Жакыптын каты 4:1—17
4 Ортоңордогу чыр-чатактар, уруш-талаштар кайдан чыгат? Буга жүрөгүңөрдө күрөш жүргүзүп жаткан жаман каалоолорго жетеленгениңер себеп болуп жаткан жокпу?+
2 Силер кайсы бир нерсени каалайсыңар, бирок каалаган нерсеңерге жетпей жатасыңар. Жек көрөсүңөр*, көз артасыңар, бирок көздөгөнүңөргө жетпей келесиңер. Урушуп-талашып, чатакташып келатасыңар.+ Кудайдан сурабагандыктан каалаганыңарга ээ боло албай жатасыңар.
3 Сурасаңар да, ала албай жатасыңар, анткени туура эмес ниет менен, жаман каалоолоруңарды канааттандырыш үчүн сурап жатасыңар.
4 Кудайдан баш тартып кеткендер*, бул дүйнө менен достошуу Кудайга душман болуу экенин билбейсиңерби? Андыктан ким бул дүйнө менен дос болгусу келсе, ал Кудайга душман болот.+
5 Же Ыйык Жазмадагы: «Көз артканга жакын болгондуктан биз улам бир нерсени эңсей беребиз»,— деген сөздөр бекер айтылган деп ойлойсуңарбы?+
6 Бирок Кудайдын улуу ырайымы бизге андай жакындыгыбызды жеңгенге жардам берет. Ошондуктан Ыйык Жазмада: «Кудай бой көтөргөндөргө каршы,+ ал эми момундарга ырайым кылат»,+— деп айтылат.
7 Ошон үчүн Кудайга баш ийгиле да,+ Ибилиске каршы тургула,+ ошондо ал силерден качат.+
8 Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт.+ Күнөөкөрлөр, жаман иштериңерден арылып, тазалангыла.+ Чечкинсиздер, жүрөгүңөрдү тазалагыла.+
9 Кайгырып-капалангыла, ыйлагыла.+ Күлкүңөр ыйга, кубанычыңар кайгыга айлансын.
10 Жахабанын алдында момун болгула,+ ошондо ал силерди жогору көтөрөт.+
11 Боордошторум, бири-бириңерди жамандаганыңарды токтоткула.+ Ким бир тууганын* жамандаса же айыптап-сындаса, ал Кудайдын мыйзамын жамандап, мыйзамды сындаган болот. Эгерде Кудайдын мыйзамын сындап жатсаң, анда аны аткаруучу болбой эле, сот болуп жатпайсыңбы.
12 Мыйзам чыгаруучу да, сот да жалгыз гана Кудай.+ Ал гана куткара да алат, жок кыла да алат.+ Анда жакыныңды айыптагыдай сен кимсиң?+
13 «Бүгүн же эртең баланча шаарга барып, ал жерде бир жыл жүрөбүз да, соода-сатык кылып, акча таап келебиз»,— дегендер, эми силер кулак салгыла.+
14 Силер эртең эмне болоруңарды билбейсиңер,+ анткени бир азга гана пайда болуп, кайра тарап кетчү бууга* окшошсуңар.+
15 Анын ордуна: «Жахаба кааласа,+ аман болсок, муну же тигини кылабыз»,— дешиңер керек эле.
16 Бирок силер кекирейип, ооз көптүрө мактанып жатасыңар. Мындай мактанчаактык — жаман нерсе.
17 Демек, ким кандай кылса туура болорун билип туруп кылбаса, күнөө кылган болот.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «Киши өлтүрөсүңөр».
^ Сөзмө-сөз: «Ойноштук кылгандар». Бул Кудайга болгон берилгендигин сактабаган адамдарга карата айтылган.
^ Бул Кудайга чогуу сыйынып, бир динди туткан кишини билдирет.
^ Же: «туманга».