A3
Кудайдын Сөзү бизге кантип жеткен?
Ыйык Китептин Автору анын бизге чейин жетишине кам көргөн. Төмөнкү сөздөрдү ал өзү жаздырган:
«Кудайыбыздын сөзү түбөлүккө калат»(Ышая 40:8).
Еврей жана Арамей Жазмаларынын a же Грек Жазмаларынын түп нускасы, байыркы кол жазмалары, бүгүнкү күнгө чейин сакталып калбаса да, жогорудагы сөздөр чындык бойдон кала берет. Азыр колубуздагы Ыйык Китеп байыркы учурда Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган түп нускага дал келет деп айтканга кандай негиз бар?
КУДАЙДЫН СӨЗҮН САКТАП КЕЛГЕН КӨЧҮРМӨЧҮЛӨР
Еврей Жазмалары тууралуу айта турган болсок, алар, негизинен, Кудай өзү бекиткен тартиптин аркасында сакталып калган. Ал өзүнүн сөзүн көчүрүп турууну буйрук кылган b. Алсак, Жахаба Кудай ысрайыл элинин падышаларына Мыйзам китебин өзүнө көчүрүп алышы керектигин буйруган (Мыйзам 17:18). Ошондой эле, анын көрсөтмөсү боюнча, лебилер Мыйзам китебин сактап, анда жазылгандарды элге үйрөтүүгө жоопту болушкан (Мыйзам 31:26; Некемия 8:7). Жүйүттөр Бабылга туткундалып кеткенден кийин көчүрмөчүлөрдүн тобу (соферимдер) пайда болгон (Эзра 7:6). Убакыттын өтүшү менен ошол көчүрмөчүлөр Еврей Жазмаларындагы 39 китептин бир топ көчүрмөсүн жаратышкан.
Кылымдар бою көчүрмөчүлөр ошол китептерди дыкат көчүрүп келишкен. Орто кылымда масореттер деп белгилүү болгон жүйүт элинен чыккан көчүрмөчүлөрдүн тобу ушул ишти улап кеткен. Масореттер көчүргөн эң байыркы кол жазма — бул Ленинград кодекси. Ал б. з. 1008- же 1009-жылына таандык. Ал эми 20-кылымдын ортосунда Жансыз деңиз түрмөктөрү, анын ичинде Ыйык Китептин 220дай кол жазмасы менен алардын бөлүктөрү табылган. Ал табылгалар Ленинград кодексинен миң жылдан ашык
убакыт мурунураак көчүрүлгөн жол жазмалар болуп эсептелет. Жансыз деңиз түрмөктөрүн Ленинград кодекси менен салыштыруу бир маанилүү нерсени бышыктайт: Жансыз деңиз түрмөктөрүндө анча-мынча айырмачылыктар бар. Бирок алардын бири да маалыматтын маанисине таасир этпейт.Грек Жазмаларына кирген 27 китеп жөнүндө эмне дешке болот? Аларды алгач Иса Машаяктын айрым элчилери жана башка шакирттери жазышкан. Жүйүт көчүрмөчүлөрдөй эле, Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары ошол китептерди көчүрүшкөн (Колосалыктарга 4:16). Рим императору Диоклетиан жана башка кишилер Ыйык Китептин кол жазмаларын жок кылганга аракет кылышкан. Ошого карабай миңдеген кол жазмалар жана алардын үзүндүлөрү биздин күндөргө чейин сакталып калган.
Грек Жазмалары башка тилдерге да которула баштаган. Ыйык Китеп алгачкылардан болуп байыркы армян, копт, эфиопия, грузин, латын, сирия тилдерине которулган.
БУЛ КОТОРМО НЕГИЗДЕЛГЕН ЕВРЕЙ, ГРЕК КОЛ ЖАЗМАЛАРЫ
Ыйык Китептин байыркы кол жазмалары бири-бирине коёндой окшош эмес. Анда түп нуска кандай болгонун кайдан билебиз?
Мисалы, бир мугалим 100 окуучуга бир китептин бөлүмүн көчүрүп чыккыла деп айтты дейли. Кийин түп нуска болуп эсептелген ошол бөлүм жок болуп кетсе да, анын 100 көчүрмөсүн салыштырып, түп нускадагы текстте эмне деп жазылганын билип алса болот. Ар бир окуучу ката кетириши мүмкүн. Бирок бипбирдей ката кетириши күмөн. Ошо сыңары, окумуштуулар Ыйык Китептин колдо бар байыркы кол жазмаларынын миңдеген үзүндүлөрүн жана көчүрмөлөрүн салыштырып көрүп, көчүрмөчүлөрдүн каталарын жана түп нуска текстте эмне деп жазылганын аныктап чыга алышат.
«Байыркы эмгектердин бири да мынчалык туура-так берилген эмес деп ишенимдүү айтсак болот»
Ыйык Китептин түп нускасындагы ойлор бизге так-туура жеткенин кайдан билебиз? Еврей Жазмалары жөнүндө Уильям Грин деген окумуштуу: «Байыркы эмгектердин бири да мынчалык туура-так берилген эмес деп ишенимдүү айтсак болот»,— деген. Ал эми Жаңы Келишим деп да коюшкан Грек Жазмалары тууралуу Ыйык Китепти изилдеген Фредерик Брюс деген окумуштуу мындай деп жазган: «Классикалык авторлордун көптөгөн эмгектерине салыштырмалуу, Жаңы Келишимдин тарыхий жактан тактыгын тастыктаган далилдер алда канча көп. Жаңы Келишимдин тууралыгын, тактыгын эч ким
талашка сала албайт. Эгер Жаңы Келишим светтик документтердин жыйындысы боло турган болсо, анда ал бир дагы адис күмөн санабаган документ катары каралмак».Еврей тилиндеги текст. Еврей Жазмаларынын «Жаңы дүйнө котормосу» (1953—1960-ж.) Рудольф Киттель иштеп чыккан «Библия Хибраика» («Biblia Hebraica») деген чыгарылышка негизделген. Андан бери еврей тилиндеги тексттин жаңы чыгарылыштары, алсак, «Библия Хибраика Штутгартензия» жана «Библия Хибраика Куинта» жарык көрдү («Biblia Hebraica Stuttgartensia», «Biblia Hebraica Quinta»). Аларда Жансыз деңиз түрмөктөрүн жана башка байыркы кол жазмаларды изилдөөдө табылган нерселер эске алынган. Ал чыгарылыштарда негизги текст катары Ленинград кодекси колдонулган. Ал эми шилтемелерде Самариялыктардын Тооратынан, Жансыз деңиз түрмөктөрүнөн, грек «Септуагинтасынан», арамей Таргумдарынан, латын «Вульгатасынан» жана сирия «Пешиттасынан» алынган маалымат келтирилген. Англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган чыгарылышынын үстүнөн иштеген комитет «Библия Хибраика Штутгартензия» менен «Библия Хибраика Куинта» чыгарылыштарына кайрылды.
Грек тилиндеги текст. 19-кылымдын аяк ченинде Б. Весткотт менен Ф. Хорт деген окумуштуулар түп нускага мүмкүн болушунча дал келе турган текст даярдаш үчүн Ыйык Китептин ошол кезде колдо бар кол жазмалары менен үзүндүлөрүн салыштырып чыгышкан. 20-кылымдын орто ченинде Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» комитети негиз катары ошол текстти колдонгон. Б. з. 2- жана 3-кылымдарына таандык деп эсептелген папирустар да колдонулган. Андан бери дагы көп папирустар табылды. Мындан тышкары, Нестле-Аландын, ошондой эле Бириккен ыйык китептик коомдордун негизги тексттеринде акыркы изилдөөлөр камтылат. Англис тилиндеги кайра каралган чыгарылыш даярдалып жатканда ошол изилдөөлөр эске алынды.
Жогоруда аталган тексттерге таяна турган болсок, Грек Жазмаларынын эски котормолоруна айрым аяттар кошулуп калганы айкын көрүнүп турат. Ал аяттар Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен жазылган кол жазмаларда болгон эмес. Аларды Ыйык Китепти кийинирээк көчүргөн көчүрмөчүлөр кошуп коюшкан. Кээ бир Ыйык Китептерде бул аяттар жок. Ыйык Китеп 16-кылымда бөлүмдөргө жана аяттарга бөлүнгөндө аяттар ирети менен номурланган. Бирок бош калган жерлери болгон. Сөз төмөнкү аяттар жөнүндө жүрүп жатат: Матай 17:21; 18:11; 23:14; Марк 7:16; 9:44, 46; 11:26; 15:28; Лука 17:36; 23:17; Жакан 5:4; Элчилер 8:37; 15:34; 24:7; 28:29 жана Римдиктерге 16:24. Кайра каралган бул чыгарылышта ошол жок аяттардын номурунан кийин шилтеме берилип, узун сызыкча коюлган.
c.
Ошондой эле Марк китебиндеги (16:9—21) кыска жана узун корутунду, айрым котормолордо кездешкен Жакан китебиндеги (7:53—8:11) үзүндү түп нускада жок болчу. Андыктан шек туудурган ушул аяттар кайра каралган бул чыгарылышка кошулган жокАйрым аяттардагы сүйлөмдөр окумуштуулар түп нускага көбүрөөк дал келет деп эсептеген кол жазмаларга ылайык өзгөртүлдү. Маселен, кээ бир кол жазмаларда Матай 7:13тө: «Тар дарбазадан киргиле, себеби чоң дарбаза менен кенен жол өлүмгө алып барат»,— делет. «Жаңы дүйнө котормосунун» мурунку чыгарылышында «чоң дарбаза» деген сөздөр жок болчу. Кол жазмаларды кылдат изилдөөдөн түп нускада «чоң дарбаза» деген сөздөр бар болчу деген тыянакка келсе болот. Ошон үчүн бул сөздөр кайра каралган чыгарылышта бар. Башка аяттарга да ушул сыяктуу өзгөрүүлөр киргизилди. Алар өтө орчундуу болбогон үчүн Ыйык Китептеги тексттин негизги маанисине таасир эткен жок.
a Мындан аркы текстте Еврей Жазмалары деп берилет.
b Кол жазмаларды көчүрүп туруш керек болгонунун бир себеби түп нуска кол жазмалар чирип, тез жок боло турган материалдарга жазылган.
c Бул аяттар эмне үчүн шектүү деп эсептелери жөнүндө билиш үчүн кыргыз тилиндеги Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» 2011-жылкы чыгарылышындагы шилтемелерди карагыла.