Ал бизден жакшы нерселерди издейт
Кудайга жакында
Ал бизден жакшы нерселерди издейт
«ТЕҢИР бардык жүрөктөрдү сынап турат, эмне ойлогонуңарды билип турат» (1 Жылнаама 28:9). Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган бул сөздөр Жахаба Кудайдын бизге болгон терең кызыгуусуна ыраазы болууга түрткү берет. Жахаба, биз жеткилеңсиз болсок да, жүрөгүбүздөн жакшы нерселерди издейт. Муну анын Абия жөнүндө 1 Падышалар 14:13тө айткан сөздөрүнөн айкын көрүүгө болот.
Абиянын үй-бүлөсү жаман адамдар болгон. Анын атасы Жаробам элди чыныгы сыйынуудан бурган падышалардын биринчиси болчу *. Ошондуктан Жахаба Кудай Жаробамдын тукумун «таштандыны шыпыргандай» шыпырып салууну ниет кылган (1 Падышалар 14:10). Ал Жаробамдын тукумунан бир гана киши — катуу ооруп жаткан Абия гана — көргө коюларын айткан *. Эмне үчүн? Кудай мындай деген: «Жаробамдын тукумунан Ысрайылдын Кудай-Теңиринин алдында жакшы нерсе табылды» (1 Падышалар 14:1, 12, 13). Мындан Абия жөнүндө эмнени билүүгө болот?
Ыйык Китепте Абиянын Кудайдын ишенимдүү кызматчысы болгону айтылбайт. Анткен менен Абияда кандайдыр бир жакшы нерсе болгон. Андан «Кудай-Теңиринин алдында жакшы нерсе табылган». Кыязы, ал «жакшы нерсе» Кудайга сыйынууга байланыштуу иштер болсо керек. Раббин жазуучуларынын айтымына караганда, Абия Иерусалимдеги ибадатканага барып турган же атасынын ысрайыл элине Иерусалимге барып сыйынышына тоскоол кылыш үчүн койгон сакчыларын алып салган.
Ал кандай иш болбосун, Абиядагы «жакшы нерсе» көңүлгө аларлык болгон. Биринчиден, ал чын жүрөктөн жасалган иш болгон. Ал жакшы нерсе «андан», башкача айтканда, анын жүрөгүнөн табылган. Экинчиден, Абиянын жакшы иш кылганы өзгөчө болгон. Анткени ал «Жаробамдын тукумунан» болчу. Бир окумуштуу: «Адамдын, ал жаман чөйрөдө чоңойсо да, жаман үй-бүлөдөн болсо да, жакшы иштерди кылганы мактоого татырлык»,— деген. Ал эми дагы бир окумуштуу Абиядагы «жакшы нерсе» «түн ичинде асмандагы жымыңдаган жылдыздардай жана жалбырагы күбүлүп түшүп калган дарактардын арасындагы кооз көрүнгөн кедр дарагындай даана байкалып турганын айткан».
Баарынан да маанилүүсү, 1 Падышалар 14:13төн Жахаба жөнүндө жана анын бизден эмнени издей турганы жөнүндө кызыктуу бир нерсени билүүгө болот. Жахабанын Абиядан «жакшы нерсе» «тапканына» көңүл бурсаң. Кыязы, Жахаба Абиядан «жакшы нерсе» табыш үчүн анын жүрөгүн изилдеген. Үй-бүлөсүндөгүлөрдөн айырмаланып, Абия, бир окумуштуу айткандай, «шагыл таштардын арасында» жаткан берметтей болгон. Жахабага Абиянын ошол «жакшы нерсеси» жаккандыктан Жаробамдын тукумунан жалгыз ага гана ырайым кылган.
Жахабанын, биздин жеткилеңсиз болгонубузга карабай, бизден жакшы нерселерди издей турганын жана ошол нерселерибизди баалай турганын билүү кандай гана жубатат! (Забур 129:3). Бул бизге жүрөгүбүздү изилдеген жана кичинекей жакшы нерсени да көргөн Жахаба Кудайга жакындоого түрткү бербейби?
[Шилтемелер]
^ 5-абз. Жаробам ысрайыл эли Иерусалимдеги ибадатканага барып Жахабага сыйынбашы үчүн, Ысрайылдын түндүк падышалыгына алтын музоо жасап, жалган сыйынууну негиздеген.
^ 5-абз. Байыркы убакта адамдын көргө коюлбай калышы анын Кудайдын каарына калганын көрсөткөн (Жеремия 25:32, 33).