ГРУЗИЯ
Жашоомду аябай өзгөрткүм келчү
Давит Самхарадзе
-
ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1967
-
ЧӨМҮЛГӨН ЖЫЛЫ: 1989
-
КЫСКАЧА ТАРЖЫМАЛЫ: Кыдыруучу көзөмөлчү болчу. 2013-жылдан бери ыйык китептик мектептерде сабак берет.
1985-ЖЫЛЫ, 18 жашымда, Совет өкмөтү тарабынан аскерге чакырылдым. Ал жактагы адилетсиздикти, кысымды көрүп бушайман болгондуктан ичимен: «Мен булардай болуп калгым келбейт»,— дегеним эсимде. Бирок дайыма эле мен каалагандай боло бербесин түшүндүм. Ошон үчүн жашоомду аябай өзгөрткүм келчү.
Аскер кызматын өтөп, үйгө келдим. Бир күнү отуруштан кийин оңолгонго жарам беришин сурап Кудайдан тилендим. Эртеси жумушка баратып атамдын карындашыныкына кирип калдым. Ал Жахабанын Күбөсү болчу. Үйгө кирсем, жолугушууга келген Жахабанын Күбөлөрү бар экен. Мени жылуу тосуп алышты. Эмне айтылат болду экен деп угуп отуруп калдым.
Ыйык Китепти изилдегенге макул болуп, алты айдан кийин чөмүлдүм. Жахаба мага жакшы киши болгонго жардам берди. Бул өз колуман келбейт болчу.