Дүйнөнү чынында ким башкарып жатат?
Сиз кандай деп ойлойсуз?
Кудайбы?
Адамдарбы?
Же башка бирөөбү?
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?
Бүт дүйнө «Шайтандын бийлиги астында» (1 Жакан 5:19, «Жаңы дүйнө котормосу»).
«Кудайдын Уулу Ибилистин иштерин кыйратыш үчүн келген» (1 Жакан 3:8).
МУНУ БИЛҮҮНҮН СИЗГЕ КАНДАЙ ПАЙДАСЫ БАР?
Дүйнөдө болуп жаткан көйгөйлөрдүн себебин түшүнөсүз (Аян 12:12).
Дүйнөдөгү абалдын жакында жакшы жакка өзгөрөрүнө ишенгенге негиз бар экенин билесиз (1 Жакан 2:17).
ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЖАЗЫЛГАНДАРГА ИШЕНСЕ БОЛОБУ?
Дүйнөдөгү абалдын жакшы жакка өзгөрөрү тууралуу Ыйык Китепте айтылгандарга ишенгенге, бери дегенде, үч себеп бар:
Шайтандын башкаруу мөөнөтү жакында бүтөт. Жахаба Кудай Шайтанды бийлигинен ажыратууну эбак эле чечип койгон. Ал Шайтан «Ибилисти... жок кылып», адамзатты анын таасиринен толугу менен арылтарын убада кылган (Еврейлер 2:14).
Кудай адамзатты башкарууга Иса Машаякты дайындаган. Иса Машаяк менен азыркы дүйнөнүн ырайымсыз, кара өзгөй башкаруучусу Шайтандын айырмасы асман менен жердей. Кудай Иса Машаяктын адамдарга кандай мамиле кылары тууралуу: «Бечара менен жакырды аяйт... Алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат»,— деп айткан (Забур 72:13, 14).
Кудай жалган сүйлөбөйт. Ыйык Китепте «Кудайдын калп айта албай турганы» айтылган (Еврейлер 6:18). Жахаба Кудай айтканын сөзсүз аткарат! (Ышая 55:10, 11). Демек, «бул дүйнөнүн башкаруучусу куулуп чыгарыларына» шектенбесек болот (Жакан 12:31).
КАНДАЙ ДЕП ОЙЛОЙСУЗ?
Шайтан жок кылынгандан кийин, жашообуз кандай болот?
Бул суроонун жообу төмөнкү аяттарда жазылган: ЗАБУР 37:10, 11; АЯН 21:3, 4.