Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

Кудайдын теңдешсиз сапаттары

Кудайдын теңдешсиз сапаттары

ЫЙЫК КИТЕПТЕ Кудайдын көптөгөн сапаттары жөнүндө жазылган. Биз аны окуу менен Кудайды таанып-билебиз. Ыйык Китепте Кудайдын негизги төрт сапаты: күчү, адилеттүүлүгү, акылмандыгы жана сүйүүсү тууралуу айтылат. Келгиле, алардын ар бирине токтололу.

Кудурети күчтүү Кудай

Кудайдын кудурети күчтүү

Жахаба Кудай Ыбрайым пайгамбарга: «Мен Кудурети Күчтүү Кудаймын»,— деп айткан (Башталыш 17:1). Анын чексиз, эбегейсиз зор күчүнө эч кимдин күчү тең келбейт. Ал ошол эбегейсиз күчүн колдонуп, бүтүндөй Ааламды жараткан.

Бирок Кудай күчүн эч качан кыянат колдонбойт. Ал күчүн башкара билет жана максаттуу түрдө гана колдонот. Эбегейсиз зор күчкө ээ болсо да, ал дайыма сүйүү, адилеттик, акылмандык менен иш кылат.

Жахаба Кудай чексиз күчүн колдонуп, ишенимдүү кызматчыларына да жардам берет. «Жахаба өзүнүн күчүн ага бүт жүрөгү менен берилген адамдарга жардам бергенге колдонуш үчүн бүт жер жүзүн карап турат»,— делет Ыйык Китепте (2 Жылнаама 16:9). Ушунчалык зор күчкө ээ, ошол эле учурда абдан камкор Кудай менен ынак мамиле өрчүткүңөр келеби?

Адилеттүү Кудай

«Жахаба адилеттикти сүйгөн» Кудай (Забур 37:28). Анын чыгарган мыйзамдары жеткилең. Ал аларды эч качан бузбайт, дайыма адилеттик менен туура иш кылат.

Кудайдын көз алдында бардык адамдар бирдей

Кудай адилетсиздикти жек көрөт. Ал: «эч качан бет карамалык кылбайт, пара да албайт» (Мыйзам 10:17). Ошондой эле башкаларга жамандык кылган адамдарды жек көрөт. Кыйналган адамдарга, жетим-жесирлерге кам көрөт (Чыгуу 22:22). Анын көз алдында бардык адамдар бирдей. Кудай «бет карама эмес... Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагат» (Элчилер 10:34, 35).

Жахаба дайыма адилеттүүлүк менен иш кылат. Ал өтө жумшак же өтө катаал Кудай эмес. Өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдү жазалайт, бирок өкүнгөндөргө сөзсүз ырайым кылат. Забурда: «Жахаба кайрымдуу жана ырайымдуу, ачууланууга шашылбайт, чексиз мээримдүү. Ал кынтык издей бербейт, түбөлүккө каарданбайт. Бизди күнөөлөрүбүзгө жараша жазалабайт, бизге кылмыштарыбызга жараша тиешебизди бербейт»,— деп жазылган (Забур 103:8—10). Кудай өзүнө берилгендик менен кызмат кылган адамдардын эмгегин эч качан унутпайт, ал аларга батасын берет. Ушундай адилеттүү Кудай ишенишибизге татыктуу эмеспи?!

Акылман Кудай

Ыйык Китептен Кудайдын акылмандыгын биле алабыз

Жахаба Кудай — акылмандыктын булагы. Инжилде: «Оо, Кудайдын байлыгы кандай түгөнгүс, акылмандыгы, билими кандай терең!» — деп айтылган (Римдиктер 11:33). Ооба, анын акылмандыгы ары теңдешсиз, ары чексиз.

Жаратылышка байкоо салсак, Кудайдын канчалык акылман экенин көрөбүз. Забурда: «Жасаган иштериң кандай көп, оо, Жахаба! Сен баарын акылмандык менен жараткансың»,— деп жазылган (Забур 104:24).

Кудайдын акылман экенин Ыйык Китептен да биле алабыз. Дөөтү пайгамбар: «Жахабанын насааты ишеничтүү, тажрыйбасызды даанышман кылат»,— деп айткан (Забур 19:7). Ооба, чексиз акылман Кудайдан көп нерсени үйрөнүүгө болот. Силер андан үйрөнүүнү каалайт белеңер?

Пендесин сүйгөн Кудай

Сүйүү — Алла-тааланын эң негизги сапаты. Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— деп жазылган (1 Жакан 4:8). Ал эмне иш кылбасын, сүйүүгө жетектелет.

Кудайдын бизди сүйөрүнө көптөгөн далилдер бар. Ал биз үчүн көп жакшы иштерди кылып келет. Бир пайгамбар: «Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, берекелүү мезгилдерди тартуулап, тамак-ашты мол берип, жүрөгүңөрдү кубанычка толтуруп келген»,— деп айткан (Элчилер 14:17). Ооба, «жакшы, жеткилең белектердин баары жогорудан келет, аларды... Кудай берет» (Жакып 1:17). Ыйык Китеп да Кудайдын бизге берген баа жеткис белеги. Андан Кудай тууралуу чындыкты, анын сүйүүгө негизделген мыйзамдары, жол-жоболору жөнүндө биле алабыз. Иса пайгамбар тиленип жатканда: «Сенин сөзүң — чындык»,— деп айткан (Жакан 17:17).

Жаратылыш кастарлоо сезимин туудурат

Кудай бизге кыйынчылыктар менен күрөшүүгө да жардам берет. Забурда: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт. Ал адил адамдын олку-солку болушуна эч качан жол бербейт»,— деп жазылган (Забур 55:22). Кудай биздин күнөөлөрүбүздү кечирет. Бир пайгамбар: «Оо, Жахаба, сен жакшылык кыласың, кечирүүгө даярсың, өзүңдү чакыргандардын баарынан мээримдүүлүгүңдү аябайсың»,— деген (Забур 86:5). Ошондой эле Кудай биздин түбөлүк жашашыбызды каалайт. Ал адамдардын «көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:4). Алла-таала силерди абдан сүйөт. Бул силерге аны сүйгөнгө түрткү бербейби?!

Кудайга жакындагыла

Тиленүү, Кудай жөнүндө ой жүгүртүү ага жакындатат

Алла-таала силердин өзү жөнүндө көбүрөөк билишиңерди каалайт. Ыйык Китепте: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деп айтылган (Жакып 4:8). Ал ишенимдүү Ыбрайым пайгамбарды «менин досум» деп атаган (Ышая 41:8). Кудай силер менен да достордукундай ынак мамиледе болгусу келет.

Кудай жөнүндө канчалык көп билген сайын, ага ошончолук жакындап, өзүңөрдү бактылуу сезесиңер. Забур китебинде «Жахабанын мыйзамынан ырахат алып», «анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп окуган» кишинин бактылуу болору айтылган (Забур 1:1, 2). Андыктан Ыйык Китепти дайыма окугула. Кудайдын сапаттары, кылган иштери жөнүндө ой жүгүрткүлө. Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык жашоо менен Кудайды сүйөрүңөрдү көрсөтөсүңөр. Инжилде: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес»,— делет (1 Жакан 5:3). Забур китебинде жазылгандай: «Мага өз жолдоруңду көрсөт, оо, Жахаба, өз жолдоруңда жүрүүгө үйрөт. Мага чындыгыңда жүрүүгө жардам бер»,— деп тиленгиле (Забур 25:4, 5). Ошондо Алла-тааланын «ар бирибизге жакын» экенине ынанасыңар (Элчилер 17:27).