Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА МУСА КИМ БОЛГОН?

Муса ким болгон?

Муса ким болгон?

Муса деген атты укканда кимди элестетесиңер?

  • Апасы себетке салып, Нил дарыясынын жээгиндеги камыштын арасына катып койгон баланыбы?
  • Мисир падышасынын ак сарайында чоңойгон, бирок ысрайылдык экенин унутпаган баланыбы?
  • Мидиан жеринде 40 жыл кой кайтарган кишиниби?
  • Күйүп турган бадалдын жанында Жахаба * Кудай менен сүйлөшкөн кишиниби?
  • Мисир падышасынан ысрайылдыктарды кулчулуктан бошотушун талап кылган кайраттуу кишиниби?
  • Мисир падышасы Кудайдын айткандарын укпай койгондо, Кудайдын мисирликтерге чыгарган өкүмүн жарыялаган кишиниби?
  • Миңдеген ысрайылдыктарды Мисирден алып чыгып, аларды жетектеп жүргөн кишиниби?
  • Кызыл деңизди экиге бөлгөн кишиниби?
  • Синай тоосунан он осуят жазылган таш лоокторду алып түшкөн кишиниби?

МУСА ушунун баарын башынан өткөргөн. Ага мусулмандар да, христиандар да, жүйүттөр да ишенип, аны урматтап-сыйлашат.

Мусанын «улуу иштерди жасаган» пайгамбар болгонуна шек жок (Мыйзам 34:10—12). Ал Кудай берген өзгөчө тапшырмаларды аткарган. Бирок, башка пайгамбарлардай эле, «биздикиндей... сезимдери бар» пенде болгон (Жакып 5:17). Андан тышкары, Муса пайгамбар биздикиндей эле кыйынчылыктарга туш болгон жана аларды көтөрүп кете алган.

Ага кыйынчылыктарды көтөргөнгө эмне жардам берген? Келгиле, анын үч сапатына токтолуп, андан кандай үлгү алсак болорун карап чыгалы.

^ абз. 7 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.