Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ичимдикке карата Кудайдын көз карашы кандай?

Ичимдикке карата Кудайдын көз карашы кандай?

Ичимдикке карата Кудайдын көз карашы кандай?

БИЗГЕ жакшылык гана каалаган Жараткан Кудай спирт ичимдиктерин ченеми менен ичүүгө тыюу салган эмес *. Ал «адамдын жүрөгүн кубандырган шарапты, адамдын жүзүн жылтыраткан зайтун майын, адамга кубат берген нанды берген» (Забур 103:15). Иса Машаяк болсо бир жолу үйлөнүү үлпөтүндө сууну шарапка айланткан (Жакан 2:3—10).

Бирок Жараткан Кудай ичимдиктин ден соолугубузга жана мээбизге кандай таасир этерин жакшы билгендиктен, күчтүү ичимдиктерге берилип кетпешибиз керектигин катуу эскерткен. Ал Ыйык Жазма аркылуу бизди «пайдалуу нерсеге үйрөтөт» (Ышайа 48:17). Төмөнкү эскертүүлөргө көңүл бурсаңар:

«Шарап ичип мас болбогула, анткени бул адепсиздикке алып барат» (Эфестиктер 5:18). «Аракечтер... Кудайдын падышалыгын мурастабайт» (1 Корунттуктар 6:9—11). Ооба, «аракечтик, жосунсуз той-тамашалар жана башка ушу сыяктуу нерселер» Кудайга жакпайт (Галатиялыктар 5:19—21).

Келгиле азыр, спирт ичимдиктерин ченемсиз ичүүнүн зыяндуу жактарын карап көрөлү.

Спирт ичимдиктерин ченемсиз ичүүнүн залакасы

Спирт ичимдиктери кандайдыр бир деңгээлде пайдалуу болсо да, анда мээнин жана организмдин иштешине терс таасир эткен күчтүү заттар бар. Эмесе, ичимдикти көп ичүүнүн зыяндуу жактарына токтололу.

Күчтүү ичимдик ичкен кишинин акыл-эси тумандап, тунук ой жүгүртө албай калат (Накыл сөздөр 23:33). Буга чейинки макалада сөз кылынган Ален мындай дейт: «Ичкилик ден соолукка эле зыян келтирбейт, ал ой жүгүртүүңдү, көз карашыңды да бузат. Башкаларды канчалык кыйнап жатканыңды да ойлобой каласың».

Көп ичкен кишиге өзүн башкаруу кыйын болуп калат. Ыйык Китепте ичимдиктин «жакшы ниеттерди бузары» айтылат (Ошуя 4:11, «ЖД»). Кандайча? Ичимдик ичкен кишиге мурун туура эмес деп эсептеген ойлору менен каалоолору туурадай, атүгүл жакшы нерседей көрүнө башташы мүмкүн. Ал туура иш кылууга соо кезиндегидей чечкиндүү болбой калат. Ичимдик ошондой эле адамдын адеп-ахлактыгына доо кетирип, Кудай менен болгон мамилесине залакасын тийгизет.

Мисалга Жонду алалы. Ал бир жолу жубайы менен уруша кетип, ачууланган бойдон барга барып, ал жактан ачуусун басыш үчүн кичине ичимдик ичкен. Анын жанына бир аял келип калып, Жон аны менен сүйлөшүп отуруп дагы ичкен. Акыры, ошол аял менен ойноштук кылган. Кийин ал соо кезинде такыр оюна да келбеген ишке барганына аябай өкүнгөн.

Көп ичип алган киши өзүнө жана тилине ээ боло албай калат. Ыйык Китепте: «Улуган ким? Онтогон ким? Чатакташкан ким?.. Алар — керээли-кечке шарап ичип отургандар, алар — күчтүү ичимдикти жакшы көргөндөр»,— делет (Накыл сөздөр 23:29, 30). Көп ичип алгандар өзүн «деңиздин ортосунда, кеменин үстүндө уктап жаткандай» сезишет (Накыл сөздөр 23:34). Алар: «Мени сабашты, бирок эч жерим ооруган жок, мени түрткүлөштү, бирок эч нерсе сезген жокмун»,— деген сыяктуу абалга жетип калышы мүмкүн (Накыл сөздөр 23:35).

Ченемсиз ичүү ден соолукка зыян. «Акырында ал [ичимдик]... жыландай, уулуу жыландай чагат» (Накыл сөздөр 23:32). Медицина илими байыркы убакта жазылган ушул накыл сөздүн калетсиз экенин тастыктады. Көп өлчөмдөгү спирт ичимдиги — чынында эле уулуу зат жана ал рактын ар кандай түрлөрүнө, алкогол гепатитине, боордун циррозуна, панкреатитке, жүрөк кемтигине жана диабет менен ооругандардын канында канттын азайышына алып келиши мүмкүн. Спирт ичимдиктери өрчүп келаткан түйүлдүк үчүн да өтө зыян. Аны бир эле жолу көп өлчөмдө ичүү комага, атүгүл өлүмгө алып барышы ыктымал. Бирок ичимдикти көп ичүүнүн медициналык китептерде айтылбаган жогоруда саналып өткөндөн да коркунучтуу кесепети бар.

Эң коркунучтуу кесепети. Адам аракеч болуп кетпесе да, ичимдикти көп ичүүнүн айынан Кудай менен болгон мамилесин бузуп алышы мүмкүн. Ыйык Китепте: «Таң заардан күчтүү ичимдик издеп, түн киргенче шарап ичип мас болуп отургандарга кайгы!» — деп ачык эле айтылат. Эмне үчүн? Ышая пайгамбар алар тууралуу: «Теңирдин иштерин карашпайт, Анын колдору кылган иштер жөнүндө ойлошпойт»,— деп айтып, Кудай менен болгон мамилесине зыян келтирип жатышканын айткан (Ышайа 5:11, 12).

Кудай Сөзү бизди «шарап ичип мас болгондордун... арасында болбоого» чакырат (Накыл сөздөр 23:20). Ошондой эле анда «шараптын кулу болбошубуз» керектиги айтылат (Тит 2:3). Эмне үчүн? Адам, адатта, кичинеден ичип баштайт, анан бара-бара ичкенин көбөйтөт. Акыр-аягы, ал «ойгонгондон кийин кайра ошону эле издейм» деген деңгээлге жетип калат (Накыл сөздөр 23:35). Ошентип, көп ичкен киши баш жазмайын тура албай калат.

Ыйык Китепте «шарапкорлукка, жосунсуз той-тамашаларга, ичкилик ичүү мелдештерине... берилгендер» «тирүүлөрдү жана өлгөндөрдү соттоого даяр турган Сот алдында жооп беришери» айтылат (1 Петир 4:3, 5). Азыркы биз жашап жаткан оор күндөргө байланыштуу Иса пайгамбар мындай деген: «Өзүңөргө сак болгула: жүрөгүңөрдү ашыра тоюу, мас болуу жана турмуш түйшүктөрү ээлеп албасын. Ал күн [Жахабанын күнү] капысынан келип, силерди тор сыяктуу басып калбасын» (Лука 21:34, 35).

Ичкиликке берилип кеткендер жүрөктөрүн «мас болуу... ээлеп албаш» үчүн эмне кыла алышат?

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Бул макаладагы «спирт ичимдиктери» деген сөз айкашы сыраны, шарапты жана башка ушу сыяктуу ичимдиктердин баарын билдирет.

[4-беттеги сүрөт]

Ичимдикти көп ичүүнүн көптөгөн зыяндуу жактары бар