Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудай соттордон эмнени талап кылган?

Кудай соттордон эмнени талап кылган?

БИР НЕЧЕ жыл мурун Батыш өлкөлөрүнүн биринде сот айыпсыз эки кишини адам өлтүргөн деп айыптап, өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарган. Кийинчерээк ал кишилердин айыпсыздыгы аныкталганда, жактоочулар алардын бирин бошотуп алышкан. Бирок экинчисине жардам бере алышкан эмес, анткени сот өкүмү ишке ашырылып калган эле.

Кандай гана сот системасы болбосун, ушундай адилетсиздик болушу мүмкүн болгондуктан, Ыйык Китепте: «Адилеттикке, адилеттикке умтул»,— деп жазылган (Мыйзам 16:20). Соттор адилеттикке умтулса, элде нааразычылык болбойт. Ошондуктан Кудай байыркы убакта ысрайыл эли үчүн калыстыкка жана адилеттүүлүккө негизделген мыйзамдарды бекиткен. Келгиле, ал мыйзамдар Кудайдын «жолдорунун баары адилет» экенин кандайча далилдерин карап көрөлү (Мыйзам 32:4).

«АКЫЛДУУ, ЭСТҮҮ, ТАЖРЫЙБАЛУУ» СОТТОР

Соттор фактыларды жакшы билсе, калыс болсо жана паракорчулуктан алыс болсо, адамдардын укуктары чындап корголот. Андыктан, Кудайдын ысрайыл элине берген мыйзамына ылайык, ошондой гана адамдар сот боло алышкан. Ысрайыл эли чөл кезип жүргөндө, Кудай Муса пайгамбарга «жөндөмдүү, Кудайдан корккон, арам жол менен пайда көрбөгөн ишенимдүү эркектерди тандап», сот кылып дайындоону буйрук кылган (Чыгуу 18:21, 22). Ошондон 40 жыл өткөндөн кийин Муса пайгамбар ысрайыл элине сот иштерин жүргүзүүгө «акылдуу, эстүү, тажрыйбалуу эркектер» тандалышы керектигин айткан (Мыйзам 1:13—17).

Кылымдар өткөн соң Жүйүт падышасы Жошапат * сотторго мындай деген: «Аткарып жаткан ишиңерге олуттуу карагыла, анткени силер адамдардын эмес, Жахабанын атынан сот жүргүзөсүңөр. Сот жүргүзүп жатканыңарда ал силер менен болот. Жахабадан корккула. Сак болгула, анткени Жахаба Кудайыңар адилетсиздикти, бет карамалыкты, паракорлукту жек көрөт»,— деген (2 Жылнаама 19:6, 7). Падыша сотторго, эгер алардын бейкалыстыгынын же ач көздүгүнүн айынан туура эмес чечим чыгарылып, кимдир бирөө зыян тарта турган болсо, Кудайдын алдында жооп берерин эскерткен.

Ысрайылдын соттору ушундай жогорку мыйзамдарга карманышканда, эл өзүн коопсуз сезген. Кудайдын мыйзамында ал тургай чиелүү маселелерде да калыс, туура чечим чыгарганга жардам берген принциптер камтылган. Ал кандай принциптер эле?

КАЛЫС ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУГА ЖАРДАМ БЕРГЕН ПРИНЦИПТЕР

Сот болуп дайындалгандар акылдуу жана жөндөмдүү кишилер болсо да, чечим чыгарганда өздөрүнүн акылына таянбашы керек болчу. Туура чечим чыгарышы үчүн, Жахаба Кудай аларга белгилүү бир принциптерди жана көрсөтмөлөрдү берген. Эмесе, алардын айрымдарына токтололу.

Кылдат териштирүү. Муса пайгамбар ысрайыл элинин сотторуна: «Бир туугандарыңардын ортосундагы... талаш-тартышты териштиргенде адилет болгула»,— деп айткан (Мыйзам 1:16). Анткени алар бүт фактыларды эске алганда гана туура чечим чыгара алышмак. Ошондуктан  Кудай аларга: «Баарын териштирип, иликтеп, жакшылап сураштырып көргүлө»,— деген. Соттор кимдир бирөөнү соттоордон мурун анын чын эле айыптуу экенине ынанышы керек болчу (Мыйзам 13:14; 17:4).

Күбөлөрдү угуу. Ишти териштирүүдө күбөлөрдүн сөзү да маанилүү роль ойногон. Кудайдын мыйзамында буга байланыштуу: «Адам кандай күнөө кылбасын, аны күнөөлүү же айыптуу деп табыш үчүн бир күбө жетишсиз. Анын иши эки же үч күбөнүн ырастоосу боюнча каралышы керек»,— деп айтылган (Мыйзам 19:15). Ал эми күбөлөргө: «Ушак таратпа. Бирөөгө жамандык издеген күбө болуп, ыймансызга кошулба»,— деп айтылган (Чыгуу 23:1).

Чындыкты айтууну талап кылуу. Кудайдын мыйзамында күбөлөргө да олуттуу эскертүү берилген. Анда: «Соттор баарын жакшылап териштириши керек. Эгер күбө калп айтып, бир тууганына жалган жалаа жапкан болсо, анда ал бир тууганына кандай жамандык ойлосо, өзүнө да ошондой жамандык кылгыла. Араңардан жамандыкты жок кылгыла»,— деп жазылган (Мыйзам 19:18, 19). Ошондуктан, мисалы, кимдир бирөө башка бирөөгө таандык болгон нерсеге ээ болууну көздөп калп айтса, көздөгөн нерсесине барабар баадагы нерсесинен айрылмак. Же болбосо айыпсыз кимдир бирөөгө өлүм өкүмү чыгарылышын каалап калп айтса, өз өмүрүнөн айрылмак. Бул көрсөтмөлөр күбөлөрдү сестентип, аларга чындыкты айтууга түрткү берген.

Тегиз карап, калыс болуу. Бардык фактыларды карап чыккан соң соттор чечим чыгарыш үчүн баарын таразалап, кылдат ойлонушчу. Ошол учурда Кудайдын мыйзамындагы: «Жардыга бет карамалык кылба, жогорку даражалууну андан өйдө көрбө. Жакыныңдын ишин караганда калыс бол»,— деген сөздөрдү эстен чыгарбоо маанилүү болгон (Лебилер 19:15). Кандай жагдай болбосун, алар кишинин кебетесине же социалдык абалына  карап чечим чыгарбай, фактылардын негизинде чечим чыгарышы керек болчу.

Кылымдар мурун ысрайыл элине берилген Кудайдын мыйзамындагы бул принциптердин бүгүнкү күндө да сот иштерин кароодо пайдасы зор. Эгер соттор ушул принциптерге жетектелсе, адилетсиздик кылышпайт жана жаңылыш чечим чыгарышпайт.

Кудайдын принциптерине жетектелгенде адилетсиз чечим чыгарылбайт

АДИЛЕТТИКТИН ПАЙДАСЫ

Муса пайгамбар ысрайыл элинен: «Кайсы улуу элдин мен бүгүн силерге берген мыйзамдарга окшогон адил көрсөтмөлөрү менен мыйзамдары бар?» — деп сураган (Мыйзам 4:8). Чын эле, андай эл жок болчу. Башында Кудайдын мыйзамдарына бекем карманган Сулайман падышанын тушунда ысрайыл эли тынчтыкка бөлөнүп, «ичип-жеп, кубанып», бейкапар жашаган (1 Падышалар 4:20, 25).

Бирок, өкүнүчтүүсү, алар кийин Кудайдын мыйзамдары боюнча жашабай калган. Ошондо Кудай элге Жеремия пайгамбар аркылуу: «Акылмандар уят болду, үрөйлөрү учту. Алар торго түшөт. Жахабанын сөзүн четке кагышкан соң алардын эмнеси акылман?» — деп айттырган (Жеремия 8:9). Кудайдын сөзүн четке какканынын айынан Иерусалим «жийиркеничтүү иштерге» толгон, «канга забын болгон» шаарга айланган. Акыры, ал шаар талкаланып, 70 жыл ээн калган (Жезекиел 22:2; Жеремия 25:11).

Ысрайыл элинин тарыхындагы ошондой оор учурга Ышая пайгамбар да күбө болгон. Ал ошол кезди эстегенде Жахаба Кудайдын адилеттүүлүгүн жана анын мыйзамдарынын тууралыгын жар салууга түрткү алып: «Жер жүзүндө өкүмдөрүң ишке ашканда, жер тургундары адилдикке үйрөнөт»,— деген (Ышая 26:9).

Кудай Ышая пайгамбар аркылуу келечекте башкара турган Иса Машаяктын кантип бийлик жүргүзөрүн айттырганда, ал абдан кубанса керек. Кудай ал аркылуу: «Ал Жахабадан коркуудан ырахат алат. Ал көзүнүн көргөнү боюнча соттобойт, кулагынын укканы боюнча ашкерелебейт, бей-бечараларды адилдик менен соттойт, жер жүзүндөгү мүнөзү жумшактарга болушуп, акыйкаттык менен ашкерелейт»,— деп айттырган (Ышая 11:3, 4). Кудай дайындаган Падыша, Иса Машаяк, башкарган учурда жашай тургандарды кандай гана сонун келечек күтүп турат! (Матай 6:10).

^ абз. 6 Жошапаттын аты «Жахаба — сот» дегенди билдирет.