Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бабылда туткунда жүргөн еврейлердин жашоосу жөнүндөгү Ыйык Китептеги маалымат такпы?

Бабылда туткунда жүргөн еврейлердин жашоосу жөнүндөгү Ыйык Китептеги маалымат такпы?

 2 600 жылдай мурун еврейлер Бабылга (Вавилон) туткундалып кетип, ал жерде 70 жылдай жүрүшкөн. Ыйык Китепке ылайык, Кудай еврейлердин Бабылдагы жашоосу кандай болорун алдын ала айтып, мындай деген: «Үйлөрдү куруп, жашай бергиле. Бак-шак тигип, мөмө-жемишин жегиле. Аял алып, уул-кыздуу болгула... Мен силерди туткунга жиберген шаарга тынчтык сурагыла» (Жеремия 29:1, 4—7). Алардын жашоосу чынында эле ошондой болгонбу?

Еврейлердин шаарындагы шынаа сымал жазууларды камтыган такта

 Окумуштуулар байыркы Бабылдан же анын тегерегинен табылган деп божомолдонгон 100дөн ашык чопо такталарды изилдешкен. Ал такталар көптөгөн еврейлердин туткунда жүргөндө өздөрүнүн маданиятын сактап, динине карманып жашашканын, ошол эле учурда бабылдыктардын бийлигине баш ийгенин көрсөтүп турат. Б. з. ч. 572—477-жылдарга таандык ал такталарда ижара келишимдери, ишкердик маселелер, тил каттар жана акчага байланыштуу дагы башка жазуулар камтылган. Бир эмгекте: «Бул документтер айыл жергесинде жашаган карапайым элдин жашоосунун кандай болгонунан кабар берет. Алар жер иштетишкен, үйлөрдү курушкан, салыктарды төлөшкөн жана падышага ар кандай кызматтарды өтөшкөн»,— деп жазылган.

 Бул маанилүү документтердин жыйындысы Аль-Яхуду (же еврейлердин шаары) деген жерде еврейлердин чоң диаспорасы болгонун да тастыктап турат. Такталарда төртүнчү муунга чейинки еврейлердин ысымдары, айрымдары байыркы еврей тамгалары менен жазылган. Ал такталар табылганга чейин окумуштуулар Бабылдагы еврейлердин жашоосу жөнүндө бир аз эле билишкен. Израилдин байыркы доордун эстеликтери боюнча башкармалыгынын деректирлер кеңешинин мүчөсү Филип Вукосавович: «Ошол такталарда жазылгандар аркылуу ал элди жакшы билип калдык. Эми биз алардын атын, каякта жашаганын, качан жашаганын, эмне менен алектенгенин билебиз»,— деген.

Бабылда соода-сатык кылып жаткан еврейлер

 Туткунда жүргөн еврейлер кандайдыр бир деңгээлде эркин болушкан жана каякта жашоону, эмне кылууну тандай алышкан. Филип Вукосавовичтин айткандарына ылайык, алар «Аль-Яхуду шаарында эле эмес, башка көптөгөн шаарларда да жашашкан». Айрымдары ар кандай кесиптерди үйрөнүп, аларды жакшы өрчүтүп кетишкен. Кийинчерээк Иерусалимди кайра курууда анын зор пайдасы тийген (Некемия 3:8, 31, 32). Ошондой эле Аль-Яхуду такталары көптөгөн еврейлер туткунга алынган мөөнөт аяктагандан кийин да Бабылда калууну чечишкенин далилдеп турат. Мындан алардын ал жакта, Кудай алдын ала айткандай, салыштырмалуу тынч жашашканын көрүүгө болот.