МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖЕМКОРЛУК ЖОК ӨКМӨТ БАРБЫ?
Бийликтеги жемкорлук
Бийликтеги жемкорлук бул — пайда көрүү максатында бийликти кыянат колдонуу. Жемкорлукту эзелтеден бери келаткан көрүнүш деп айтууга болот. Ыйык Китепте мындан 3 500 жыл мурун эле Кудайдын сот иштериндеги паракорлукка тыюу салганы жазылган (Чыгуу 23:8). Бирок, албетте, паракорлук пара алуу менен эле чектелбейт. Алсак, мамлекеттик кызматкерлер кайсы бир нерсени менчиктештирип алышы, пайдаланууга укугу жок нерселерден пайдаланышы же каражат уурдашы, кызмат абалынан пайдаланып досторуна жана тууган-туушкандарына жардам бериши мүмкүн.
Жемкорлук бардык эле уюмдарда болгону менен, бийликтеги жемкорлук көбүрөөк тамыр жайган деп айтуу жаңылыштык болбос. Ага каршы күрөш жүргүзгөн бир уюмдун 2013-жылкы изилдөөсүнө ылайык, дүйнө жүзү боюнча эң эле паракорлукка баткан беш тармак болуп: саясий партиялар, полиция, мамлекеттик кызматтар, мыйзам чыгаруу бийлиги жана сот системасы эсептелет. Бул көйгөйдүн канчалык кулач жайганын көрсөткөн төмөнкү билдирүүлөргө көңүл бурсаңар.
-
АФРИКА. 2013-жылы Түштүк Африкада бийликтеги 22 000дей кызматкер жемкорлугу үчүн айыпталган.
-
ТҮШТҮК АМЕРИКА. 2012-жылы Бразилияда саясий колдоого ээ болуш үчүн өкмөттүн каражатын жумшаган 25 кызматкер кармалган. Алардын арасында өлкө башчысынан кийинки эле эң таасирдүү кишиге, экс-президенттин администрациясынын башчысына да, айып тагылган.
-
АЗИЯ. 1995-жылы соода борборунун урап калганынын айынан Сеулда (Түштүк Корея) 502 киши каза тапкан. Кырсыкты иликтегендер шаардын бийлик өкүлдөрү пара алып, курулушта талапка жооп бербеген бетондун колдонулушуна жана коопсуздук эрежелеринин сакталбаганына көз жумуп койгонун аныкташкан.
-
ЕВРОПА. «Бул көйгөйдүн [паракорлуктун Европада] ушунчалык кеңири жайылганы таң калтырат»,— дейт Европа комиссиясынын ички иштер боюнча комиссары Сесилия Мальмстрём. Ал: «Паракорлукту түп-тамыры менен жоёбуз деген саясий милдеттенмелер такыр эле аткарылбачудай сезилет»,— деп кошумчалаган.
Бийликтеги жемкорлуктун тамыры өтө эле терең кеткен. Аны менен күрөшүү маселеси боюнча адис, профессор Сюзан Роуз-Акерман, «бийликтегилердин иш алып баруу жолдорун толугу менен өзгөртүү» зарыл экендигин жазган. Андай өзгөрүүлөр эч качан болбочудай сезилгени менен, Ыйык Китепте адамдар ойлогондон да чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн экени, ал эле эмес, сөзсүз болору айтылган.