2 Жылнаама 19:1—11
19 Жүйүт падышасы Жошапат Иерусалимге, үйүнө аман-эсен кайтып келди+.
2 Ханани+ көрөгөчтүн+ уулу Жеху+ Жошапат падышанын алдынан чыгып: «Ыймансызга жардам берип+, Жахабаны жек көргөндү+ жакшы көргөнүң туурабы?+ Ушундай кылганың үчүн Жахаба сага каарданып жатат+.
3 Бирок ал сенден жакшы бир нерсе тапты+, анткени сен өзүңдүн жериңдеги ыйык устундарды кыйратып+, жүрөгүңдү чыныгы Кудайды издөөгө бурдуң»,— деди+.
4 Жошапат мурдагыдай эле Иерусалимде жашады. Ал элди ата-бабаларынын Кудайы Жахабага буруш үчүн+, Беир-Шебадан+ Эпрайымдын тоолуу аймагына+ чейинки жерлерди кайрадан кыдыра баштады.
5 Ал Жүйүт жериндеги чептүү шаарлардын баарына сотторду дайындап+,
6 аларга: «Аткарып жаткан ишиңерге олуттуу карагыла+, анткени силер адамдардын эмес, Жахабанын атынан сот жүргүзөсүңөр+. Сот жүргүзүп жатканыңарда ал силер менен болот+.
7 Жахабадан корккула+. Сак болгула+, анткени Жахаба Кудайыңар адилетсиздикти+, бет карамалыкты+, паракорлукту жек көрөт»,— деди+.
8 Андан сырткары, Жахабанын атынан сот жүргүзүп+, Иерусалимдин тургундарынын иштерин териштириши үчүн+, Жошапат Иерусалимге лебилердин+, дин кызматчылардын+ жана Ысрайылдын тукум башчыларынын+ айрымдарын дайындады.
9 Анан аларга мындай буйрук берди: «Жахабадан коркуп+, ишиңерди бүт жүрөгүңөр менен, ишенимдүүлүк менен аткаргыла.
10 Шаарларда жашаган бир туугандарыңардын кан төгүүгө байланышкан ишин териштиресиңерби+ же мыйзамга+, же осуятка+, же көрсөтмөлөр+ менен өкүмдөргө+ байланышкан ишин териштиресиңерби, алар Жахабага каршы иш кылбашы үчүн, ар бир ишти карап жатканда аларга эскерткиле. Болбосо ал силерге да, бир туугандарыңарга да каарданат+. Айыптуу болуп калбашыңар үчүн ошенткиле.
11 Жахабанын ар бир ишинде+ силерге жогорку дин кызматчы Амария, ал эми падышанын ар бир ишинде Жүйүт уруусунун башчысы Ысмайылдын уулу Зебадия башчылык кылат. Силерге лебилер да башчылык кылат. Кайраттуу болуп+, өз милдетиңерди аткаргыла. Жахаба+ силер кылган жакшы иштерге батасын берсин»+.