Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ ЭЭСИ МЕНЕН МАЕКТЕШҮҮ

Жахабанын Күбөлөрү Исага ишенишеби?

Жахабанын Күбөлөрү Исага ишенишеби?

Төмөндө Жахабанын Күбөсүнүн үй ээси менен курган маеги жазылган. Келгиле, алардын маегине көңүл буралы.

ИСАГА ИШЕНҮҮ ЗАРЫЛ

Жахабанын Күбөсү: Кандайсыз? Үйдө болгонуңуз жакшы болбодубу. Жакшы турасызбы?

Үй ээси: Жакшы, келиңиз.

Жахабанын Күбөсү: Сизге «Күзөт мунарасы» менен «Ойгонгула!» журналынын жаңы санын алып келгем. Бул журналдардагы макалалар сизге жагат болуш керек.

Үй ээси: Рахмат. Ырас келбедиңизби, сизге бир суроо берейин дегем.

Жахабанын Күбөсү: Макул бериңиз.

Үй ээси: Баягүнү кесиптешим менен сүйлөшүп калып, сиз берип кеткен журналда аябай кызыктуу маалыматтар бар экенин айтсам, ал: «Жахабанын Күбөлөрү берген журналдарды окубай эле кой, алар Исага ишенишпейт»,— деди. Мен ага: «Эмки келгенде сурап көрөйүнчү»,— дедим. Силер чын эле Исага ишенбейсиңерби?

Жахабанын Күбөсү: Айрымдар ошентип ойлошот. Бул тууралуу башкалардан сурабай, менден сураганыңыз жакшы болбодубу. Анткени адамдын эмнеге ишенерин өзүнөн сурап-билгенден өтөрү жок болуш керек деп ойлойм.

Үй ээси: Ооба, мен да кошулам.

Жахабанын Күбөсү: Биз Исага ишенебиз, атүгүл куткарылуу үчүн ага ишенүү зарыл деп эсептейбиз.

Үй ээси: Ошондой болуш керек деп ойлогом, бирок кесиптешим силердин Исага ишенбей турганыңарды айткандан кийин, сурап көрөйүн дедим. Менимче, буга чейин бул жөнүндө сүйлөшпөсөк керек.

Жахабанын Күбөсү: Анда сизге Исага ишенүү канчалык маанилүү экенин далилдеген аяттарды окуп бербейминби? Биз ал аяттарды башкаларга көп эле окуп беребиз.

Үй ээси: Мейли.

Жахабанын Күбөсү: Келиңиз, адегенде Ыйык Китептен Жакан 14:6ны окуп көрөлү. Бул жерде Иса элчилеринин бирине: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деп айткан. Бул аятка ылайык, Кудайга ким аркылуу жакындай алат экенбиз?

Үй ээси: Иса аркылуу.

Жахабанын Күбөсү: Туура айттыңыз. Жахабанын Күбөлөрү да буга бекем ишенишет. Ошондуктан Кудайга кайрылганда дайыма Исанын атынан кайрылабыз.

Үй ээси: Аа, ошондойбу.

Жахабанын Күбөсү: Эми дагы бир аятты, Жакан 3:16ны, карап көрбөйлүбү. Бул аябай маанилүү аят болгондуктан, көптөр аны чакан Инжил деп да коюшат. Анткени ушул бир эле аят Исанын жердеги жашоосунун, кызматынын маани-маңызын түшүндүрүп берет. Бул аятты сиз окуп бересизби?

Үй ээси: Макул. «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди».

Жахабанын Күбөсү: Бул аятты мурда уктуңуз беле?

Үй ээси: Ооба, уккам.

Жахабанын Күбөсү: Бул аятты көптөр билет. Иса бул жерде Кудай адамзатты сүйгөндүктөн түбөлүк өмүр тартуулап жатканын айтып жатат. Бирок ага ээ болушубуз үчүн эмне кылышыбыз керек экен?

Үй ээси: Ишенишибиз керек турбайбы.

Жахабанын Күбөсү: Ооба, биз Кудайдын жалгыз Уулу Иса Машаякка ишенишибиз керек. Сизге алып келген «Күзөт мунарасы» журналынын 2-бетиндеги журналдын кандай максатта чыгары түшүндүрүлгөн жерде Исага ишенүү түбөлүк өмүргө жол ачары айтылган. Ошондой эле: «Түбөлүк өмүргө ээ болушубуз үчүн өз өмүрүн берген жана учурда Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик кылып жаткан Иса Машаякка ишеним өрчүтүүгө жардам берет»,— деп да жазылган.

Үй ээси: Аа, Исага ишенериңер өзүңөрдүн журналыңарда деле айтылат турбайбы.

Жахабанын Күбөсү: Ооба.

Үй ээси: Анда эмне үчүн айрымдар силерди Исага ишенбейт дешет?

Жахабанын Күбөсү: Буга көп нерселер себеп болушу мүмкүн. Балким, башкалардан ошондой деп уккандыктан ошентип айтышы ыктымал. Же алардын жаңылыш ойдо болушуна диний жетекчилери себепкер болушу этимал.

Үй ээси: Менин оюмча, силер Исанын Күбөлөрү деп эмес, Жахабанын Күбөлөрү деп аталгандыктан да, башкалар силерди Исага ишенбейт деп ойлойт болуш керек.

Жахабанын Күбөсү: Ошондон улам да болушу мүмкүн.

Үй ээси: Силер чын эле Жахаба жөнүндө эмне үчүн көп айтасыңар?

«СЕНИН АТЫҢДЫ... АЧЫП БЕРДИМ»

Жахабанын Күбөсү: Биз, анын Уулу Исадай болуп, Кудайды Жахаба деп атынан атоо маанилүү экенине ишенебиз. Иса Атасына кайрылып тиленгенде эмне дегенине көңүл бурсаңыз. Бул Жакан 17:26да жазылган. Муну да сиз окуп бересизби?

Үй ээси: Макул. «Сен мага кандай сүйүү көрсөтсөң, алар да башкаларга ошондой сүйүү көрсөтүшү үчүн жана алар менен биримдикте болушум үчүн, сенин атыңды аларга ачып бердим, дагы да ачып берем».

Жахабанын Күбөсү: Исанын: «Сенин атыңды аларга ачып бердим»,— деп айтканына көңүл бурсаңыз. Ал эмне үчүн ошенткен деп ойлойсуз?

Үй ээси: Мм. Билбейт экенмин.

Куткарылуу үчүн Исага ишенүү зарыл

Жахабанын Күбөсү: Муну көбүрөөк түшүнгөнгө жардам бере турган дагы бир аятты карап көрбөйлүбү. Элчилер 2:21де: «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат»,— деп жазылган. Куткарылыш үчүн Жахабанын ысмын чакыруу зарыл деген талапты Иса да билгенине кошулат чыгарсыз.

Үй ээси: Ооба, билген болуш керек.

Жахабанын Күбөсү: Иса анын жолдоочулары куткарылышы үчүн Кудайдын ысмын билиши жана анын ысмын чакырышы керек болгондуктан, аларга Кудайдын ысмын ачып берген. Биздин да Жахаба жөнүндө башкаларга көп айтканыбыздын бирден-бир себеби — ушул. Биз Кудайдын ысымы жарыяланышы керек экенин билебиз жана башкаларга Кудайды ысмынан чакырганга жардам бергибиз келет.

Үй ээси: Бирок Кудайдын атын билбесе да, ага атын атап кайрылбаса да, баары эле Кудай дегенде ким жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнүшөт го?

Жахабанын Күбөсү: Ооба, аныңыз да туура. Бирок Кудай ага жакындоо жеңилирээк болуш үчүн, атайын өзүнүн ысымын ачып берип жатат.

Үй ээси: Анын ысмын билгенибиз ага кандайча жакындатат?

Жахабанын Күбөсү: Мисал келтирсек, эмне үчүн Ыйык Китепке Муса пайгамбардын аты жазылган деп ойлойсуз? Ал жөнүндө атын жазбай эле Кызыл деңизди экиге бөлгөн же Кудайдан Он осуят жазылган таш лоокту алган киши деп эле айтылса болмок да. Же болбосо Нух пайгамбардын атын жазбай эле, чоң кеме куруп, үй-бүлөсүн, жаныбарларды сактап калган киши деп эле койсо болот эле да. Ошондой эле Иса Машаякты да жөн эле асмандан келип, бизди күнөөдөн арылтыш үчүн өмүрүн берген бирөө деп койсо болмок да, туурабы?

Үй ээси: Ошентип деле койсо болмок болуш керек.

Жахабанын Күбөсү: Бирок Кудай ошол адамдардын аттарын жаздырып койгон. Анткени алардын атын билгенибизде гана жашоосундагы окуяларды айкын элестете аларыбызды билет. Биз Муса, Нух пайгамбарларды же Исаны өз көзүбүз менен көрбөсөк да, аттарын билгендиктен алардын чын эле жашаганына көбүрөөк ишенебиз.

Үй ээси: Чын эле, минтип ойлонуп көрбөптүрмүн.

Жахабанын Күбөсү: Бул биздин Кудайды атынан атаганыбыздын дагы бир себеби. Биз башкалардын Жахаба Кудайдын чын эле бар экенине ишенип, ага жакындаса болорун түшүнүшүн каалайбыз. Ошол эле учурда Иса Машаяктын да ролу чоң экенин түшүнөбүз. Ушуга байланыштуу дагы бир аятты окуп берейин.

Үй ээси: Мейли.

Жахабанын Күбөсү: Жана сөзүбүздүн башында Жакан 14:6дан Исанын «мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн» дегенин окубадыкпы. Эми Жакан 14:1ди окуп көрбөйлүбү. Ушул аяттын акыркы бөлүгүн окуп көрсөңүз да.

Үй ээси: «Кудайга ишенгиле, мага да ишенгиле».

Жахабанын Күбөсү: Бул жерде бирөөнө эле, же Исага, же Кудайга ишениш керек деп турабы?

Үй ээси: Жок. Иса экөөнө тең ишенишибиз керектигин айткан турбайбы.

Жахабанын Күбөсү: Туптуура айттыңыз. Ошондой эле Кудайга жана Исага ишенем деп ооз менен эле айтып коюу жетишсиз экенине кошулат чыгарсыз. Биз ишенерибизди иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек.

Үй ээси: Ооба да.

Жахабанын Күбөсү: Эмки келгенде Кудайга жана Исага ишенерибизди кантип көрсөтө аларыбыз жөнүндө сүйлөшпөйлүбү? *

Үй ээси: Макул.

Балким, кайсы бир суроого Ыйык Китепте кандай жооп камтыларын же Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенерин билгиңер келип жүргөндүр. Эгер ошондой болсо, Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар болот. Алар суроолоруңарга жооп берүүгө даяр.

^ 58-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 12-бөлүмүн карагыла.