуп өткөн согуштардан каза тапкан он миллиондогон адамдардын саны киргизилген эмес.

Эгер азап-кайгыга Кудай жооптуу болбосо, анда эмне үчүн ага жол берүүдө? Буга орчундуу себеп бар. Анткени мындан бир канча кылымдар мурун ааламда Кудайдын башкаруусуна байланыштуу чоң талаш маселелер көтөрүлгөн. Ал маселелер али күнгө чейин чечилип бүтө элек. Келгиле, ошолордун бирине токтололу.

Адамзат тарыхынын эң башында Адам менен Обо Шайтан тарапты ээлешкен. Алар Кудайдын башкаруусун четке кагып, көзкарандысыздыкты тандашкан. Бирок, чынында, Шайтан Ибилистин бийлиги астында калышкан (Башталыш 3:1—6; Аян 12:9).

Адамдар өздөрүн өздөрү ийгиликтүү башкара алышабы? Жахаба адилеттүү Кудай болгондуктан, бул маселенин чечилишине жетиштүү убакыт берген. Натыйжада эмне айкын болду? Тарых тастыктагандай, Шайтандын таасири астындагы адамдардын башкаруусу жакшылык алып келген жок, тескерисинче, адамзатты азап-кайгыга малды. Анткен менен Кудайдын жетиштүү убакыт бергенинен ак ниет адамдар пайда алып келатышат. Кандайча? Талаш маселелерге байланыштуу далилдерди изилдеп, туура жыйынтыкка келгендер Кудайга баш ийүүнү каалаарын көрсөтө алат. Андан тышкары, Кудайдын жол-жоболорун билип, аларга ылайык жашоо өткөргөндөр келечекте жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ (Жакан 17:3; 1 Жакан 2:17).

Азыркы бузулган дүйнөнү Шайтан башкарып турганы чын. Бирок анын башкаруусу узакка созулбайт. Жакында Жахаба Ыйса Машайак аркылуу «шайтандын иштерин талкалайт» (1 Жакан 3:8). Кудайдын эркине ылайык, Ыйса кыйналгандарды, жакшылыктан үмүт үзгөндөрдү бардык кайгы-кападан биротоло арылтат. Ал азап тартып жүрүп көзү өтүп кеткен миллиондогон байыркы замандан берки адамдарды да жер бетине тирилтет (Жакан 11:25).

Ыйса Машайакты тирилтүү менен Кудай Шайтандын иштеринин үстүнөн жеңишке ээ болгонун жана Анын башкаруусуна баш ийгендерди алдыда сонун келечек күтүп турганын көрсөткөн (Элчилер 17:31). Ошол убак жөнүндө Ыйык Китепте мындай жубатарлык сөздөр жазылган: «Кудай Өзү алар [адамдар] менен болуп, алардын Кудайы болот. Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен» (Аян 21:3, 4).