Пикир келишпестиктерди жоюу
Үйбүлөлүк бакыттын сыры
Пикир келишпестиктерди жоюу
Күйөөсү: «Үйлөнгөндөн кийин Сара * экөөбүз ата-энемдикинде жашап калдык. Бир жолу инимдин сүйлөшкөн кызы машине менен үйүнө жеткирип коюшумду суранды. Макул болуп, кичинекей балам менен аны жеткирип кеттим. Үйгө келсем, Сара ачуусу менен мага бир тийип, уруша кеттик. Анан ал үйдөгүлөрдүн көзүнчө мени аял жандуусуң деп күнөөлөдү. Ошондо мен да кармана албай, кыжырына тийген сөздөрдү айта баштадым».
Аялы: «Ошол маалда балабыз ооруп, акча жагынан да кыйналып жүргөнбүз. Фернандо баланы алып, инисинин кызы менен кетип калганда, аябай көңүлүм чөктү. Ал үйгө келгенде, нааразычылыгымдын баарын айттым. Анан бири-бирибизге „сен мындайсың, сен тигиндейсиң“ деп, жаман-жакшы айтыша кеттик. Андан кийин өзүмдү аябай жаман сездим».
ЖУБАЙЛАРДЫН уруша кеткени алардын бири-бирин сүйбөй калганын билдиреби? Албетте, жок. Мисалы, жогоруда айтылган Фернандо менен Сара бири-бирин аябай жакшы көрүшөт. Бирок бактылуу жашаган үйбүлөлөрдө да кээде пикир келишпестиктер болот.
Чыр-чатактар эмне себептен пайда болот жана алардан улам никең бузулбашы үчүн эмне кыла аласың? Никени Кудай негиздегендиктен, келгиле, буга байланыштуу анын Сөзүндө, Ыйык Китепте, эмнелер айтылганын карап көрөлү (Башталыш 2:21, 22; 2 Тиметейге 3:16, 17).
Пикир келишпестиктер эмнеден улам пайда болот?
Адатта, жубайлардын көбү бири-бирине сүйүү, боорукердик менен мамиле кылууну каалайт. Бирок Ыйык Китепте: «Бардыгы күнөө кетирип, Кудай ээ кыла турган даңктан айрылып калышкан»,— деп айтылган (Римдиктерге 3:23). Ошол себептүү пикирлер кайчы келип калганда, сезимдерди башкара билүү оңой эмес. Уруш чыгып кеткенде кээ бирөөлөргө ачууланып-кыйкыруу, кемсинтүү сыяктуу жаман адатын ооздуктоо, чынында, кыйынга турат (Римдиктерге 7:21; Эфестиктерге 4:31). Дагы кандай себептер өз ара түшүнбөстүккө алып келиши мүмкүн?
Көп учурда аялы менен күйөөсү пикир алышууга эки башка карашат. «Биз жаңы үйлөнгөндө,— дейт Мичико,— экөөбүздүн кайсы бир маселени талкуулоого болгон көзкарашыбыз асман менен жердей экенин билдим. Мисалы, мага эмне болгону жөнүндө эле эмес, окуянын эмне үчүн жана кантип ошондой болгонун айтып берүү жагат. Ал эми күйөөмдү иштин жыйынтыгы эле кызыктыргандай көрүнөт».
Ооба, мындай көйгөй жалгыз эле Мичикодо эмес. Көп үйбүлөлөрдө түгөйлөрдүн бири пайда болгон келишпестикти майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоону кааласа, башкасы талашып-тартышкысы келбей, ал тууралуу сүйлөшүүдөн качышы мүмкүн. Кээде бири ошол теманы козгоп, сүйлөшүүгө аракет кылган сайын,
экинчиси сүйлөшүүдөн ошончолук качат. Силердин үйбүлөдө да бириңер баарын талкуулагыңар келип, экинчиңер талкуудан качкысы келип тургандай сезилбейби?Аялы менен күйөөсүнүн кандай пикирлешүү керектигине болгон көзкарашына өсүп-чоңойгон чөйрөсү да күчтүү таасир этерин эске алуу керек. Үйлөнгөнүнө беш жыл болгон Жастин: «Мен чоңоюп-өскөн үйбүлөдө ачык сүйлөшүү деген болчу эмес. Ошон үчүн мага сезимдеримди бирөөгө айтуу кыйын. Бул аялымды капалантат. Анткени ал ачык-айрым үйбүлөдөн болгондуктан, ой-сезимин оңой эле билдире алат»,— дейт.
Келишпестиктерди чечүүгө умтулуу эмне үчүн зарыл?
Изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, жубайлардын бири-бирин сүйөрүн кайра-кайра айтып турганы эле алардын бактылуу экенин билдирбейт. Жыныстык мамилелердеги төп келишкендик жана акча-каражаттын жетиштүү болушу да жубайларды бактылуу кылбайт. Чынында, үйбүлөдөгү бакыт аялы менен күйөөсүнүн пайда болгон келишпестиктерди канчалык ийгиликтүү чече аларынан көзкаранды.
Андан тышкары, Ыйса баш кошкон аял менен эркекти адам эмес, Кудай өзү бириктирерин айткан (Матай 19:4—6). Андыктан жакшы үйбүлө Кудайга даңк апкелет. Бирок күйөөсү аялына тийиштүү көңүл буруп, сүйүү көрсөтпөсө, Жахаба Кудай анын тиленүүлөрүн укпай коюшу мүмкүн (1 Петир 3:7). Ал эми аялы күйөөсүн урматтабаса, күйөөсүн башчы кылып дайындаган Жахаба Кудайды сыйлабаган болот (1 Корунттуктарга 11:3).
Ийгиликтин ачкычы — көңүл ооруткан сөздөрдү айтуудан качуу
Пикирлешүүгө карата көзкарашыңар кандай болбосун, кандай үйбүлөдө тарбияланбагыла, пикир келишпестиктерди ийгиликтүү чечүү үчүн ыйык китептик принциптерди колдонуп, көңүл оорута турган сөздөрдү айтуудан же иш кылуудан качкыла. Өзүңөргө төмөнкү суроолорду берип көргүлө:
▪ «Көңүл ооруткан сөздөр менен жооп кайтарбаймбы?» Бир акылман киши: «Мурунга урса кан чыгат, ошондой эле ачууну козгосо чатак чыгат»,— деп айткан (Накыл сөздөр 30:33). Бул эмнени билдирет? Бир мисал карап көрөлү. Үйбүлөлүк каражатка байланыштуу маселеде көзкараштардын ар кандай болушу чыр-чатакка алып келиши ыктымал. Маселен: «Акчаны акыл-эстүүлүк менен коротолу»,— дегендин ордуна, кээде: «Сен акчаны болбогон эле нерселерге коротосуң»,— деп айтып алабыз. Өмүрлүк жарың сени күнөөлөп, каймана мааниде «мурунга урса», сенин да ошондой жооп кайтаргың келиши мүмкүн. Бирок өч алуу кыжырданууга жана чатактын күчөшүнө гана алып келет.
Ыйык Китепти жазууга катышкан Жакып мындай эскертүү берген: «Оттун кичинекей эле учкуну чоң токойду өрттөп жок кылат. Тил да — от» (Жакып 3:5, 6). Жубайлар тилин башкара билбесе, кичинекей келишпестиктер бат эле чоң чырга айланып кетет. Ооба, үйбүлөдө ээ-жаа бербеген өрттөй уруш-талаштардын дайыма болуп турушу сүйүүнү өрчүтмөк турсун, өчүрөт.
Жооп кайтарбай, сөз менен кордошкондо «кордоо менен жооп бербеген» Ыйсаны туурай аласыңбы? (1 Петир 2:23). Уруш-талашты тезинен басуунун жакшы жолу — жубайыңдын көзкарашын эске алуу жана өзүңдөн да кеткенин моюнга алып, кечирим суроо.
КЕҢЕШ: Талаш-тартыш пайда болгондо, өзүңө мындай суроолорду берип көр: «Өмүрлүк жарымдын тынчсыздануусун эске алуу мен үчүн ушунчалык эле кыйынбы? Кыйынчылык менин айымдан пайда болгон жокпу? Кетирген каталарым үчүн кечирим суроого мага эмнелер тоскоолдук кылууда?»
▪ «Жубайымдын сезимдерине көңүл бурбай койбоймбу?» Кудай Сөзүндө: «Баарыңар бир ойдо болгула, кайрымдуу болгула»,— деген кеңеш берилет (1 Петир 3:8). Бул кеңешти колдонбой калышыңа төмөнкү эки нерсе себеп болушу мүмкүн. Биринчиден, жубайыңдын оюна, сезимдерине түшүнүү менен мамиле кылбашың ыктымал. Мисалы, жарың кайсы бир нерсеге сага караганда көбүрөөк тынчсызданса: «Сен буга өтө эле тынчсызданып жатасың»,— деп айтууга жакын болушуң мүмкүн. Балким, ага жагдайга теңсалмактуу кароого жардам берүүнү каалайттырсың. Бирок андай сөздөрдү угуу баарына эле жагымдуу боло бербейт. Жубайлардын кимиси болбосун, сүйгөн адамы ага түшүнүү менен, боорукердик менен мамиле кыларына ынангысы келет.
Экинчиден, жубайыңдын сезимдерине тийиштүү көңүл бурбоого бойкөтөрчөөктүк себеп болушу мүмкүн. Бойкөтөрчөөк киши тегерегиндегилерди дайыма басынтып, өзүн көтөрмөлөөгө аракет кылат. Ал кемсинтерлик сөздөрдү айтышы же жубайын башкаларга салыштыра бериши ыктымал. Мисалга Ыйсанын күндөрүндөгү фарисейлер менен мыйзам окутуучуларды алалы. Алардын оюна кимдир бирөөнүн, атүгүл өзүндөй эле фарисейдин, ою же көзкарашы туура келбей калса, текебер фарисейлер ошол кишини жектеп, басынтып киришчү (Жакан 7:45—52). Ал эми Ыйса аларга таптакыр окшош болгон эмес. Ага кайрылган адамдарга ал боорукердик менен мамиле жасачу (Матай 20:29—34; Марк 5:25—34).
Ошондуктан өмүрлүк жарың тынчсызданууларын билдиргенде, аны кандай кабыл аларың жөнүндө ойлонуп көр. Сүйлөгөн сөздөрүңдөн, үнүңдөн жана жүзүңдөн боорукердик чагылдырылып турабы? Же жубайыңдын сезимдери көңүл бурууга арзыбайт деп ойлоого жакынсыңбы?
КЕҢЕШ: Кийинки жумада жубайың менен кантип сүйлөшүп жатканыңа көңүл буруп көр. Эгер анын айткандарына кошкөңүл карап же кемсинтерлик сөздөрдү айткан болсоң, дароо кечирим сура.
▪ «Жарым өзүн эле ойлой берет дегенге жакын эмесминби?» «Аюб Кудайдан бекеринен коркот бекен? Аны да, анын тукумун да, анын колунда болгонунун бардыгын коргогон Сен эмессиңби?» (Аюб 1:9, 10). Бул сөздөр менен Шайтан ишенимдүү Аюбдун таза ниетине шек санаткан.
Аялы-күйөөсү абайлабаса, бири-бирине туура эмес ниет ыйгарып алышы мүмкүн. Мисалы, жубайың жагымдуу бир нерсе кылса, сага «мунун оюнда бирдеме бар, эмне эле минтип калды же менден бир нерсени жашырып жатабы...» деген ойлор келбейби? Өмүрлүк жарың жаңылыштык кетирип алса, аны башкаларды ойлобогондуктан, өзүмчүл болгондуктан ошентти деп эсептебейсиңби? Анан дароо эле ушуга окшогон мурунку каталарын эстеп, азыркысын «кара тизмеге» кошуп койбойсуңбу?
КЕҢЕШ: Жубайыңдын сен үчүн кылган жакшылыктарын жана аларды кылууга эмне түрткү бергенин жаз.
Элчи Пабыл: «Сүйүү... кек сактабайт»,— деп жазган (1 Корунттуктарга 13:4, 5). Ооба, чыныгы сүйүү жеткилең эместигибизди жана жаңыларыбызды билет. Ал таарынычтарды эсептей бербейт. Пабыл сүйүүнүн «баарына ишенерин» да айткан (1 Корунттуктарга 13:7). Мындай сүйүү ишеним артууга даяр, ошол эле учурда жеңил ойлуулук менен ар бир сөзгө ишене бербейт. Ошондой эле жөнү жок шектенбейт. Ыйык Китеп өрчүтүүгө чакырган сүйүүнүн мындай түрү кечирүүгө даяр жана башкалардын жакшы жагын көрө билет (Забур 85:5; Эфестиктерге 4:32). Аялы менен күйөөсүнүн ортосунда ушундай сүйүү өкүм сүрсө, никеси чындап бактылуу болот.
ӨЗҮҢДӨН СУРАП КӨР:
▪ Макаланын башында айтылган жубайлар кандай каталарды кетиришкен?
▪ Жубайым менен мамилелешүүдө андай каталарды кетирүүдөн канткенде кача алам?
▪ Макалада айтылып өткөн кеңештердин кайсынысын биринчи кезекте колдонушум керек?
[Шилтеме]
^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.