ОН БЕШИНЧИ БӨЛҮМ
Улгайган ата-энеңерди урматтагыла
1. Эмне себептен ата-энебиздин алдында милдеттүүбүз жана ошол себептен аларга карата кандай сезимдерди өрчүтүп, кандай мамиле жасашыбыз керек?
ИЛГЕРИ бир даанышман адам: «Атаңдын тилин ал, анткени ал сенин атаң, энеңди карып калганында да жек көрбө»,— деп кеңеш берген (Накыл сөздөр 23:22). «Ата-энемди кантип эле жек көрөйүн?!» — дейттирсиңер. Энебизди же атабызды «жек көрүү» көпчүлүгүбүздүн оюбузга да келбейт, кайра аларды абдан жакшы көрөбүз. Ата-энебиздин биз үчүн сиңирген эмгеги зор экенин түшүнөбүз. Баарынан мурда, алар бизге өмүр беришкен. Жашоонун Булагы Жахаба болсо да, ата-энебиз болбосо, жарык дүйнөгө келмек эмеспиз. Ата-энебизге эмне бербейли, баалуулугу боюнча өмүргө тете келерлик эч нерсе жок. Андан тышкары, баланы чоңойтуш үчүн канча курмандыкка баруу, канчалаган тынчсызданууларды баштан өткөзүү, канча көңүл буруу жана нечендеген каражат сарп кылуу зарыл. Ошондуктан Кудайдын Сөзүндө: «Сага жакшы болуш үчүн жана жер үстүндө өмүрүң узак болуш үчүн, ата-энеңди сыйла»,— деген жүйөлүү кеңеш берилет (Эфестиктерге 6:2, 3).
ЭМОЦИЯЛЫК МУКТАЖДЫКТАРЫН ЭСКЕ АЛГЫЛА
2. Чоңойгон балдар ата-энелерине кантип кам көрө алышат?
2 Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Алар, адегенде, өздөрүнүн үй-бүлөсүнө Кудайдан коркуу менен мамиле кылууну жана ата-энелери үчүн кам көрүүнү үйрөнүшсүн»,— деп жазган (1 Тиметейге 5:4). Чоңойгон балдар ата-энесинин, чоңата-чоңенесинин же таята-таенелеринин аларды тарбиялоого ошончо жыл жумшаган мээнетине, көрсөткөн камкордугуна жана сүйүүсүнө ыраазычылык билдирип, аларга «кам көрүшөт». Анын бир мүмкүнчүлүгү — улгайгандардын, башка адамдардай эле, сүйүү менен жөлөк-таякка муктаж, көбүнчө абдан муктаж экенин түшүнүүгө аракеттенүү. Улгайган адамдар да, биздей болуп, башкаларга керек экенин билүүнү каалашат. Өзүлөрүнүн куру бекер жашап жатпаганын сезүү аларга маанилүү.
3. Ата-энебизди жана чоңата- чоңенебизди (же таята-таенебизди) кантип урматтай алабыз?
3 Биз ата-энебизди жана чоңата-чоңенебизди (же таята-таенебизди) урматтоо менен аларды жакшы көрөрүбүздү билдире алабыз (1 Корунттуктарга 16:14). Эгер бөлөк жашасак, өзүбүздүн ал жайыбызды билдирип турсак, алар сөзсүз сүйүнүшөрүн эстен чыгарбоо кажет. Аларга кайраттандырарлык кат жазып же телефон чалып, же барып турсак, абдан кубанышат. «[Күйөөсү райондук көзөмөлчү болуп кызмат кылган] кызым мага: „Апаке, биз менен кошо саякаттачы“,— деп өзүлөрүнүн кайсы жактарда болорун жана ар бир жумада кайсы телефон номуру аркылуу байланышууга болорун билдирип турат. Анан мен картаны карап: „Кана... алар азыр мына бул жерде экен“,— деп болжолдой алам. Мага ушундай кыз берип койгону үчүн Жахабага дайыма ыраазычылык билдирем»,— деп жазган Жапонияда жашаган 82 жаштагы Мийо.
МАТЕРИАЛДЫК ЖАКТАН ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ
4. Жүйүт диний салттары улгайган ата-энелерге ырайымсыз мамиле кылууга кандайча шарт түзгөн?
4 Ата-энени урматтоо алардын материалдык муктаждыктарына кам көрүүнү да билдиреби? Ооба. Андай учурлар көп болот. Ыйсанын күндөрүндө жүйүт диний жетекчилер кимде-ким акчасын же мүлкүн «Кудайга багышталган» деп койсо, аны ата-энесине кам көрүүгө колдонуу милдетинен бошотулат деген салтка карманышчу (Матай 15:3—6). Бул кандай гана ташбоордук эле! Чынында, ал диний жетекчилер элдин өз ата-энелерине урмат көрсөтмөк тургай, алардын муктаждыктарына көз жумуп, өзүмчүл, ырайымсыз мамиле кылышына шарт түзүшкөн. Биз ата-энебизге эч качан андай мамиле кылгыбыз келбейт! (Мыйзам 27:16).
5. Айрым өлкөлөрдө мамлекет тарабынан жардам берилсе да, эмне үчүн ата-энелерди урматтоо кээде аларга тыйын-тыпыр жагынан да көмөк кылуу керектигин билдирет?
5 Бүгүнкү күндө көп өлкөлөрдө кары адамдардын тамак-ашка, кийим-кечекке жана баш калкалаар жайга байланыштуу айрым муктаждыктары мамлекет тарабынан камсыздандырылат. Андан тышкары, алар өзүлөрү алдын ала анча-мынча акча чогултуп коюшкандыр. Эгер ал каражаттары түгөнүп калса же жетпей жатса, балдары мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берип, ата-энесин урматташат. Кары ата-энесине кам көрүү менен адам үй-бүлөнүн Негиздөөчүсү Жахаба Кудайга болгон берилгендигин көрсөтөт.
СҮЙҮҮ ЖАНА ЖАНАЯБАСТЫК РУХУН КӨРСӨТҮҮ
6. Ата-энесинин муктаждыктарына кам көрүү үчүн, айрымдар эмне кылышат?
6 Чоңойгон балдардын көбү бейкаруу ата-энелеринин муктаждыктарына сүйүү жана жанаябастык менен кам көрүшөт. Кээси ата-энесин өзүлөрүнүкүнө көчүрүп алышат же алардыкына жакыныраак көчүп барууну чечишет. Башкалары ата-энесиникине көчүп барышат. Көбүнчө мындай өзгөрүүлөр ата-энелер үчүн да, балдар үчүн да өзүнчө бата болот.
7. Улгайган ата-энеге жардам керек болгондо, эмне себептен шашылыш чечим чыгарбоо дурус?
7 Бирок көчүүдөн кээде жакшы натыйжа чыкпайт. Эмне себептен? Себеби чечим шашылыш кабыл алынып же сезимдерге гана негизделип калат шекилдүү. Ыйык Китепте: «Акылдуу адам өз жолун байкап жүрөт»,— деп туура эскертилет (Накыл сөздөр 14:15). Мисалы, кары энеңе жалгыз жашоо кыйын болуп калгандыктан, үйүңөргө көчүрүп алууну туура көрөттүрсүң. Мындай учурда төмөнкүлөрдүн үстүнөн кылдат ой жүгүртүп чыгуу дурус болор эле: энеңер чындыгында эмнеге муктаж? Башка ылайыктуу чечимдерди сунуш кылган жекече же мамлекеттик кызматтар барбы? Энеңер көчкүсү келеби? Эгер көчсө, бул анын жашоосуна кандай таасир этет? Ага жоро-жолдошторун калтырууга туура келеби? Бул ага кандай таасир тийгизет? Ушул суроолорду өзү менен талкуулап көрдүңөр беле? Энеңдин силер менен жашай башташы өзүңө, жарыңа жана балдарыңарга кандай таасир тийгизет? Кокус аны кароо керек болсо, ким карайт? Милдеттерди бөлүштүрүп алса болобу? Бул ишти үй-бүлөңөр менен сүйлөшүп көрдүңөрбү?
8. Улгайган ата-энелерге жардам берүүнү чечип жатканда кимдер менен кеңешүүгө болот?
8 Ата-энеге балдардын баары кам көрүүгө милдеттүү болгондуктан, чечимди чогуу-чараан чыгаруу үчүн, үй-бүлөлүк кеңешке чогулуу туурадыр. Жыйналыш аксакалдары менен же ушундай жагдайды башынан өткөргөн досторуңар менен сүйлөшүп көрүү да пайдалуу болушу мүмкүн. Ыйык Китеп: «Кеңешпей кылган иштер бузулат, ал эми кеңешчилер көп болсо, алар ишке ашат»,— деп эскертет (Накыл сөздөр 15:22).
СЕЗИМДЕРИН ТЕҢ БӨЛҮШҮП, ТҮШҮНҮҮГӨ АРАКЕТТЕНГИЛЕ
9, 10. а) Карыларды багууда эмнелерди көңүлгө алуу зарыл? б) Чоңойгон балдар ата-энесинин жыргалчылыгы үчүн кандай чара көрүшпөсүн, аларга дайыма кандай мамиле кылууга тийиш?
9 Улгайган ата-энени урматтоо үчүн, сезимдерин тең бөлүшүп, түшүнүү менен мамиле жасоо талап кылынат. Жылдар оошкон сайын, кары адамдар үчүн басуу, тамак ичүү, аны-мунуларды эсине сактап калуу кыйындай берет. Алар жардамга муктаж болушу мүмкүн. Көп учурда балдар ата-энелерине өтө эле тынчсызданып, өзүлөрү көзөмөлдөп турмайын карыш жылдырбай калышат. Бирок карылар жаш балдар эмес; алардын артында узак өмүр жатат, алар кеменгерлик жана тажрыйба топтоп, өзүлөрүнө өзүлөрү кам көрүп, өзүлөрү чечим чыгарып келишкен. Алардын ой жүгүртүүсү, өзүн сыйлоо сезими өзүлөрүнүн ата-эне жана көптү көрүп-билип калган чоң адам экендигине негизделет көрүнөт. Өз жашоосуна ээ боло албай, баштан-аяк балдары кийлигишип калганын сезген ата же эне көңүлү чөгүшү же туталанышы мүмкүн. Кээ бирлери балдарынын кандайдыр бир иш-аракеттеринен улам өз эркиндигине чектөө салынып жаткандай сезишсе, айрымдары таарынышы же каршы чыгышы ыктымал.
10 Ооба, мындай кыйынчылыктарды болтурбай коюунун оңой жолу жок. Бирок улгайган ата-энеге алына жараша өзүлөрүнө кам көрүүгө жана аны-мунуларды өзүлөрү чечишине мүмкүнчүлүк берүү боорукердик болмок. Ата-энеңер менен сүйлөшпөй туруп алар үчүн чечим чыгарып коюу акылмандыкка жатпайт. Балким, алар азыр көп нерсени өз алдынча жасай алышпайттыр. Ошентсе да аларга колунан келе турган нерселерин жасоого жол бергиле. Алардын жашоосун башкарууга канчалык аз аракеттенсек, өз ара мамилебиз ошончолук жакшы болорун байкайсыңар. Ата-энебиз өзүлөрүн бактылуураак сезишет, аларга кошулуп биз да бактылуу болобуз. Ата-энени алардын пайдасын көздөп кандайдыр бир нерсеге көндүрүүгө туура келген күндө да, алардын өзүн сыйлоо сезимин эске алуу менен урмат көрсөтүү талап кылынат. Алар ошого татыктуу. Кудайдын Сөзүндө мындай кеңеш берилет: «Ак сакал келе жатканда, ордуңан тур, карыя кишини сыйла» (Лебилер 19:32).
АТА-ЭНЕГЕ ТУУРА МАМИЛЕ ЖАСООДОН ЖАЗБАГЫЛА
11—13. Мурда мамилелери жаман болгондуктан оңойго турбаса да, бала карыган ата-энесине кантип кам көрө алат?
11 Кээде айрымдарга ата-энеси менен мурун начар мамиледе болгондуктан, улгайган кезде аларды урматтоо кыйын болот. Балким, атаң — мээримсиз, көңүлкош адам, ал эми апаң өкүм, одоно мүнөз аял болгондур. Алар сен каалагандай болушпагандыктан, ушул убакка чейин көңүлүң калып, кыжырланып же таарынып жүргөндүрсүң. Андай сезимдерден арылууга болобу? *
12 Финляндияда чоңойгон Бассе: «Өгөй атам нацисттик Германияда ССтин офицери болгон. Бир заматта кыжыры кайнап кете турган, андайда андан бардыгын күтүүгө болор эле. Ал менин көзүмчө апамды далай сабаган. Бир жолу мага жини келип, курун алып таралгасы менен бетиме тартып жиберди. Ушунчалык катуу ургандыктан, керебеттин үстүнө кулап түштүм»,— деп айтып берет.
13 Бирок анын атасынын башка да сапаттары болгон. Бассе сөзүн улантат: «Бир четинен, үй-бүлөбүздү багам деп, кара жанын карч уруп иштээр эле. Мага аталык сезимин көрсөтчү эмес, бирок мен анын сезим көрсөтүүнү билбесин түшүнчүмүн. Ал бала кезинде энеси үйүнөн кууп жибериптир. Муштумуна гана таянып өсүп, өтө эле жашында согушка кетиптир. Ошон үчүн атамды кандайдыр бир деңгээлде түшүнүп, күнөөлөчү эмесмин. Бой тартканымда атама көзү өтүп кеткиче колуман келишинче жардам берүүнү чечтим. Бул оңойго турган жок, бирок мен алым жеткендин баарын жасай бердим. Акыр-аягына чейин жакшы уул болууга аракеттендим. Менимче, атам мени дал ошондой деп эсептеген».
14. Кайсы аят бардык жагдайларда, мисалы, улгайган ата-энени багууда жардам берет?
14 Үй-бүлөдөгү ар кыл жагдайларда Ыйык Китептеги мындай кеңешти колдонууга болот: «Боорукердикти, ак көңүлдүктү, момундукту, жооштукту, чыдамдуулукту кийгиле. Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле, эгерде бири-бириңерге нааразычылыгыңар бар болсо, Машайак силерди кечиргендей, силер да кечиргиле» (Колостуктарга 3:12, 13).
АТА-ЭНЕЛЕРИН БАККАНДАР ДА ЖАРДАМГА МУКТАЖ
15. Ата-энени багуу кээде эмне үчүн кыйын болушу мүмкүн?
15 Бейкаруу ата-энеге кам көрүү оңой иштерден эмес: ал көп жумушту талап кылат, чоң жоопкерчилик артат жана көп убакытты алат. Бирок, бардыгынан да, ал кезде эмоциялык жактан кыйын болот. Ата-энеңдин денсоолугу, эс-тутуму жана өз алдынча иш-аракет кылуу жөндөмү начарлап баратканын көрүү жүрөктү кансыратпай коёбу? Пуэрто-риколук Сэнди мындай дейт: «Үйдө бардыгын жасаган апам эле. Анын кыйналганын көрүү, аны багуу мен үчүн абдан оор болду. Апам адегенде аксай баштады, анан таяк, кийин балдак менен басып калды. Акыры барып майыптар коляскасына олтурду. Анан начарлагандан начарлап олтуруп, акыры көз жумду. Апам сөөгүнөн рак болгондуктан, күнү-түнү караш керек болду. Аны киринтчүбүз, тамактандырчубуз, окуп да берчүбүз. Абдан кыйын болду, өзгөчө, эмоциялык жактан. Апамдын көз жумарын түшүнгөнүмдө, ыйлап жибердим, себеби аны ушунчалык жакшы көрчүмүн».
16, 17. Бейкаруу ата-энесин багып жаткандарга теңсалмактуу болууга кандай кеңеш жардам берет?
16 Эгер сен да ушундай абалга туш болсоң, эмне кыласың? Ыйык Китепти окуп, Жахабаны угуу жана ага дайыма тиленүү эбегейсиз жардам берет (Филипиликтерге 4:6, 7). Ошондой эле жакшы тамактануу жана уйкуну кандыруу да маанилүү. Булар жакын адамыңа кам көрүп жатканыңда денелик жана эмоциялык жактан күчтөн тайбоого жардам берет. Кез-кезде күндөлүк иштерден эс алуу керек. Өргүүгө кетип калууга мүмкүнчүлүк болбосо да, бир аз убакыт бөлүп эс алып жүрүү туура. Бир жакка барып-келүү үчүн, бирөөдөн ооруп жаткан атаң же апаңдын жанында олтуруп турууну сурансаң болот.
17 Бейкаруу ата-энесин баккандар, адатта, өздөрүнө өтө эле көп талап коё беришет. Бир нерсени жасай албай калсаңар, өзүңөрдү жемелей бербегиле. Кээде кымбат адамыбызды медициналык тейлөөсү бар карылар үйүнө өткөрүүгө туура келиши да мүмкүн. Эгерде бейкаруу ата-энеңди багып жатсаң, алыңан артык аша чаппа. Ата-энеңе кам көрүп жатып балдарыңа, жарыңа жана өзүңө да кам көрүүнү унутпашың керек.
КУДАЙДАН КЕЛГЕН КҮЧ
18, 19. Жахаба жардам берерин кандайча убадалаган жана аны аткарарын кайсы мисал көрсөтүп турат?
18 Сүйүүсүнөн улам Кудай өзүнүн Сөзү, Ыйык Китеп, аркылуу улгайган ата-энесин багып жаткандарга жардам кылуу үчүн жетекчилик берген. Бирок Жахабанын жардамы ошону менен эле чектелбейт. Кудайдын жетеги алдында забурчу: «Теңир Өзүн чакыргандардын бардыгына жакын»,— деп жазган. Ал «алардын муң-зарын угат, аларды куткарат». Жахаба кызматчыларын эң оор жагдайларда да куткарып же сактап калат (Забур 144:18, 19).
19 Муну Филипинде жашаган Мирна шал болуп калган апасын багып жатканда түшүнгөн. «Кымбат адамыңдын кыйналып жатканын, ал эмес, кай жери ооруп жатканын айта албаганын көрүүдөн жаман нерсе жок экен,— деп жазат Мирна.— Апакем сууга чөгүп бараткандай, мен болсо аны көрүп туруп, эч жардам бере албагандай сезилчү. Нечен ирет чөгөлөп алып Жахабага канчалык чарчаганымды айттым. Жахабага көз жашымды идишке чогултуп, аны унутуп койбо деп жалынып-жалбарган Дөөттөй болуп ыйлаганым канча [Забур 55:9]. Жахаба, убада кылганындай эле, мен муктаж болуп турган күч берди. „Теңир мага жөлөк болду“» (Забур 17:19).
20. Бейкаруу атасы же энеси көз жумса да, адамга Ыйык Китептеги кайсы убадалар чөкпөөгө жардам берет?
20 Кары ата-энени багууну «аягы кайгы менен бүтө турган окуя» дешет. Абдан жакшы баккан күндө деле карыган адам, Мирнанын апасындай болуп, өтүп кетиши мүмкүн. Бирок Жахабага ишенгендер өлүм менен бардыгы бүтүп калбай турганын билишет. Элчи Пабыл: «Адилеттүүлөр да, адилетсиздер да тирилет деп, Кудайдан үмүттөнөм»,— деген (Элчилер 24:15). Тирилүүгө болгон үмүт жана Кудайдын «өлүм деген болбой» турган бактылуу жаңы дүйнөнү жаратары жөнүндөгү убадасы ата-энелеринен айрылгандарды жубатып келет (Аян 21:4).
21. Улгайган ата-энелерди урматтоо кандай натыйжаларды берет?
21 Кудайдын кызматчылары ата-энеси карыган кезде да аларга терең сый менен мамиле кылышат (Накыл сөздөр 23:22—24). Алар ата-энелерин урматташат. Ошондо алар Кудайдын: «Атаң кубансын жана сени төрөгөн энең сүйүнсүн»,— деген накыл сөзүнүн аткарылышын көрүшөт (Накыл сөздөр 23:25). Баарынан маанилүүсү, улгайган ата-энелерин урматтагандар Жахаба Кудайды кубантышат жана урматташат.
^ Бул жерде ата-энелер бийлигин жана балдарынын ишеничин кыянаттык менен колдонуп кылмышка тете иш жасашкан учурлар талкуулаган жок.