Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарды кантип тарбиялоо керек?

Балдарды кантип тарбиялоо керек?

«Жордан үйгө келчү убактысынан кечигип жаткандыктан, ар бир машиненин үнүн тыңшап, кабатыр болуп отургам. Ушуну менен бул үчүнчү жолу кайталанып жаткан эле. „Ал каякта жүрөт? Кырсыкка кабылган жокпу? Бизди сарсанаа болот деп ойлобойбу?“ — деп бушайман болуп жаткам. Ошондуктан ал келгенде, тарс жарылайын деп араң тургам» (ЖОРЖ).

«Кызым чыңырып жибергенде, эмне болуп кетти деп жүрөгүм түшүп калды. Карасам — башын кармап алып ыйлап жатыптыр. Төрт жашар балам аны катуу чаап ийиптир» (НИКОЛЬ).

«Алты жашар кызыбыз көзүн бажырайтып эч нерсе кылбагандай түр менен: „Шакекти уурдаган жокмун, таап алдым“,— деди. Ал уурдаганын мойнуна албай танып туруп алганына ушунчалык жаман болдук» (СТИФЕН).

ЭГЕР балдарыңар болсо, балким, жогоруда айтылгандагыдай жагдайларга туш болот чыгарсыңар. Андайда балаңарды кантип оңдоп-түзөсөңөр болору жөнүндө, же деги эле оңдоп-түзөө керекпи-жокпу деп ойлоносуңарбы? Деги эле баланы тарбиялап, оңдоп-түзөп туруу туурабы?

ТАРБИЯЛОО ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Ыйык Китепте колдонулган «тарбиялоо» деген сөз жазалоо деген эле маанини туюнтпайт. Тарбиялоо өз ичине акыл-насаат айтууну, үйрөтүүнү, оңдоп-түзөөнү да камтыйт. Ал катаалдык менен уруп-сабоону, урушуп-тилдөөнү билдирбейт (Накыл сөздөр 4:1, 2).

Балдарды тарбиялоону бак өстүрүүгө салыштырууга болот. Бакчы жер айдайт, сугарат, жерди семиртип, отоо чөптөрдү жулуп турат. Ошондой эле зыяндуу курт-кумурскаларды жок кылат. Ал эми бак өсө баштаганда, түз өсүшү үчүн аны бутап турат. Бакчы ушулардын баарын кылуу зарыл экенин билет. Ата-энелер да балдарына дайыма кам көрөт. Бирок кээде балдарды оңдоп-түзөп туруу, мындайча айтканда, жаман жактарын кеч боло электе кесип, бутап, баланы туура багытка салып туруу керек болот. Этияттап бутабаса, бак катуу жабыркап калышы мүмкүн болгондой эле, балдарды да сүйүү менен тарбиялабаса, жабыркап калышы ыктымал.

Бул жагынан Жахаба Кудай ата-энелерге эң сонун үлгү десе болот. Кудайдын тарбиялоо ыкмасы абдан натыйжалуу жана жагымдуу болгондуктан, ага кызмат кылган кишилер анын акыл-насаатын сүйгөн (Накыл сөздөр 12:1). Алар Кудайдын акыл-насаатына кулак кагып, дайыма ага ылайык иш кылышкан (Накыл сөздөр 4:13). Кудайдын байыркы убактагы элин тарбиялаганынан үч нерсени байкоого болот. Ал элин 1) сүйүү менен 2) акыл-эстүүлүк менен тарбиялаган жана 3) койгон талаптарына бек карманган. Ата-энелер Кудайдан үлгү алса, балдарына аларга баш ийүү жеңил болот.

 СҮЙҮҮ

Кудайдын тарбиясы сүйүүгө негизделет жана ал кимдир бирөөнү сүйгөндүктөн тарбиялайт. Ыйык Китепте: «Атасы жакшы көргөн уулун оңдоп-түзөгөндөй эле, Жахаба кимди жакшы көрсө, ошону оңдоп-түзөйт»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 3:12). Ошондой эле Жахаба «кайрымдуу, ырайымдуу, ачууланганга шашпайт» (Чыгуу 34:6). Андыктан ал эч качан катаалдык же таш боордук менен мамиле кылбайт. Андан сырткары, Жахаба Кудай эч убакта «кылычтай жаралай» турган жүрөк оорутарлык сөздөрдү, какшык сөздөрдү колдонбойт жана сындай бербейт (Накыл сөздөр 12:18).

УГУУ

Албетте, ата-энелер сабырдуу болуу жагынан Жахаба Кудайды жеткилең түрдө туурай алышпайт. Кээде өзүңөргө алыңар жетпечүдөй сезилген учурлар болот. Андайда ачууга алдырып балаңарды катаалдык менен жазалап коюшуңар мүмкүн экенин жана ошентүү эч качан жакшы натыйжа бербей турганын унутпагыла. Андан тышкары, ошентип жазалоо тарбия бергендикке жатпайт. Ал тек гана өзүңөрдү башкара албай калганыңарды билдирип калат.

Ал эми сабырдуу болуп, сүйүү менен тарбияласаңар, натыйжасы жакшы болот. Макаланын башында айтылган Жорж менен Николь кандай кылганына көңүл бурсаңар.

ТИЛЕНҮҮ

«Жордан келгенде, аялым экөөбүз ачуубузду араң басып отурганбыз, бирок өзүбүздү кармап, анын эмне үчүн кечиккенин айтканын уктук. Анан аябай кеч болуп кеткендиктен эртеси сүйлөшөлү деп чечтик да, чогуу тиленгенден кийин жатып алдык. Эртеси жай отуруп сүйлөштүк. Балам да айткандарыбызды жакшы угуп, биз койгон чектөөлөргө макул болду жана кылганы үчүн жазаланышы керек экенин түшүндү. Ачууга алдырбагандын натыйжасы жакшы болоруна жубайым экөөбүз тең ынандык. Биз адегенде балабызды уккандыктан, баары жакшы чечилди» (Жорж).

СҮЙЛӨШҮҮ

«Баламдын кызымды катуу чаап жибергенине аябай ачуум келди. Бирок өзүмдү кармай албай калып, аша чаап кетпейин деп, аны бөлмөсүнө киргизип койдум. Анан ачуум тарагандан кийин, балама андай кылуу туура эмес экенин катуураак айтып, эжесин канчалык катуу чапканын көрсөттүм. Ошондо ал эжесинен кечирим сурап, аны кучактады» (Николь).

Ооба, туура тарбия, атүгүл өз ичине оңдоп-түзөөнү камтыган күндө да, сүйүүдөн улам берилет.

 АКЫЛ-ЭСТҮҮЛҮК

Жахаба Кудай оңдоп-түзөгөндө дайыма «чени менен жазалайт» (Жеремия 30:11; 46:28). Ал баарын, атүгүл анча айкын болбогон нерселерди да эске алат. Канткенде ата-энелер да ошондой иш кыла алышат? Макаланын башында айтылган Стифэн мындай дейт: «Кызыбыздын шакекти уурдап алганын танып туруп алганына капа болсок да, анын жашын, көп нерсени түшүнө элек экенин эске алдык».

Николдун жолдошу Роберт да баарын эске алганга аракет кылат. Балдары туура эмес бир нерсе кылганда, ал: «Биринчи жолу эле ушундай болуп жатабы же ушинткени адатка айланып баратабы? Балам чарчап же ооруп турган жокпу? Анын мындай кылганы башка көйгөйдүн белгиси эмеспи?» — деп ойлонот.

Эстүү ата-эне бала чоң кишинин эле кичинекейи эмес экенин эсинен чыгарбайт. Элчи Пабыл да: «Мен бала кезимде баладай сүйлөп, баладай ойлонуп, баладай ой жүгүртчүмүн»,— деп жазган (1 Корунттуктар 13:11). Роберт: «Бала кезимде өзүм да ушундай нерселерди кылганымды унутпаганым туура көз карашта болгонго, сабырдуу болгонго жардам берет»,— дейт.

Балаңардан көптү күтүп албагыла, ошол эле учурда, ал туура эмес кылса же туура эмес көз карашта болсо, аны актап же андай нерселерге көз жумуп койбогула. Балаңардын эмнени кыла аларын, эмнени кыла албасын жана башка нерселерди эске алсаңар, чектен чыгып кетпейсиңер жана акыл-эстүүлүк менен тарбия бере аласыңар.

КОЙГОН ТАЛАПТАРГА БЕК КАРМАНУУ

Ыйык китепте: «Мен Жахабамын, мен өзгөрбөйм»,— деп жазылган (Малаки 3:6). Жахаба Кудайдын кызматчылары буга толук ишенгендиктен өздөрүн коопсуз сезишет. Ата-энелер балдарын тарбиялоодо койгон талаптарына бек карманышса, балдар да ошондой сезимде болушат. Эгер ата-энелер маанайына жараша талаптарын өзгөртө беришсе, балдар эмне кылышты билбей башы маң болуп, кыжырданышы мүмкүн.

Иса пайгамбар: «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин»,— деп айткан. Ата-энелер да ушу кеңешке ылайык иш кылса, натыйжасы жакшы болот (Матай 5:37). Кылбай турган нерсени айтып шарт коёрдон мурун жакшылап ойлонгула. Балаңарга туура эмес кылганы үчүн жазалай турганыңарды айтсаңар, айтканыңарга жараша кылгыла.

Койгон талаптарына бек карманышы үчүн ата-энелердин кеңешип иш кылганы маанилүү. Роберт мындай дейт: «Эгер балдарыма бир нерсе кылганга уруксат бергенден кийин апасы уруксат бербей койгонун билсем, кайра уруксат бербей коём». Ата-энелер бир пикирде эмес болсо, өзүнчө сүйлөшүп, бир чечимге келип алганы абзел.

ТАРБИЯ БЕРҮҮ МААНИЛҮҮ

Жахабадан үлгү алып, балдарыңарды сүйүү, акыл-эстүүлүк менен тарбияласаңар жана койгон талаптарыңарга өзүңөр бекем кармансаңар, натыйжасы эң сонун болот. Балага багыт берүүдө сүйүүгө жетектелип иш кылсаңар, балаңар жетилген, жоопкерчиликтүү жана тең салмактуу адам болуп чоңоёт. Ыйык Китепте: «Баланы туура жолго сал. Ал ошол жолдон карыганда да чыкпайт»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 22:6).