А5
Грек Жазмаларындагы Кудайдын ысымы
Ыйык Китепти изилдеген окумуштуулар Кудайдын ысмынын Еврей Жазмаларынын түп нускасында тетраграмматон (יהוה) түрүндө 7 000дей жолу кездешерине кошулат. Бирок көптөрү Кудайдын ысмы Грек Жазмаларынын түп нускасында кездешпейт деп ырасташат. Ошондуктан Грек Жазмаларынын же, айрымдар атагандай, Жаңы Келишимдин учурдагы котормолорунун көбүндө «Жахаба» деген ысым жок. Атүгүл Еврей Жазмаларынан алынган үзүндүлөрдө Кудайдын ысмы тетраграмматон түрүндө жазылган жерлердин ордунда «Теңир» деген наам турат.
Бирок Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» Грек Жазмаларында «Жахаба» деген ысым 237 жолу кездешет. Бул котормо башка котормолордон эмне үчүн кыйла айырмаланат? Анткени аны которгондор эки маанилүү нерсени эске алышкан: 1) учурдагы грек тилиндеги миңдеген кол жазмалар түп нуска деп эсептелбейт. Алардын көбү түп нуска жазылып бүткөндөн, бери дегенде, эки кылым өткөндөн кийин көчүрүлгөн; 2) ошол убакта ал кол жазмалар тетраграмматон турган жерлердин баары грек тилиндеги Кириос (Теңир) деген сөзгө алмаштырылган кол жазмалардан же Кудайдын ысмы ага чейин эле алынып салынган кол жазмалардан көчүрүлгөн.
Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» комитети Грек Жазмаларынын түп нускасында Кудайдын ысмы камтылганына жүйөлүү далилдер бар экенин аныктаган. Төмөндө ошол далилдер келтирилди:
-
Иса Машаяк менен элчилеринин күндөрүндөгү Еврей Жазмаларынын көчүрмөлөрүндө тетраграмматон бар болчу. Байыркы учурда буга эч ким шек саначу эмес, азыр да шек санаганга негиз жок. Анткени муну Кумрандан табылган Еврей Жазмаларынын 1-кылымга таандык көчүрмөлөрү тастыктайт.
-
Иса Машаяк менен элчилеринин күндөрүндөгү Еврей Жазмаларынын грекче котормолорунда тетраграмматон болгон. Бир нече кылым бою окумуштуулар Еврей Жазмаларынын грекче котормосунун кол жазмаларында, башкача айтканда, «Септуагинтада» тетраграмматон кездешпейт деп эсептеп келишкен. Анткен менен 20-кылымдын орто ченинде окумуштуулар Иса Машаяктын күндөрүнө таандык «Септуагинтанын» аябай эски үзүндүлөрүн изилдешкен. Ал үзүндүлөрдө еврей тамгалары менен жазылган Кудайдын ысмы камтылган. Демек,
Иса Машаяктын күндөрүндөгү грек тилиндеги кол жазмаларда Кудайдын ысмы кездешкен деп айтканга толук негиз бар. Бирок б. з. 4-кылымында «Септуагинтанын» негизги кол жазмалары болуп эсептелген Ватикан кодекси менен Синай кодексинде Башталыш китебинен Малаки китебине чейин Кудайдын ысмы кездешпей калган (ал эми ушуларга чейинки кол жазмаларда бар болчу). Андыктан Кудайдын аты ошол убакка таандык жана сакталып калган Жаңы Келишим деп да коюшкан Грек Жазмаларынын кол жазмаларында да жок болуп калганы таң калыштуу эмес.Иса бир жолу Кудайдан тиленгенде: «Дүйнөдөн тандап, мага берген адамдарыңа ысмыңды ачып берип, тааныттым»,— деген. Ал Атасынын ысмын андан ары да башкаларга ачып бере берерин да айткан
-
Грек Жазмаларынын өзүндө Иса Машаяктын Кудайдын ысмын көп колдонгону, башкаларга да ачып бергиси келгени айтылат. Мисалы, ал бир жолу Кудайдан тиленгенде: «Дүйнөдөн тандап, мага берген адамдарыңа ысмыңды ачып берип, тааныттым»,— деген. Ал Атасынын ысмын андан ары да башкаларга ачып бере берерин да айткан (Жакан 17:6, 11, 12, 26).
-
Грек Жазмалары ыйык рухтун жетеги менен жазылган Ыйык Китептин бөлүгү болгондуктан, андан Жахабанын ысмынын жок болуп кетиши мүмкүн эмес болчу. Б. з. 1-кылымынын орто ченинде элчи Жакып Иерусалимдеги аксакалдарга: «Шымон бизге Кудай өзүнүн ысмы менен атала турган эл чогултуш үчүн башка улуттагыларга назар сала баштаганын эми эле айтып берди»,— деп айткан (Элчилер 15:14). Эгер 1-кылымда Кудайдын ысмын эч ким билбесе же аны эч ким колдонбосо, анын ушинтип айтмактыгы күмөн.
-
Грек Жазмаларында Кудайдын ысмынын кыскача жазылышы кездешет. Алсак, Аян 19:1, 3, 4, 6-аяттарда Кудайдын ысмынын «Жах» деген кыскача жазылышы кездешет. Ал «Жахты даңктагыла» дегенди билдирген «Аллилуя» деген еврей тилиндеги сөздөн келип чыккан. Грек Жазмаларындагы кишилердин да аттарынын көбү Кудайдын ысмы менен байланыштуу болгон. Маселен, бир эмгекке ылайык, Исанын аты «Жахаба — куткаруучу» дегенди билдирет.
-
Жүйүттөрдүн алгачкы эмгектери Грек Жазмаларын жазганга катышкан Исанын жүйүт жолдоочуларынын Кудайдын атын колдонушканын көрсөтүп турат. Тосефтада, болжол менен б. з. 3-кылымында жазылып бүткөн жүйүттөрдүн оозеки
мыйзамдарынын жыйындысында, Иса Машаяктын жолдоочуларынын жана минамдардын [кыязы, Иса Машаяктын жүйүт жолдоочуларынын] китептери, атүгүл алардын Кудайдын аты кездешкен бөлүктөрү да, эгер дем алышы күнү өрт чыгып кетсе, сакталып калбай турганы жазылган. Ошол эле эмгекте б. з. 2-кылымынын башында жашаган галилеялык Йосе деген раввиндин дем алыш күндөн башка күндөрү «алардын [сыягы, Исанын жолдоочуларынын ошол кездеги китептеринин] ичиндеги Кудайдын ысмы кездешкен жерлерди кесип алып, катып коюш» керектигин, ал эми «калганын өрттөп салыш» керектигин айтканы келтирилген. -
Ыйык Китепти изилдеген айрым окумуштуулар Кудайдын ысмы Грек Жазмаларында, сыягы, Еврей Жазмаларынан үзүндүлөр келтирилген үчүн сакталып калган дешет. Бир сөздүктөгү «Жаңы Келишимдеги тетраграмматон» деген макалада: «Ж[аңы] К[елишимдин] алгачкы кол жазмалары пайда болгон убакта тетраграмматон (Кудайдын ысмы), Яхве, Э[ски] К[елишимден] цитата кылынган айрым жерлерде же ошондой жерлердин баарында кездешкен дегенге толук негиз бар»,— деп айтылат («The Anchor Bible Dictionary»). Жорж Хауард деген бир окумуштуу болсо бул тууралуу мындай деген: «Тетраграмма Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары Ыйык Жазма катары эсептеген грек тилиндеги Ыйык Китепте [„Септуагинтада“] кездешкендиктен, Ж[аңы] К[елишимди] жазгандар Еврей Жазмаларынан цитата келтиргенде текстте тетраграмманы колдонгон деп тыянак чыгарса болот».
-
Көптөгөн беделдүү котормочулар Ыйык Китептин Грек Жазмаларында Кудайдын ысмын колдонушкан. Ал котормочулардын эмгектери Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» жарык көргөнгө чейин бир топ жыл мурун эле чыккан. Төмөндө алардын аты-жөнү жана эмгектеринин аталышы көрсөтүлдү: «Ватикан кодексине негизделген Жаңы Келишимдин сөзмө-сөз котормосу», Г. Хейнфеттер (1863); «Эмфэтик Дайаглотт», Б. Уилсон (1864); «Пабылдын азыркы англис тилине которулган каттары», Ж. Б. Стивенс (1898); «Ыйык Пабылдын Римдиктерге жолдогон каты», У. Ж. Рутерфорд (1900); «Жаңы Келишимдеги каттар», Ж. У. Ч. Уонд, Лондондун епискобу (1946). Ошондой эле 20-кылымдын башында Ыйык Китепти испан тилине которгон Пабло Бессон Лука 2:15те жана Жүйүт китебинин 14-аятында «Жехова» (Jehová) деген ысымды колдонгон. Ал эми 100дөн ашуун шилтемеде ал ысым ушундай деп берилиши мүмкүн экенин көрсөткөн. Анткен менен 16-кылымдан тартып эле Ыйык Китептин Грек Жазмаларынын еврей тилиндеги котормолорунда тетраграмматон көп аяттарда кездешкен. Немис тилиндеги эле Грек Жазмаларынын, бери дегенде, 11 котормосунда «Жахаба» (же еврейче «Яхве») деген ысым колдонулган, ал эми башка төрт котормодо «Теңир» деген сөздөн кийин Кудайдын ысмы чарчы кашаанын ичинде берилген. Ыйык Китептин немис тилиндеги 70тен ашык котормосунда Кудайдын ысмы шилтемелерде же түшүндүрмөлөрдө кездешет.
-
Ыйык Китептин 100дөн ашуун котормолорунда Грек Жазмаларында Кудайдын ысмы кездешет. Африкадагы, Америкадагы, Азиядагы, Европадагы жана Тынч океандын тегерегиндеги аралдардагы элдердин тилине которулган Ыйык Китептерде Кудайдын ысмы кеңири колдонулуп келет. ( 2062, 2063-бетти карагыла.) Ал котормолорду жараткандар да Кудайдын ысмын, сыягы, жогорудагы себептерден улам колдонушкан. Грек Жазмаларынын ал айрым котормолору жакында эле жарык көргөн. Маселен, ротуман тилиндеги Ыйык Китепте (1999) Кудайдын ысмы 48 аятта 51 жолу «Жихова» (Jihova) деп берилген. Ал эми Индонезиядагы батак (тоба) тилиндеги Ыйык Китепте (1989) «Жахова» (Jahowa) деп берилген жана 110 жолу кездешет.
Булардын баары Кудайдын ысмы Грек Жазмаларынын түп нускасында кайсы жерде кездешсе, ошол жерлердин баарында турушу керектигин тастыктап турат. «Жаңы дүйнө котормосун» которгондор дал ушундай кылышкан. Алар Кудайдын ысмын терең урматтап, кастарлагандыктан Ыйык Китептин түп нускасында кездешкен жерлерден алып салышкан эмес (Аян 22:18, 19).