Забур 67:1—7

  • Жердин учу-кыйырында жашагандар Кудайдан коркот

    • Кудайдын жолу айкын болот (2)

    • «Оо, Кудай, элдер сени даңазаласын» (3,5)

    • «Кудай бизге батасын берет» (6, 7)

Жетекчиге. Кыл аспаптардын коштоосунда аткарылат. Ыр. 67  Оо, Кудай, бизге ырайым кылып, батаңды бересиң,Бизге ыраазы болосуң.+ (Села)  2  Жер жүзү сенин жолуңду билиши үчүн,+Куткаруучу экениңди бүт элдер билиши үчүн ошентесиң.+  3  Оо, Кудай, элдер сени даңазаласын,Бардык элдер даңктасын.  4  Элдер кубансын, шаттана кыйкырсын,+Анткени сен элдерге акыйкат сот жүргүзөсүң,+Жер жүзүндөгү элдерди жетектейсиң. (Села)  5  Оо, Кудай, элдер сени даңазаласын,Бардык элдер даңктасын.  6  Жер өз жемишин берет,+Кудай, биздин Кудай, бизге батасын берет.+  7  Кудай бизге батасын берет,Жердин учу-кыйырында жашагандардын баары андан коркот*.+

Шилтемелер

Же: «аны урматтап-сыйлайт».