3-СУРОО
Ата-энем менен канткенде тил табыша алам?
СЕН ЭМНЕ КЫЛАТ ЭЛЕҢ?
Мындай жагдайды элестетип көрсөң: Шаршемби. Түш ооп калган маал. 17 жаштагы Арсен жаңы эле үйдөгү жумуштарды бүтүрүп коюп, эми эс алсам болот деген ойдо жакшы көргөн жумшак диванына чалкалай кетет да, телевизорду коёт.
Ошол маалда атасы кирип келип, кабак-кашы бүркөлө түшөт.
Ал: «Арсен! Иниңе сабак жазганга жардам бербей, эмне отурасың? Өчүр алдагыны! Айтмайынча кылбайсың!» — деп ачууланат.
Арсен: «И-ий, дагы башталдыбы»,— деп күбүрөнөт.
Аны угуп калган атасы эңкейе: «Эмне дейсиң?» — дейт.
Арсен: «Эчтеке!» — деп бурк этет.
Атасы: «Мага алдагынтип сүйлөбө!» — деп жаны кашаят.
Эгер сен Арсендин ордунда болсоң, эмне кылат элең?
ШАШПАЙ ОЙЛОНУП КӨР!
Ата-энең менен пикирлешүүнү машине айдаганга салыштырса болот. Жолду үйүлгөн чоң таштар тосуп калганын көрсөң, башка жолго салмактыгың турган иш.
БИР МИСАЛ:
«Атам менен сүйлөшүү мен үчүн кыйын,— дейт Лия.— Кээде атама бир нерсе айтып жатканда, ал: „Кайра айтчы, эмне дейсиң?“ — деп сурайт».
ЛИЯ ҮЧӨӨНҮН БИРИН ТАНДАЙ АЛАТ
-
А. Атасына ороңдойт.
Ал: «Жанатан бери кимге сүйлөп атам? Укпайсызбы?!» — дейт.
-
Б. Таарынып, сүйлөбөй коёт.
Лия кыйынчылыгы жөнүндө экинчи айтпай эле коюуну чечет.
-
В. Ылайыктуу учурду тандап, кайрадан сүйлөшөт.
Лия атасы менен кийинчерээк сүйлөшөт же кыйынчылыгын кат жүзүндө билдирет.
Лиянын кандай кылганы туура болмок деп ойлойсуң?
ОЙЛОНУП КӨР. Лиянын атасы алаксып кеткендиктен кызынын көңүлү чөгүп турганын байкабай калган. Эгер Лия биринчисин тандаса, атасы анын эмне үчүн жини келип жатканын түшүнбөй калмак жана аны уккусу келмек эмес. Анын үстүнө, Лиянын ошенткени атасын сыйлабастыкка жатып калмак (Эфестиктер 6:2). Демек, бул эч кимге пайда алып келбейт болчу.
Экинчисин тандоо оңой, бирок бул акылмандыкка жатпай калмак. Анткени кыйынчылыгын чечүү үчүн Лия атасы менен сөзсүз сүйлөшүшү зарыл. Атасы ага жакшы жардам бере алышы үчүн анын жашоосунда эмне болуп жатканын билиши керек. Сүйлөшпөй коюу менен эч нерсе чечилбейт.
Үчүнчүсүн тандаса, Лия атасы экөөнүн ортосундагы «үйүлгөн чоң таштарды» айланып өткөн болот. Ал башка убакта сүйлөшүүгө аракет кылат же ага кат жазат. Эгер кат жазса, кадимкидей жеңилдей түшөт.
Кат аркылуу Лия оюн туура түшүндүрө алат. Ал эми атасы каттан анын эмнени айткысы келгенин жакшы түшүнөт. Демек, үчүнчүсү Лияга да, атасына да жакшы пикир алышууга жол ачат. Бетме-бет болобу же кат аркылуубу, үчүнчүсүнө ылайык иш кылуу Ыйык Китептеги: «Тынчтыкка... умтулалы»,— деген кеңешке шайкеш келет (Римдиктер 14:19).
Лия бул жагдайда дагы эмне кылса туура болмок?
Кандай сунуш айтарыңды жана анын жыйынтыгы кандай болмоктугун ойлонуп көр.
ОЮҢДУ ТАК-АЙКЫН ТҮШҮНДҮР
Ата-энең айткандарыңды дайыма эле сен ойлогондой түшүнө бербеши мүмкүн экенин эсиңден чыгарба.
МИСАЛ:
Ата-энең: «Эмне үчүн маанайың суз?» — деп сурады дейли. Сен: «Айткым келбей атат»,— дейсиң.
Алар муну: «Мен силерге ишенбейм. Көйгөйүмдү силерге эмес, досторума эле айтам»,— дегендей түшүнүп алышы ыктымал.
Бир кыйынчылыкка кабылдың дейли. Ата-энең сага жардам бергиси келип жатат. Бирок сен: «Сарсанаа болбой эле койгула. Өзүм эле чечип алам»,— дейсиң.
-
Ата-энең муну кантип түшүнүп алышы мүмкүн?
-
Кандай жооп бергениң туура болмок?