Забур 139:1—24

  • Кудай өз кызматчыларын жакшы билет

    • «Рухуңдан качып, кайда барам?» (7)

    • «Мен... кереметтүү жаратылгам» (14)

    • «Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн» (16)

    • «Мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр» (24)

Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры. 139  Оо, Жахаба, сен мени кылдат изилдегенсиң, мени жакшы билесиң.+  2  Качан отуруп, качан турарымды билесиң,+Оюмду алыстан эле баамдайсың.+  3  Жол жүргөнүмдө да, жатканымда да, мени байкап турасың,Баскан жолумдун* баары сага белгилүү.+  4  Оозуман сөзүм чыга электе эле,Оо, Жахаба, сен аны жакшы билесиң.+  5  Мени коргош үчүн алды-артыман курчап турасың,Мени жетектейсиң*.  6  Мени ушунчалык жакшы билериңе айран-таң калам*. Муну акылыма сыйдыра албайм.+  7  Сенин рухуңдан качып, кайда барам,Сен көрө албай турган кайсы жерге барып жашынам?+  8  Асманга чыксам да, сен ошол жакта болмоксуң,Төшөгүмдү көргө* салсам да, ошол жерде болмоксуң.+  9  Таң шооласындай асманды заматта кезип өтүп,Эң алыскы деңиздин жээгине барып консом да, 10  Ошол жерде колуң мени жетелеп жүрмөк,Оң колуң менен мени колдоп турмаксың.+ 11  «Мени караңгылык жашырып калат!» — десем да,Сен үчүн айланамдагы түн жарыктай эле болмок. 12  Караңгылык да сага караңгы болмок эмес,Түн күндүзгүдөй жапжарык болмок;+Караңгылык сен үчүн жарыктай эле.+ 13  Анткени бөйрөктөрүмдү сен жараткансың,Мени энемдин ичинде жашыргансың*.+ 14  Сени даңктайм, анткени мен ары таң каларлык, ары кереметтүү жаратылгам.+ Сенин иштериң кереметтүү,+Муну эң сонун билем. 15  Көзгө көрүнбөгөн жерде жаратылып жатканымда,Жатында өрчүп* жатканымда,Сөөктөрүм сенден жашыруун эмес болчу.+ 16  Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн. Денемдин бардык бөлүктөрү,Алардын качан калыптанарыБири да пайда боло электе эле китебиңе жазылып коюлган. 17  Сенин ойлоруң мен үчүн кандай гана баалуу!+ Оо, Кудай, аларга сан жетпейт!+ 18  Санасам, кумдан да көп болмок.+ Ойгонгонумда да санаганымды уланта бермекмин*.+ 19  Оо, Кудай, ыймансызды сулатсаң кана!+ Ошондо зөөкүрлөр* менден алыстамак, 20  Сен жөнүндө кара ниеттик менен жаман нерселерди айткандар менден алыстамак. Алар — ысмыңды жөнү жок колдонуп жаткан душмандарың.+ 21  Оо, Жахаба, сени жек көргөндөрдү жек көрбөй коёмбу?+ Сага каршы чыккандардан жийиркенбей коёмбу?+ 22  Аларды аябай жек көрөм.+ Алар мага чындап эле душман болуп калышты. 23  Оо, Кудай, мени изилдеп, жүрөгүмдө эмне бар экенин бил.+ Мени текшерип, тынчымды кетирген ойлорумду бил.+ 24  Ичимде мени кооптуу жолго түртө турган эч нерсе жокпу, байкап көр.+ Мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр.+

Шилтемелер

Же: «Эмне кылсам да».
Же: «Колуңду үстүмө коёсуң».
Же: «Ушундай билимге акылым жетпейт».
Еврейче шеол. Сөздүктү кара.
Же балким: «токугансың».
Сөзмө-сөз: «Жердин түбүндө токулуп».
Же балким: «оюмда сен болмоксуң».
Же: «канга забын болгондор».