Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Суроолорго жооп издеп...

Суроолорго жооп издеп...

Суроолорго жооп издеп...

«Жашоого кандайча каражат табуу керек экенин билген соң, ыңгайлуу жашоого өбөлгө түзгөн, мурда оюбузга да келбеген буюмдарга, алсак, аба кондиционерине, музыкадан ырахат алууга мүмкүндүк берген жогорку сапаттагы техникага ээ болуп, жайы-кышы дасторконубузда жер-жемиштер жайнап турса да, бизди мындай суроолор ойлондуруп келет: биз эмне үчүн жашап жатабыз? Баары курулай убаракерчилик эмеспи? Же жашоонун чыныгы маңызы барбы?» Холланд шаарындагы Хоуп коллежинин психология профессору Дейвид Майерс (АКШ, Мичиган штаты).

БУЛ профессордун суроолоруна кандай деп жооп берет элеңер? Кээ бирөөлөр алардын жообун издөөнүн зарылдыгына күмөн санашат. Анткен менен бул суроолорго кол шилтеп коюу бут кийимге кирип кеткен ташка көңүл бурбай коюуга эле барабар: басып кете берсеңер деле болот, бирок бул абдан ыңгайсыз болмок.

Жашоонун чыныгы маңызы барбы деп ойлонуп жүргөн болсоңор, анда жалгыз эмессиңер. Ар кандай коомдогу жана маданияттагы адамдардын баалуулуктарын изилдеген дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн бир сурамжылоого ылайык, көп өлкөлөрдө «жашоонун маңызын, максатын» издеген адамдардын саны барган сайын өсүүдө («World Values Survey»).

Эгер жандүйнө бейкуттугуна ээ болууну кааласаңар, төмөндөгү маанилүү үч суроого жооп алганыңар абзел:

Биз кайдан пайда болгонбуз?

Жашоонун маңызы эмнеде?

Бизди кандай келечек күтүп турат?

Бул маанилүү суроолорго туура, канааттандырарлык жоопторду кайдан табууга болот? Божомолдоодон же адамдык философияга таянуудан көрө, Кудай Сөзүндө, Ыйык Китепте, эмне делгенине көңүл буралы. Андагы жооптор кийинки беттерде келтирилген. Биз силерди Ыйык Китебиңерди алып, анда эмнелер жазылганын карап көрүүгө чакырабыз.