Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жакартадагы базарда кабар айтып жаткан Жахабанын Күбөлөрү

ИНДОНЕЗИЯ

Иштин кызый башташы

Иштин кызый башташы

Христиан чиркөөлөрү Жахабанын Күбөлөрүнө дин тутуу эркиндиги берилгенин укканда «боздоп жиберишкен». 700дөн ашык диний төбөл жана 7 протестант чиркөөсүнүн жетекчилери Жакартада семинар уюштуруп, өкмөттү ишибизге кайра тыюу салууга үндөгөн. Бирок өкмөт чечиминен кайткан эмес.

Ишибизге уруксат берилгени бүт өлкөгө угулганда, кабарга кызыккан көптөгөн адамдар адабияттарыбызды алгысы келерин же Ыйык Китепти изилдегиси келерин билдирип филиалга кат жазышкан. 2003-жылы өткөрүлгөн Эскерүү кечесине өлкөдөгү жарчылардын санынан эки эсе көп киши, 42 000ден ашуун киши, келген. Ал эми Жакартада өткөн жыйынга 10 000ге жакын киши, анын ичинде Дин иштери боюнча департаменттин жогорку даражалуу кызматкери катышкан. Жыйында жаштардын да, улгайгандардын да айтылган аяттарды өздөрүнүн Ыйык Китебинен карап отурганына ал аябай таң калган. Ал бир туугандарга Жахабанын Күбөлөрү жөнүндөгү жалган маалыматты жокко чыгарууга чечкиндүү экенин билдирген.

Тыюунун жоюлганы Индонезияга миссионерлердин кайтып барышына жол ачкан. Алгачкылардан болуп Ёзеф менен Херавати Нойхардт * (Соломон аралдарынан), Есэ менен Вилхелминэ Тархонен (Тайвандан), Райнер менен Феломенэ Тикмэн (Тайвандан), Билл менен Нинэ Пэри (Жапониядан) барышкан. Алардын артынан Гилат мектебин жаңы эле бүтүрүп, Түндүк Суматрага, Калимантанга, Түндүк Сулавесиге жана башка алыскы аймактарга дайындалган миссионерлер барган.

«Окуп жаткандарга окутуу, сүйлөө жөндөмүн өрчүтүүгө жардам берүү... кубанычка бөлөдү» (Жулианус Бениг)

2005-жылы филиал теократиялык эки жаңы мектептен бир нече класс билим алышына кам көргөн. Кызматка окутуу мектебинин (азыр Падышалыктын жарчылары үчүн мектеп) нускоочусу Жулианус Бениг мындай деген: «Окуп жаткандарга окутуу, сүйлөө жөндөмүн өрчүтүүгө жардам берүү жана уюмга мурдагыдан да көбүрөөк пайда алып келүүгө үйрөтүү мени кубанычка бөлөдү». Ал мектептен билим алгандардын көбү азыр атайын пионер, райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылып жатышат. Кыдыруучу көзөмөлчүлөрдү окутуу мектебинин * 1-классында окугандардын көбү тыюу салынган маалда билим алгандардан болчу. Бирок ишибизге уруксат берилгенден кийин өткөрүлгөн жаңы мектеп аларга дайындоосун мурдагыдан да ийгиликтүү аркалоого шарт түзгөн. 1-классты бүтүргөн Пончо Прэчойо: «Мектеп боорукер болууга жана көзөмөлчүлүк милдетиме олуттуураак караганга үйрөттү. Кадимкидей сергитип, ынталуу болгонго түрткү берди»,— деген.

Муктаждыктын канааттандырылышы

25 жылга созулган тыюу маалында Индонезиядагы жыйналыштардын көбү үйлөрдө өткөрүлчү. Аз эле жыйналыш Падышалык залын кура алган. Зал курууга уруксат алуу дээрлик мүмкүн эмес болчу. Жыйналыштардын саны дүркүрөп өсө бергендиктен, филиал Падышалык залдарын куруу үстөлүн уюштурган (азыр жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмү).

Курууга байланыштуу жаңы программанын аркасында Падышалык залы алгач Түндүк Суматрадагы Ниас аралына курулган. «Падышалык залы куруларын укканда төбөбүз көккө жете сүйүндүк,— дейт Гунунгситоли жыйналышында көптөн бери кызмат кылган Хаугоэро Гиэ.— Филиал ыктыярдуу кызмат кылган жети бир тууганды долбоорду көзөмөлдөөгө жөнөттү. Ошентип, залыбыз 2001-жылы курулуп бүттү». Ал эми жергиликтүү курулуш комитетинин мүчөсү Фаунэсоки Лаули мындай дейт: «Мурда бир туугандардын үйлөрүнө чогулгандыктан, көптөр бизди теңине алчу эмес. Бирок Падышалык залыбыз курулгандан кийин, жолугушууга келгендердин саны орто эсеп менен 20дан 40 кишиге көбөйдү. 12 эле айдын ичинде 500дөн ашуун пайыз өсүш болду. Падышалык залыбыз — жергебиздеги эң кооз имарат. Азыр коңшуларыбыз бизди урматтап-сыйлашат».

Бандунгдагы Падышалык залы

2006-жылы Бандунгдагы (Батыш Ява) бир туугандар биринчи Падышалык залын курууга жер издешкен. «Жерди 12 ай дегенде араң таптык,— дейт курулуш комитетинде кызмат кылган Сингэп Панжейтэн.— Бирок бийликтегилер имарат курууга уруксат бериши үчүн, кошуналардан, жок дегенде, 60 кишинин макулдугу керек болчу. Долбоорду ишке ашырууга 67 кошунабыз, атүгүл мурда каршы болуп жүргөн абройлуу бир аял да макул болду. Падышалык залы бүткөндөн кийин, ачык эшик күнүнө кошуналарыбызды, Бандунг шаарынын мэрин чакырдык. Мэр: „Сыйынуу жайыңардын тазалыгы, иреттүүлүгү башка чиркөөлөргө жакшы үлгү болот деп ойлойм“,— деди». Ошентип, эки кабаттуу Падышалык залы 2010-жылы Кудайга арналган.

2001-жылдан тартып Индонезияда 100дөн ашык Падышалык залы курулду, бирок дагы көп зал куруу керек.

^ 3-абз. Херавати Нойхардттын өмүр баяны «Ойгонгула!» (ор.) журналынын 2011-жылдын февралындагы санына чыккан.

^ 1-абз. Азыр Райондук көзөмөлчүлөр жана алардын жубайлары үчүн мектеп деп аталат.