Армагедон согушу качан болот?
Армагедон согушу качан болот?
«Карап, эч ким санай албаган эбегейсиз көп адамдарды көрдүм. Ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн ал адамдар... улуу алааматтан аман өткөндөр» (АЯН 7:9, 14).
ДҮЙНӨ жүзүндө болуп жаткан окуялар Армагедон согушу жакында башталарынан кабар берет. Эмне үчүн минтип айтууга болот?
Дүйнө жүзү боюнча Жахаба Кудайга биримдикте кызмат кылган, Ыйык Китептеги мыйзамдарга карманып жашаган эл бар. Ар кандай тилде сүйлөгөн, ар кайсы элден, ар кайсы уруудан чыккан миллиондогон адамдар Кудайдын жардамы менен бир уюмга чогулуп жатышат. Алар — Жахабанын Күбөлөрү (Жакан 13:35).
Жакында Шайтан таламдаштарын чогултуп, тынчтыкта жашаган, коргоочусу жоктой көрүнгөн ал элге чабуул коёт (Жезекиел 38:8—12; Аян 16:13, 14, 16). Ушундай болоруна эмне үчүн айта алабыз? Ыйык Китепте Армагедон согушу башталар алдында кандай окуялар болору жазылган. Алардын көбү учурда аткарылып жатат.
Аткарылып жаткан пайгамбарлыктар
Иса пайгамбардын шакирттери андан дүйнөнүн акыры келгенин кантип билүүгө болорун сурашкан (Матай 24:3). Ал шакирттеринин суроосуна жооп берип: «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде ачарчылык, жер титирөө болот»,— деген. Анан: «Мунун баары — азап-кайгынын башталышы»,— деп кошумчалаган (Матай 24:7, 8). Элчи Пабыл да «акыркы күндөрдө» «өзгөчө оор мезгилдин» болорун айткан (2 Тиметей 3:1). Ушул пайгамбарлыктар бүгүнкү күндө аткарылып жаткан жокпу?
Акыркы күндөрдө эмне үчүн өзгөчө оор мезгил болмок? Элчи Жакандын айтканына ылайык, акыркы күндөрдө Шайтан менен анын жин-перилери асмандан жерге кулатылмак. Ошондо Шайтан «убактысынын Аян 12:7—12). Бүгүнкү күндө зордук-зомбулуктун бир эле жерде эмес, бүт жер жүзүнө кулач жайып жатканына күбө болуп жатасыңарбы?
аз калганын билип», жерге «катуу каары» менен түшмөк (Иса пайгамбар ошол өзгөчө оор мезгилде бүт дүйнө жүзү боюнча бир маанилүү иш жүргүзүлөрүн айткан. Ал: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген (Матай 24:14). Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды 235тен ашуун өлкөдө жана аймактарда 500дөн ашык тилде жарыялап жатышат. Алар басып чыгарган, Ыйык Китепке негизделген «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдары — дүйнө жүзүндө эң көп таралган журналдардын бири. Ошондой эле Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти 100гө жакын тилге которушкан. Алар аткарып жаткан иши үчүн акы алышпайт жана алардын иши ыктыярдуу тартуулар менен каржыланат. Төгөрөктүн төрт бурчунда аткарылып жаткан бул иш Иса пайгамбардын айткандары аткарылып жатканынын далили эмеспи?
Мындан тышкары, Ыйык Китепте Жахаба Кудай менен ага каршы чыккандардын ортосунда боло турган согуштун алдында кандай окуялар болору айтылган. Келгиле, жакында аткарыла турган үч пайгамбарлыкка токтололу.
Жакында аткарыла турган пайгамбарлыктар
1-пайгамбарлык. Ыйык Китепте элдер: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп дүйнөнү дүңгүрөтө жар салары айтылган. Ошондой кылуу менен алар көптөгөн чоң-чоң көйгөйлөрдү чечебиз деп ойлошу мүмкүн. Бирок жер бетинде, алар ойлогондой, тынчтык орнобойт (1 Тесалоникалыктар 5:1—3).
2-пайгамбарлык. Андан соң өкмөттөр диндердин баарын жаап салууну чечишет. Ыйык Китепте ал өкмөттөр жырткычты, ал эми ошол жырткычтын үстүндө отурган сойку аял жалган динди символдоштурат (Аян 17:3, 15—18). Кудайдын өкүлүбүз деп ырастаган жалган диндерди жок кылуу менен каймана маанидеги жырткыч өзү билбей эле Кудайдын оюн ишке ашырып коёт.
Мунун кандайча болорун Жакан пайгамбар мындай деп сүрөттөгөн: «Он мүйүз менен жырткыч сойкуну жек көрүп, талап-тоношот, жылаңачташат. Анан этин жеп, өзүн өрттөп жиберишет. Анткени Кудай өзүнүн оюн аткарууну... жүрөктөрүнө салат» (Аян 17:16, 17).
3-пайгамбарлык. Жалган диндер жок кылынгандан кийин, Шайтан бардык элдерди Жахаба Кудайга кызмат кылгандарга кол салууга тукурат (Аян 7:14; Матай 24:21).
Кандай иш-аракет кылуу маанилүү?
Буга чейин Ыйык Китепти изилдеп көрбөсөңөр, силерге жогоруда айтылган окуялардын болоруна ишенүү кыйынга турушу мүмкүн. Бирок ушунун баары жакында майда-чүйдөсүнө чейин аткарыларына ишенгенге толук негиз бар. Анткени Ыйык Китепте жазылган башка пайгамбарлыктар буга чейин так аткарылып келген *.
Силерди Жахабанын Күбөлөрүнүн «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүнө» аз калганына эмне үчүн ишенери жана ал күндөн эмне үчүн коркпой эле койсо болору жөнүндө көбүрөөк билгенге чакырабыз. Жахаба Кудай коргой турган адамдардын арасында болуш үчүн кандай иш-аракеттерди кылыш керектигине байланыштуу Ыйык Китепте эмне делгенин билгиңер келсе, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот (Аян 16:14). Ыйык Китептен билгендериңер келечекке болгон көз карашыңарды өзгөртүшү мүмкүн.
[Шилтеме]
^ 17-абз. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын так аткарылганы жөнүндө билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 2, 9-бөлүмдөрүн карагыла.
[8-беттеги сүрөт]
Жахабанын Күбөлөрүнүн иши Ыйык Китептеги пайгамбарлыктын аткарылышын көрсөтүп турган жокпу?