СЕРГЕК ТУРГУЛА!
Түркия менен Сирияны бүлгүнгө учураткан жер титирөө. Ыйык Китепте эмне делет?
2023-жылдын 6-февралында болгон жер титирөө Түркия менен Сирияны бүлгүнгө учуратты.
«Дүйшөмбүдө чоң зилзала Түркиянын бир нече шаарында жана Сириянын түндүк-батышында жашаган 3 700дөн ашуун кишинин өмүрүн алып кетти. Кыштын суугу жабыр тарткандардын жана үйсүз калгандардын абалын ого бетер оордотту. Жер титирөөдөн жабыр тарткандарды сууктун айынан издөө кыйынга туруп жатат» («Reuters», 6-февраль, 2023).
Ушул сыяктуу кырсык-каргашалар тууралуу окуганда жүрөгүбүз жараланбай койбойт. Ушундай учурларда Жахабага таяна алабыз. Ал — «сооротуучу Кудай» (2 Корунттуктар 1:3). «Үмүткө ээ болушубуз үчүн», ал Ыйык Жазма аркылуу сооронуч берет (Римдиктер 15:4).
Ыйык Китепте төмөнкү суроолорго жооп бар:
Жер титирөөлөр жөнүндө алдын ала эмне делген?
Бизди ким жубатып, үмүт берет?
Кудай азап-кайгынын баарын кантип жок кылат?
Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делерин билиш үчүн төмөнкү макалаларды окуп көргүлө:
a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18).